Муңдуу ырдын мунарасын тургузган Рыспай

Алтымышынчы жылдар ортолоп калган. Айылыбыз жаңыдан ирилешип, электр жарыгы, радио келип, карагайлардагы коңгуроолордон керээли-кечке концерттер берилип дегендей, айтор, бир башкача шаңдуу турмуш башталган. Ал кезде Айталиев, Алмакунов, Мамбетбаев, Шералиев, Түркмөновдордун ырлары популярдуу болуп, жазгы гүлдөй жамыраган ийримдерде кайрыгы жерге тийбей, эл дагы эмнегедир ыр жандуу болуп бараткан. Жаңы ыр чыкса эле жаттайбыз. Мектепти башыбызга көтөрө ырдайбыз. Кийинкисине кулак түрүп калабыз. Бир күнү танаписте таранчыдай чуулдап жүрсөк эле сырттагы радио-коңгуроодон бир укмуш, биз мурда угуп-көрбөгөн, сыйкырдуу кайрыктар чыга баштады. Көбүбүз карагайдын түбүнө жетип барып, коңгуроону тиктеген бойдон дендароо кишидей туруп калдык. Аккордеонго да, үнгө да, ырга да таң калганды айтпаңыз.

Түгөлбай Казаков
Ыр аябай тез бүткөндөй болду
Дагы ырдаса, кайталаса деп турсак, башка бирөө ырдап жиберди (Башкаларды билбейм, менин уккум да келген жок, көп жыл бою ошол ырды ырчысы менен кошо жаман көрүп жүрдүм). Көрсө, ошондо биринчи жолу Рыспай Абдыкадыровдун “Түгөйүмүн” уккан экенбиз. Ошол күндөн баштап аны күтүп, керемет, муңайым үнүн эңсеп, азгырыгынан чыгалбай, мурда ырдап жүргөн ырлардан акырындап алыстап, жаңы, жанды бейпайга салган, уккан сайын кумарды арттырган, сырга толгон сыйкыр дүйнөгө тартылып бараттык.

Жылдар өтө берди. Горизонттон жарк этип көрүнгөн Рыспайдын жылдызы балбылдап көккө чыкты. Теңирим кыргыз, казактай эгизине мээримин бирдей төгүп, эки элдин асманында Рыспай-Шамшы (Калдаяков) деген кош жылдыз жанып турду. Мүнөздөрү, талант деңгээли окшош эки агамдын армандары да окшош болду…

Кыргызда өнөрпоз көп. Обончу, ырчы андан бетер. Жанына жанды теңебегендер четтен чыгат. Мастардын кол чапканын Манастын батасындай көргөндөр да жок эмес. Бирок Рыспайчалык катуу чыккан, бүтүндөй элди заматта баш ийдирип, жүрөгүн ээлеген, кыргыз обонуна жаңы тембр, жаңы диапазон киргизип, текстуралык, формалык төңкөрүштөрдү жасап, атак-даңктын түшкө кирбеген торнадосуна туш болгон, муңдуу ырдын мунарасын тургузуп, анын башында отуз жыл бою күүсүнөн жанбай, өз үнү, өз почерки менен булбул болуп таңшып турган дагы бирөө барбы? Эс тарткандан эки дүйнөнүн босогосун аттаганга чейин эгем берген талантка энедей табынган, жай тирликтин жыргалынан, жеке мамилелерден, атургай көр оокаттан кечсе да, жападан жалгыз оюнчугун кучактаган наристедей ыйык өнөрүн дайыма бооруна кысып жүргөн, түшүмдүү кезде тойдум деп,түшүмсүз кезде койдум деп тыным албаган, намысынан камчы кетирбей, анын жаңы обону кайсы бир бечаранын жанын сактап калчудай тынбай изденген Рыспайдай төп жоргону өнөрлүүсүн ыкшоо, өнөрсүзүн өжөр жараткан кудурет кыргызды сынаш үчүн берген болбосун?

Биз андай сыноолордон көп куладык
Себеби кайсы заман болбосун кыргыздар үчүн өнөрпоз менен сулуу кыз Теңирдин бир элге берген белеги, байлыгы болбой, жан кумарын кандырчу эрмек катары каралып келет. Ошондон уламбы, концертке чогуу чыкканда элге: “Жаныбызда тирүү классик турат” – десем, улуу обончу уялып кетер эле…

Инсан болуш үчүн жалгыз өнөр жетишсиз. XIV кылымдагы жанын чындыкка алмашкан Толубай менен Токтогулдай, өз улуулугун таамай баамдаган Жеңижок менен Калыгулдай, акты ак, караны кара деп ачык айталган, акмактын жылуу үйүндө аш ичкенден көрө, ай-талаада бурганакка төш тосконду артык көргөн Атай менен Рыспайдай азамат болуп туулмайынча тарыхтын эшигин каккылагандан пайда жок.

