“Сүймөнкул Чокморов” атындагы фонддун уюштуруучулары таластыктар менен жолугушту

“Сүймөнкул Чокморов” атындагы фонддун жетекчиси, Чүй облусунун мурдагы губернатору Сагынбек Абдрахманов, Чокморовдун бир тууган агасы Сүйөркул Чокморов Талас облустук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында ж жергиликтүү массалык маалымат каражаттарыныни өкүлөрү менен жолугушту.

– Чокморов мага тууганчылык жагынан эч ким эмес. Мен жөн гана Сүймөнкул Чокморовдун эмгегин баалаган, талантына таазим эткен жөнөкөй кыргыз жаранымын. Фондду ачаар алдында туугандарына, агаларына барып, кыргыздын ырым-жырымын жасап, “ушундай фонд ачып, ушундай иштерди кылалы” деп, уруксат сурадык. Баардыгы макул болушту. Түлөө өткөрүп, Сүймөнкулдун кичүү баласы Эргулду ээрчитип, Ала-Арча бейитине барып, куран окутуп келдик, дейт, фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов.

Сагынбек Абдрахмановдун максаты Сүймөнкул Чокморов туулуп, өскөн Чоң-Таш айлына Сүймөнкул Чокморовдун музейин, мемориалдык комплексин куруу, Оштогу Сулайман тоосуна, Манас Ордо комлексине эстелигин тургузуу. “Сүймөнкул Чокморов” атындагы фонд түзүлгөнүнө 5 айдын жүзү болду. Чүй, Ысык-Көл, Нарын дубандарында марафондор өткөрүлүп, эми марафон кезеги Таласта.

7-августтан 14 августка чейин Талас жергесинде Сүймөнкул Чокморовдун музейин, мемориалдык комплексин куруу үчүн марафон өтөт.

Мира Сейдикеримова

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.