Манас академиясынын академиктери аталды
Кыргыз улуттук «Манас-ордо» комплекси 2008-жылдын март айында Коомдук Манас академиясын (КМА) уюштургандыгын жазган элек. Эми ошол академия алгачкы академиктерин аныкташты. Алар төмөнкү инсандар болуп калды:
Абдылдажан Акматалиев, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор — Сагымбай менен Саякбайдын варианттары боюнча «Манас» эпосунун академиялык басылышына жетекчилик кылгандыгы жана «Эл адабияттары» сериясы боюнча 30 томдук залкар эмгекти жараткандыгы үчүн;
Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер — 1990-1995-жылдары Талас областынын мектептерине «Манас» жана «Ыйман» сабактарын киргизгендиги, Кыргыз улуттук «Манас-ордо» комплексинин курулуш иштерине жардам бергендиги жана кыргыз элинин дүйнө таанымы, тарыхы боюнча китептери үчүн;
Бактыбек Максүтов, жазуучу, публицист — «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторунун кара сөз вариантын иштеп чыккандыгы жана аларды элге тараткандыгы үчүн;
Кален Садыкова, жазуучу, журналист, коомдук ишмер — «Кыргыз тарыхы» жана «Чачылган кыргыздар» деген илимий тарыхый эмгектери үчүн;
Бектур Исаков, КРдин Эл мугалими — «Манас» эпосун окутуу (1989), «Манас сабагы» (1994), «Манастын жети осуяты» (1997), «Манас наама» (2005), Манас таануу боюнча он китептен турган түрмөктөрү, 5-6-класстар, 7-9-класстар үчүн «Кыргыз тили», 5-класстын «Биздин адабият», 8-класстын «Кыргыз адабияты» окуу китептери үчүн Манас Ата сыйлыгынын лауреаты наамы ыйгарылды.
Түгөлбай Казаков, УТРКнын «Ибарат» маданий агартуу борборунун директору, обончу — телевидениедеги «Улутман» көрсөтүүсү жана «Насыйкат» күүсүн ырдоого ылайыкташтырып иштеп чыккандыгы үчүн;
Жеңишбек Жаныбеков «Интергласс» ЖЧКсынын башкы директору — сапаттуу такта айнек продукцияларын чыгаруу менен эл аралык деңгээлде таанылгандыгы жана мектептерге кылган демөөрчүлүгү үчүн;
Сейиткадыр Асаналиев, «Гүлчынар» басмаканасынын директору — «Манас» темасындагы китептерди, кыргыз тилин окутуу боюнча колдонмолору, улуттук нарк-насил боюнча эмгектерди сапаттуу басып чыгарып жаткандыгы үчүн «Айкөл Манас» медалы менен сыйланышты.
«Zaman-Кыргызстан» (20.02.2009-ж.)