Анын кыялы татаал эле дешет. Меники да оңой эмес. Бирок биз тааныш болгон 27 жылда ар кандай шартта жүргөндө да, жүрөктүн шыйпаң суусуна түшкөн күндөрдө да, сирке суу көтөрбөй турган кездерде да мен ал кишинин мээриминен башкага туш болбодум…

Кээде мага мындай бир ой келет: Теңирим Рыспай аганы жаратарда, алыстан көрүнүп жүрсүн деп шыңга бойду, жандүйнөсүнүн күзгүсү тунук болсун деп, ботодой жайнаган көздөрдү, кулактан кирип бойду алып турсун деп, жумшак муң коштогон, ачык асмандай шаңкайган, торгойдун канатындай бир тегиз дирилдеген ширин үндү, жаны тынбай болкулдап, ар нерсени өзү аркылуу жүгүртүп, ой-санаасын дүргүтүп, илхамын ойготуп, кыялын ойнотуп турсун деп, кайнар булактай тынчы жок жүрөктү, жаркырап күйүп турсун деп, маңдайына жылдызды, жарылып учуп чыксын деп, жаратман духту, талантты, анан да далай бактысыз өнөрпоздордой болуп чыгармалары көкүрөгүнөн сызылып келип же кагазга түшпөй, же аспапка чыкпай калбасын деп, безилдеген манжаларды, айтор, төпжорго жанга не керек болсо, ошонун баарын шашпай, өз кереметине жууруп туруп жасап, анан өзү бир сыйра маашырлана карап көрүп суктанып: “Кой, муну элине тезирээк жеткизейин” – деп, ашыгып, кыял-жоругун чампалай салып, жарыкка чыгарып, тагдырдын колуна салып берсе керек. Тагдыр болсо улуу күч. Адамды инсан кылам десе ар түрдүү жолго салат. Алардын экөө маалым: Бири – ар баскан кадамына гүл өнгөн, бак айтылган даңгыр жол. Ал жолдогу адамды Замана өзү колдон-буттан алып дегендей, жасап алат. Убактылуу. Замана менен кошо кетет. Кайтпайт. Жасалма инсан. Экинчиси – чыныгы таланттуулардын жолу. Алардын турмушу сыртынан бакыбат көрүнүшү да мүмкүн.

Бирок аларды өмүр бою бир арман коштойт
Ал армандын тек-жайын өздөрү да түшүндүрүп бере алышпайт. Качан болсо жүрөгүн бир муң чымчылап, жандүйнөсү тынчыбай, улуулуктун чегеси жүлүнгө сайылып турганы турган. Көккө умтулган албуут күч көр дүйнөнү, ыбырсыган жай тирликти жаткылып, кайсы бир жерде жашынып жаткансыган керемет дүйнөгө азгырып, бирде календер чапан жамынтып, бирде билбегенди сагынтып, бирде күл калтырбай күйгүзүп, бирде акылман калпак кийгизип, бирде чыбык атты мингизип, бир көргөнүн кул көрбөй, бир көргөнүн хан көрбөй, ыйлатып да күлдүрүп, кубанычынан кайгысы арбын, чындыгын жалган кыйнаган, чын тийбестер каткырып, чын адамдар ыйлаган, кааласа гүл ордуна өкүт өскөн адырлар менен, кааласа суу тааныбас такырлар менен, ташпиши арбын өмүрдүн көөнөргөн жолунда жетелеп жүрүп отурар экен.

Турмуш ошол. Бардыгы бир жолдо келаткандай сезиле берет турбайбы. Жаныңда жүргөн жакын адамыңдын кандай тагдырга туш болгонун толук аңдабай, анын ичинде нечен жылдап жаткан жанар тоосунан кайнап буу чыкса, көрпенделик кылып жай үшкүрүк катары кабыл алып, мөлтүлдөп аккан магмасын демейки көз жаш деп, кыял-жоругун социалисттик реализмдин оң каарманынын эт туурагычынан өткөзүп, ал-жай сурашканды сырдаштык деп, сахнага чогуу чыкканды ырдаштык деп жүрүп, анын жандүйнөсүнүн четин да ачып көрө албай калганыңды сезген арман эмей эмне?!

