Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” кино студиясынын деректири, режиссер Бакыт Карагулов: “Актердун үстүнө чоң таш кулап”

Жазуучу, журналист Бекен Назаралиевдин аңгемесинин негизинде режиссер Бакыт Карагулов “Бешик” аттуу жаңы фильм тартып бүттү. Анда адамдын ачуу-таттуу тагдыры, турмуштун оош-кыйыштары ачык сүрөттөлөт. Тасмада баш каармандарды кыргыздын белгилүү артисттери Мукамбет Токтобаев, Акылбек Абдыкалыков, Рысбек Жумабаев жана Бакыт Мукулдар аткарды. Жаңы тартылган тасманын өзөгү, жалпы эле бүгүнкү кыргыз киносунун ахыбалы тууралуу Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясынын деректири, режиссер Бакыт Карагуловду кепке тарттык.

– “Бешик” фильмиңиздин жаралыш тарыхынан кеп козгосоңуз?

– Журналист Бекен Назаралиевдин сезимге ой калтырган чыгармаларын дайыма окуйм. Ошолордун ичинен адамдын тагдырын чагылдырган аңгемесин алып, сценарийин жазып, ушул фильмди тартып калдым. Жусуп Бакиев фонду каржылоого жардам берди. Жаныш Салиевичке рахмат, өзү демилге көтөрүп “Кыргызфильмге” жардам берип атат. Он төрт сааттык фильм тартканбыз, 40 мүнөттүк фильм кылып монтаждап атабыз. Өзөгү-бир айылдык чабандын үйбүлөсүн мал-жаны менен бүт бир түндө сел алып кетет. Анан ал шордуу тагдырын башкармага айтайын десе башкарма сөзүн укпай тилдеп, сөгүп кубалап жибергени аз келгенсип, “башкармага кол көтөрдү” деп чабанды он беш жылга эркинен ажыратат. Түрмөгө жатып чыгат, оюнда “бир да жан калбай селде калып өлдү” дейт. Бирок жыйырма жылдан соң алыс жолго аттанып, авто бекеттен таксиге түшүп баратып машиненин үстүндөгү бешикти таанып, машинедегилерге башынан өткөн турмушун төкпөй-чачпай айтып берет. Селден калган бешикти таап алган киши менен таанышып, анын көмөгү менен барып кызын көрөт. Жанына жакын басып барбастан, алыстан кызынын жүзүн таанып, апасына окшоштурат. Өзүнүн тагдыры жалгыз экенине карабай, кызынын тирүү экенине ыраазы болуп, турмушун бузгусу келбей кетип калат. Ал эми чабанды жалган жалаа менен соттотуп жиберген башкарма турмушунун өзгөрүүсү заманга туура келбей ичип, селсаяк болуп көчөдө калат. Акырында экөө жолугат.

– Тасма болгон окуянын негизинде тартылган турбайбы…

– Жазуучу болгон окуяны көркөмдөп жазыптыр. Азыр чыныгы турмушта ошол кыз да бар экен. Негизи сел деген тагдыр дегенди түшүндүрөт. Бул тасма да эки адамдын карама-каршы тагдырын ачып сүрөттөйт. Себеби, турмушта жакшылык, жамандыкты ар адам ар башка көтөрөт эмеспи. Бири кандай кыйынчылыктар болсо да чыдап, “тагдырдын башка салганы” деп көтөрсө, экинчиси, тескерисинче башына каран түн түшкөнсүп, маңдайына жазылган жазмышты көтөрө албай ичкиликке берилип, акыры көчөдө калып атпайбы. Биз да ушундай эки адамдын тагдырын чагылдырдык. Кытайдын бир окумуштуусу “бир эле убакта эки бала төрөлөт. Убакыт өткөн сайын бири курчуп, алдыга озот, экинчиси артка кетип, алсырап өсөт” деген экен. Биз да ошол акылмандын айтканын чечмеледик деп ойлойм.

– Дилетанттар өз алдынча кино студия ачып болбогон тасма тартып элге тартуулап атышат. Ушундай баш аламандыкка оюңуз кандай?

– Мына азыр менин алдымда “Шайтан араба” деген тасма турат. Продюсери келиптир, сүйлөштүк. Сценарийи жакшы, идеясы жакшы болгон менен профессионалдуулук таптакыр жок. Продюсери акчасын төлөсө, режиссер өзөгүн туура түшүнгөн эмес экен. Ошондуктан буга окшогон тасмалардын өмүрү бир күндүк болуп атпайбы. Азыр өзүнчө кино студия ачмак турсун тойдо тарткан камера менен ар түркүн фильмдерди тартып атышат. Катышкандар артисттер эмес, режиссердун туугандары, жээни, аяш апасы же тайэжеси. Айтор карапайым көчөдөгү кишилер. Анан кантип жакшы нерсе жаралат? Премьерасы болгондо да биринчи күнү ошол туугандары келет, эртеси эч ким жок. Бул кыргыз кино сүйүүчүлөрүнүн табитин бузуп жатат. 1926-жылдан да бир топ төмөн деңгээлге түшүп кеттик. Ошондо “Крытый фургон” деген Айша Карасаева ойногон кино бар. Ал азыркы тартылып аткан көчө фильмдеринен он эсе жогору. Азыр сапаты жок бир тасманы тарта калып, “кино тартып салдык” деп атышпайбы. Мейли тарта берсин ага каршылыгыбыз жок, акчаң болсо бардык нерсени жасаганга болот. Бирок, улуу искусствону, чыгармачылыкты бийик кармап, анын табитин бузбай, жогорку деңгээлде кармашыбыз керек. Бизди профессионалдар дейт. Башкалар фильм тартып атканына каршылык көрсөтө албайбыз. Кандай болгон күндө да “бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген сөз бар го, анын сыңарындай кандай нерсе болбосун чебер жасаганы жакшы эмеспи. Азыр жөн эле кино деп тартып аткандардын жаратканы көпчүлүккө жаккан жери жок. Анткени ал жерде же ою, же идеясы жок. Түшүнүксүз бир жагдайды ким карагысы келсин.

