Кыргыздын чыгаан уулу Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманова атасынын китебин кайра басып чыгарууда демөөрчүлөргө муктаж

Кыргызстандын алгачкы эл комиссариатынын төрагасы Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманова атасынын 1990-жылы чыгарылган китебин кайра чыгаруу максаты менен коомчулуктан жардам сурады. Бул тууралуу Л.Абдрахманова “Замандаш-пресс” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

“Мен 1990-жылы атам жөнүндө толук маалыматтарды ала алган эмесмин. Анда республиканын КГБсынын архиви жаңы гана ачылып, ал жактан атамдын кол жазма китебин жана күндөлүгүн гана таба алдым. Ошо кезде көздөрү тирүү турган атамдын достору жана аны тааныган адамдардын жардамы менен “1916. Күндөлүктөр. Сталинге кат” деген китеп чыгарганбыз. Бирок, анын нускасы болгону сегиз миң гана болуп чыккан. Эми ошол китепти толуктап, кайрадан басып чыгарууга мезгил келди. Мен ойлойм, кыргыздын кыйын уулу тууралуу китеп Кыргызстан үчүн күйгөн патриотторду кайдыгер калтырбайт. Алар Жусуп Абдрахманов сыяктуу чыгаан бабаларынын элине кылган эмгектерин баалап, жардам беришет деген үмүттөмүн”, деди Ленина Жусуповна.

Эсиңиздерге сала кетсек, Жусуп Абдрахманов кыргыздын чыгаан уулу, Кыргызстандын автономдуу облус, кийинчерээк союздук республика катары калыптанышына эбегейсиз салымын кошкон инсан катары белгилүү. Ал В.И.Ленин, И.В.Сталин менен жекече жолугушуп, В.Маяковский сыяктуу адабият шаалары менен да тааныштыгы бар болгон. 1937-жылы сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп, азыркы “Ата-Бейит” мемориалдык комплекси жайгашкан жерде Кыргызстандын белдүү уулдарынын катарында атылган. 1958-жылы “эл душманы” деген жалган жалаанын айынан атылгандар акталганда, Ж.Абдрахманов да алардын катарында акталган.

Ж.Абдрахмановдун беш баласы болгон. Эки уулу Улуу Ата Мекендик согушта Мекенк коргоп курман болушса, бир кызы да ошол убакта каза болгон. Учурда Ленина Жусуповна Бишкекте жашайт, жашы 74кө таяды. Ал эми анын 82 жаштагы бир тууган эжеси Казакстанда жашайт.

Л.Абдрахманова Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси, 18 жыл гальваникалык цехте, андан кийин башка ишканаларда иштеген. Учурда атасы акталгандан кийин мамлекет тарабынан берилген эки бөлмөлүү квартирада он кишиден турган үй-бүлөсү менен жашайт. Мамлекеттен 2 миң сом өлчөмүндөгү пенсия алат.

Zpress.kg” МА, 24.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.