Рыспай ойдо жок жерден эчкирип ыйлап жиберер эле
Мунун себебин ушу күндө ким билет? Кээде олуттуу, акылдуу сүйлөп келатып эле оюн салып бала болуп кетер эле. Балким, тагдыр буюрган жолдо баратып, жай турмушка кайрыла калып, андан тез эле зеригип, кайра өз жолуна кайтып жүргөн учурдур. А балким, чыгармачылыктын кезектеги түйшүктүү сапарынан чаалыгып кайтканда, көңүлү азып, көкүрөгү бошоп, өзү ырдагандай нечен ирет мээрим издеп, өзүн өзү кыйнап, адамдардын арасынан мемиреген бир бейпилдик табылар бекен деп кайрылганда, алардын көр оокаттан баштары чыкпай жатканын көрүп, буларга Апендиден башканын кереги жок окшойт деп купшуңдап, куудулданып коюп кайтып кетип жүргөндүр. Ким билет. Булар бир божомол деңизчи.

Талант – товар эмес. Ал табияттын элге берген белеги. Ошол элди сынаш үчүн берет.

Улуу эл жапызын өргө түртүп чыгарса, пас эл бийигин көргө сүйрөп түшүрөт
…Бир нече жыл мурда экөөбүз концерт коюп жүрсөк Рыспай аке айтып калды:

– Эй, үкам! Билесиңби, Шамшы Калдаяков 1931-жылкы, мен 1941-жылкы, сен 1951-жылкы экенсиң. Ортосу он жашпы? Эми туулган күндөрдү кара. Арасы он күндөн. Эй, жайында мен отпускага чыкканда экөөбүз Шамшы акага барып учурашып келбейлиби?

Бара турган болдук. Рыспай ага Шамшы менен Чымкентте кантип жолугуп, эки-үч күн эки дүйнөнүн ортосунда жүрүшкөнүн айтып берди.

Арадан аз убакыт өтпөй эле Шамшы Калдаяковдун каза болгонун уктук. Рыспай ага аябай өксүп ыйлады…

Эми экөө тең жок. Теңирим бул эки чоң талантты эки элге опокшош кылып жараткан экен. Куштун эки канатындай, экөө эки элдин өнөрүн бийикке алып чыкты. Эки элди алыска таанытышты. Бирок эки эл тең өз перзенттерин маңдайына сыйгыза алган жок. Экөө тең дүңгүрөп катуу чыккан. Экөө тең чыныгы баасын албай кетти. Экөөнүн тең ырлары наркын жоготкон жок.

Бир аз айырма бар экен. Шамшыкең убагында “оюн салып” дегендей жүргөндө Кунаев үч жолу чакыртып, кабыл алып, Алматыдан үй бердирип, ишке киргизип ж.б. жардамдарды берген экен.

Рыспай аганын андайды эскергенин укканым жок. Шамшы дүйнөдөн композитор деген ат менен өттү. Бул сөз дүйнөгө маалым. Рыспай дүйнөдөн кыргыздан башка эч ким түшүнбөгөн обончу деген ат менен жерге коюлду. Экөө тең татыктуу баасын алган жок. Ушуга келгенде эки элдин жетекчилиги (партократы да, демократы да) майдаланып туруп алды. Бийлик алардын талантын көрүп-билип турса да, өз короосунда көздөрү кибиңдеп, кулактары дирилдеп байланып турган арзымат авторлордон Рыспай менен Шамшы алда канча бийик экенин сезип турса да, бир чети бийликтен элди тартып алганына ич күйдүлүк кылып, экинчи жагынан экөө байлоого көнбөй кайып болуп турганына жини кайнап, анысын ачык айталбай, айласы кеткенде булардын баскан-турганына асылып, сый ургаалдан четтетип, “азоого чалма” саясатын жүргүзүп келди. Кайрандардын таланты бааланбай, бийликке болгон мамилеси “бааланды”.

Бул күндө Рыспайдын да, Шамшынын да бучкагына тең келбеген “Эл артисттери” эки республикадан тең арбын табылат. Бирок экөө тең Алыкул сыяктуу мезгил карытып, кайтып келчү инсандар. Себеби суу канча ылайланса, таза булактын кадыры ошончо көтөрүлөт эмеспи.

