Быйыл Ч.Айтматовдун “Тоолор ураганда” романы басылып чыкмакчы

Быйылкы жылы Ч.Айтматовдун «Тоолор ураганда» романы басылып чыкмакчы. Бул жөнүндө кечээ «Ала-Арча» резиденциясындагы басма сөз конференциясында Маданият жана маалымат министри билдирди.

Анын сөзүнө караганда өткөн жылы жазуучунун 80 жылдыгына карата анын чыгармаларынын кыргыз тилиндеги 8 томдук жыйнагы 3 миң нуска менен басылып чыккан. Министирликтин планында Ч.Айтматовдун орус тилинде 8 томдугун басып чыгаруу да бар.

А.Мураталиева, «Кабар» МА, 27.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.