– Профессионалдар тарткан фильмдер мыкты чыгат деген ойду айттыңыз. Ал эми Темир Бирназаров тарткан “Белгисиз маршрут” фильминде мыкты ой айтылып, азыркы турмуш жакшы сүрөттөлсө да карапайым эл жакшы түшүнө албай, “чуркураган бирдемени тартып салыптыр” деп атышпайбы?

– “Белгисиз маршурттун” өзүнүн тагдыры бар. Биз деле, барыбыз бир эле маршрутта баратабыз. Ар кимибиздин тагдырыбыз ар башка. Ар кандай кишилер бар. Ошону ачып көрсөтөйүн деген. Себеби бизде биринчи жолу ушундай автобустун ичинде тагдырды тарткан алгачкы фильм болгондугу үчүн көпчүлүккө кыйын болуп атат. Темирдин ал фильминде чоң ой жатат. Италияда биринчи Федерико Феллини кеменин ичинде тагдырды тарткан. Экинчиси Темирдин фильми автобустун ичиндеги ар кандай адамдардын тагдыры болду. Анын ичинде бузулган кыз, аракеч, молдо, ууру, акын, алдамчы, соодагер дегеле койчу барысы бар. Муну мезгил өткөн сайын адамдар түшүнөт деп ойлойм. Себеби бул фильмде турмуш кенен сүрөттөлүп, “кайда баратабыз” деген суроо жатат. “Белгисиз маршруттун” өзүнүн көрөрманы бар тасма.

– Учурда мамлекеттин көзүн карабастан сырттан демөөрчү издеп, мыкты фильмдерди тартуу улануудабы?

– “Бешик” фильми меценаттардын жардамы менен тартылды. Алдыда Баткен окуясы, түркүн тагдырлар тууралуу жаңы фильмдин сценарийин Бекен Назаралиев жазууда. Буюрса толук метраждуу фильм тартылганы турат. Мамлекеттин акчасынан сырткары демөөрчүлөрдүн жардамы да тиет. Себеби бул чоң бюджетти талап кылат. Россия мененби, америкалыктар мененби же казактар мененби, айтор башка өлкө менен биргеликте тартабыз. Албетте, өкмөт акча бөлүп атат, бирок ал замандын талабына ылайык фильм тартууга толугу менен жетпей жатпайбы. Ошондуктан меценаттардын жардамына муктажбыз. “Белгисиз маршрутту” өз күчүбүз менен чыгардык. Эми “Арапты үйлөндүргөндө” деген фильмди май айынан баштап тарта баштайбыз. Бир учурда бизде араптардан студенттер көп келип, учкуч болушкан да. Анан алардан калган балдардын тагдыры жөнүндө комедиялуу жанрдагы тасманы баштайбыз. Азыр өзүбүздүн фильмдердин прокатын өлкөбүздө жана башка жактарга сатуунун структураларын иштеп жатабыз, менимче өз киндигибизди өзүбүз кестик десек жаңылышпайбыз.

– Кайсы жерлерде тартылды?

– Жалалабатта, Төө Ашууда, Ала-Белде, Көлдө тарттык. Фильмдин өткөн мезгили Көл жергесинде, азыркы учуру Жалалабатта тартылды. Калганын жолдон тарттык. Кай бир жерлери Бишкектен тартылды. Апрелдин башында премьерасын элге тартуулайбыз.

– Тасманы тартып аткан учурда кандай кызыктуу окуялар болду?

– Сегиз тонналык жана он эки тонналык өрт өчүргөн унаалар менен селди тарттык да. Дөңдү карай актер чыгыш керек болчу. Рысбек Жумабаев деген актер жарга ортолоп чыгып келгенде үстүнө чоң таш кулабадыбы. Ийинине катуу тийсе керек, эси ооп жыгылып калыптыр. Биз анын эсин жоготконун билбей, “кыймылдаба” деп тарта бериптирбиз. Бир маалда такыр дымы чыкпай калганын байкап, “өлдү го” деп дүйнөбүз куурулуп кетти. Кудай жалгап аман, бирок бир аз сыркоолоп калды. “Искусство требуют жертв” дегендей “кино тартабыз”деп аз жерден азаматыбыздан айрылып кала жаздадык. Дагы бир бөлүгүн Төө-Ашууда тартып атабыз. Кыштын ызгаары, 40 градус суук, кар сапырылып укмуштуудай шамал, түкүрсөң түкүрүгүң жерге түшпөй тоңгон мезгил эле. Биз бороонго карабай бешикти тапкан жерин тарттык. Жолдо ары-бери өткөн эл машиненин айнегинен бизди таң кала карап өтүп атышат. Азыр ойлоп “булар өлө турган жандар экен, суукка карабай, суу кечип, азап чегип жүрүшөт” деп таң калса керек деген ой кетет. Бу да болсо чыгармачылыктын азабы.

Бурул МУСАБЕКОВА, «Айат пресс», 26.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.