М. Рудов: Кыргыз адабиятын дүйнөлүк адабиятка орус тили аркылуу кошуу керек

Кыргыз адабиятын дүйнөлүк адабиятка орус тили аркылуу кошуу керек. Бул туурасында бүгүн “КАБАР” агенттигине Кыргыз-Россия славян университетинин Илим изилдөө институтунун деректири Михаил Рудов билдирди.

Анын айтымында ар кыл элдердин көп эпикалык чыгармалары жана руханий мурасы башка чет тилдерге орус тили аркылуу которулат. Анткени орус тили протеистик вазипаны аткарат, башкача айтканда дүйнөлүк маданиятты өзүнүн котормолорунда топтоштурат. Окурмандардын кеңири чөйрөсү кыргыз искусствосунун жана кыргыз адабияттарынын башаттарын начар билет.

Азыркы убакта Казакстанда дүйнөлүк фольклордун 100 тому басылууда, ал эми кыргыздарда эпикалык чыгармалардын булагы салыштыргыс, кыргыздардын руханий турмушунун негизги казынасынын чети али оюла элек.

“Аккан суу”, “Дүнүйө” сыяктуу чыгармаларда өтө терең философия, элдин турмуш тиричилигине терең ой жүгүртүү жатат. Совет мезгилинде котормонун тандоочулук саясаты болгон, башкача айтканда демократиялык көз-караштарды билдирген чыгармалар гана которулган. “Манастын” орус тилинде “Чоң казат” деген бир гана эпизоду бар”,- деп белгиледи окумушту.

“Ошондуктан азыр кыргыздардын руханий мурасын орус тилине которуунун салтын улантуу керек”,- деп белгиледи М.Рудов.

А.Мураталиева, “Кабар” МА, 3.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.