Рыспай Абдыкадыровдун “Эсиңдеби” деген ыры бар
Сөзү Жакшылык Алымовдуку. Ал экөө ага чейин “Түгөйүм”, “Таанышыңдай карагын”, “Сага” деген ырлары менен угармандарын “жинди” кылып, алардын саны күн санап өсүп жаткан кези экен. Өздөрүнүн да кагаз кармаса эле казалы төгүлүп, оозун ачса эле обон чыгып турган учуру окшойт.

Бир кечеде экөө мелдеше кетишет. Берилген темага акын канча убакытта сөз жазса, обончу ошончо убакытта обонун чыгармак болот. Мелдештин бир да шарты бузулбай, “Эсиңдеби” деген керемет ыр ошол түнү жаралганын Жакшылык аба айтып берди эле. Кайран гана жаштык кез, кайран гана жүрөктүн шыйпаң суусу! Экөө кошулганда не деген эрдик жаралбайт!

Ошентип ыр чыгат да, гобойдо Телман Сыдыков коштоп, обончунун шаңкылдаган үнү менен республиканын булуң-бурчуна дуу дей түшөт.

Аны ырдабаган киши деле калбайт. Ошондо махабаты көл жээктеги сары кумга жайнап өскөн гүлдөрдөн башталып (“Жээктеги кумга уй чычып кетип эле бирдеме өспөсө, кайдагы гүл” – деп Жакшылык аба өзүн сындап калар эле), аягында сүйгөнүнөн айрылып, жүрөгүн үмүт менен дарылап жүргөн кишилер жайнап кеткен. Ырдын мааниси ушундай эмеспи. Анан калса бирөөнүн сүйгөнүн өзүнүкүндөй даңктаган, аялга арналган ырды аялдар ырдап (башка элде “лесбиянка” атка конушмак), эркекке арналган ырды эркектер ырдай берген (орустар мындайларды “голубойлор” дешет), оңой менен акылга сыйбаган жакшы элбиз. Бул эми сөздөн улам айтылып кетти.

“Эсиңдеби” – табышкандарга таберик, ажырашкандарга арман болуп берди. Кайсы гана аспапка салынган жок да, кимдер гана ырдаган жок. Бирок бул ыр боюнча менин өзүнчө арманым бар…

1991-жылы кышында Рыспай акенин 50 жылдыгы өтүп калды
Тойго чакырбаса да барчулар четтен чыгат экен, чилдеге карабай бир короо болуп, Ошко бардык (кийин, мемиреген күздө көзү өткөндө далайынын карааны көздөн учту го!). Ошо кездеги обкомдун биринчиси Батыралы Сыдыков менен облаткомдун орун басары Асылгүл Абдрехменованын күнү-түнү жасаган көзөмөлүнөн улам кечээ эле бүтпөй кала тургансыган иштер бүгүн ойдогудай өтүп жатты. Чоң концерттин программасы түзүлдү, даярдалды, Ош драма театрында башталып да кетти. Өнөрпоздор биринен сала экинчиси залды дуулдатып жатат. Рыспай аке экөөбүз сүйлөшүп турабыз.

– Программада жаңылык жок болуп жатат, – десем:

– Экөөбүз жасабайлыбы, – деди.

– Кайсыны?

– “Эсиңдебини”.

– Жашыңыз улуу, сиз биринчи бир партиясын алыңыз, калганын мен ырдайын.

– Болду үкам, мен гобойду алдым.

Аңгыча ал кишини сахнага чакырып калды.

– “Эсиңдебини” айтканда чыга бер, – деди.

Чынымды айтайын, толкундап турдум. Репетиция болбой калды. Сахнадан биринчи жолу экөөбүз эки аккордеондо эки башка партия ойноп, эки үн менен эл алдына түз эле ырдап жибергени жатсак… куру дегенде бир жолу кайталап алсак эмне!?

Теңир колдодубу, тажрыйба жөлөдүбү, же элдин демиби, айтор, бир да жеринен жаңылбай аягына чыгып кеттик. Чынында эле жаңылык болду! Болору болду, бирок ошол ыр экөөбүздүн аткаруубузда ошончо камера, магнитофондун бирине да илинбептир. Ошол учурда баары эс алып калышкан экен… кийин сыйпалап таппай калдык…

Рыспай аке борборго келгенде радиого жаздыралы деп жүрдүк. Мына-ана, эмкиде дегиче а киши нары карап кетти.

Кийин 60 жылдыгында “Эсиңдебини” кайрадан сахнага алып чыкканга түгөй таппай калдым. Рыспай акебиздин ичинде эч ким ордуна коё алгыс сыр кете бергенин ошондо билдик…

«Заман-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07. 09.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.