Ой, булбул!

Шералиев Жумамүдүн (1915-1994)

Залкар обончу-композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси. Атбашынын Туюкбогошту айылында жарыкка келген. 1936-жылы эл чыгармачылыгынын 1-олимпиадасында жактырылып филармонияга солистикке алынган. Ошентип ак таңдай акындар жана залкар обончу, ырчыларга аралашканы анын обончулук болочогуна чоң жол ачкан.

Обондорунун саны жана сапаты жагынан эч кимди алдына салдырбай өттү. Өмүрүнүн көпчүлүгүн Нарын музыкалуу драмалык театрында музыка бөлүмүн жетектеп, көптөгөн драмаларга музыка жазып, аларды не бир сонун обондор менен шөкөттөдү. Нукура элдик колориттеги обондору элдик, эстрада жана опера ырчыларынын да репертуарынын ажарын ачып келатат. Анын ырларына кайрылбаган ырчы жокко эселиги эле обончунун чыгармачылыгынын деңгээлин айтып турат. Биз сиздерге тартуулай турган элдик сөзгө жазылган “Түшүмдө” аттуу обону айрым булактарга таянсак, 1934-жылы жаралыптыр. Ошентип, 75 жылдан бери эл оозунан түшпөй ырдалып келе жатат. Кымыздан тоё жутуп алып, “ак калпак кийген” керемет жайлоо түндөрүн бир элестетип, кырыңан жатып алып бир созчу, кыргызым. Ырдын ар бир кайрыгынан кайталангыс ырахат аларың бышык. Учурда ушундай ырлар жаралбай, кыргыз баласы керемет обонго суусап турган кези.

Түндөгү менин түшүмдө,
Түйүнүн чечип түшүнсө.
Түңүлбө менден жаш көңүл,
Түбөлүк үчүн түзүлсө.

Абалы менин түшүмдө,
Абайлап эркем түшүнсө.
Алдагы көргөн ал түшүм,
Айныбас үчүн түзүлсө.

Түшүмдө көрүп сени мен,
Түн уйкумдан тим кайтам.
Сен үчүн көргөн түшүмдү,
Өзүңдөн башка кимге айтам.

Санаама түшсөң ар дайым,
Сабылып жүрөк оорутам.
Сен үчүн көргөн түшүмдү,
Сырдашып кимге жорутам.

«Ачык саясат», 27.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.