Борбордо кийизден жасалган буюмдарды сатуу көргөзмөсү өтөт

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук искусство музейинде 27-февралдан тартып 10-мартка чейин кийиздерден жасалагн буюмдарды сатуу көргөзмөсү өтөт. Бул жөнүндө “КАБАР” агенттигине “Бүкөн” Фельт Арт студиясынын менеджери Римма Абдрасулова билдирди.

Анын сөзүнө караганда быйылкы жылы мындай көргөзмө биринчи жолу өтүүдө. Ушул кезге чейин студия өзүнүн буюмдарын башка бир нече көргөзмөдө келгендерге сунуштаган. Бардык продукция кол менен жасалат, мисалы моюн орогучтар жибектен жасалган. Мындан тышкары көргөзмөдө аксессуарлар, интерьер буюмдары жана кийим-кечектер көрсөтүлмөкчү.

А.Мураталиева, “КАБАР” МА, 23.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.