3-сабак: Тил – адам дилине салынуучу жол

Кандай маани-мазмунда сүйлөгөндүгү, сөз тыңшагандыгы, кепке кезек бергендиги, тилге этибар кылгандыгы аркылуу адамдын адеби билинет, кишинин кишичилиги ачылат.

Сөз сүйлөө – бул өнөр, болгондо да өмүр бою үйрөнө турган өнөр. Дал ушул сөз менен эчен-эчен кыргын согуштар, эчен-эчен адамдардын өлүмдөрү токтотулган.

Тил – акыл таразасы, тил – дилдин ачкычы, тил – адамдардын жүрөгүнө жетүүнүн жолу, тил – адеп көрсөткүчү. Ал эми көп тил билүү – теңдешсиз бакытка ээ болуу.

Мындай бир аңыз айтылат: Байыркы замандардан бери бири-биринен каардуу, бири-биринен мыкаачы эчендеген падышалар менен султандар, хандар менен амирлер өткөн. Алардын бири күнөөлүү деп табылган адамдын көзүн соолутуп ойсо, дагы бири дарга астырган, бирөөсү зынданга салган, бири атка сүйрөткөн, бири аттырган, бири тилин сууруп алган, бири башын алдырган, бири этин тилип туз септирген, кызытып темир бастырган, дагы бири башына шири каптаткан. Иши кылып адамды кыйноонун түрдүү түмөн айлалары менен мамлекетин башкарып, кол алдындагы элин коркутуп турган.

Ал эми бир өкүмдар жазалоонун башка бир жолун тааптыр, ал айыпкерди күнү-түнү уктата койбой атайын тандалган адамдарга айтып каргатчу экен. Не бир адам көтөрө алгыс сөздөр менен каргаган соң тигил күнөөлүү анын баарын көтөрө албай алдан тайып, жүрөгү мыжып, чачы агарып, кебетеси кетип, акыры жыгылып түшүптүр.

Анан өкүмдар ошол кылмышкердин энесин каргатат. Энеси болсо каргыш сөздүн уусунан чыдай албай жүрүп эс-учунан танып, ал да кулайт. Ошондой жол менен эне-баланы жыккан соң падыша аларга жооп берчү экен, бирок бир шарт менен – беш жылга чейин үйүнөн чыкпай, эч ким менен сүйлөшпөшү керек деген.

Ушундай жазаланган энелердин бири эс-учунан кетип жатып, акырын айткан имиш: “Бул сөздөрүң ак сүтүмө чейин жетти. Ушул кептериң өлсөм сөөгүмдөн, тирүү болсом жүрөгүмдөн кетпейт. Эй, залим падыша, кызың болсо ал да бир күн эне болор, ошондо көрөрсүң…”, – дейт.

Эненин ушул каргышы он алтыга эми толгон падышанын кызына жетиптир, анын энеси жашында каза болуп, өкүмдардын жападан жалгыз эркеси экен, ошол кыз ошол замат тилден калыптыр, буту да шал болуптур.

Убакыт өтө берет. Падышанын көрөр көз маликеси ордунан жылбайт, сүйлөй да албайт.

Кызды айыктыруу үчүн ааламдын ар кайсыл жагынан дарыгерлер менен табыптар, бакшылар менен көзү ачыктар, ырымчылар менен дарымчылар, деги койчу баары-баары келет. Шыпа табылбайт. Падыша бүт байлыгын чачууга ниет кылат, өзү да эмне үчүн мындай болгонун астырттан туят. Лекин айла жок, кеч болуп калган. Даанышмандардын бири “үч күн улак тарттырып, кыз көңүлүн көтөрүңүз” десе, “бири жакшы күйөөгө бериш керек” дейт, үчүнчүсү “Рум падышасынын перизаттарын алып келип, бир нече күн оюн көрсөтүңүз” деген сунушун айтат, дагы бирөөлөр башка пикир менен келет. Эмне кылса да, кандай кылса да, кыз оңолбойт да, түзөлбөйт. Баягысы баягы. Өкүмү жүргөн аймактын ар бир адамын алып келип, кыздын алдында өнөр көрсөтүүгө буйрук берет, андан да такыр натыйжа чыкпайт.

Ошондо, акылчыларынын бири беш жылга чейин үй камагына алынган баягы кылмышкер уул жана анын энеси тууралуу ойлонот да, ошону алып келүү тууралуу өкүмдарга масилет курат. Падыша макул болот.

Каргыш сөөгүнө жеткен аял маликеге келет, а падыша кызы болсо эне сүтүн кана эмбептир, эне мээримин көрбөптүр, эненин бешик ырын эшитпептир, ошолордун баарына муктаж экен. Ушул кыздын ушул абалын көргөн каргышка ууккан эне канчалык ал каргыштар этинен өтүп сөөгүнө жеткен болсо да чыдабаптыр, энелик сезими көкүрөгүн тээп ханзааданы бооруна кысыптыр, башын сылаптыр, эне гана перзентине айта алуучу ширин-ширин сөздөрүн айтыптыр. Кыз дале унчукпайт. Анан эне кыздын маңдайынан өөп, “башың таштан болсун, энеңдин берген көкүрөк сүтү ак болсун” деп бата кылганда кыз көздөрүн ачып, бет маңдайындагы мээримдүү аялдын бооруна башын жөлөптүр да ооругандан кийинки биринчи сөзүн “апа, апаке” деп тигил аялга айтыптыр да, энеге оттуу көздөрү менен ырайым кыла тигилиптир.

Сөз кудуретине таң калган падыша ошол күнү тилден калып, ал эми анын жаңыдан тил кирген кызы каргышка кабылган эненин үйүнө келин болуп аттаптыр…

Көрүңүз, биринчи учурда адамзат ойлоп тапкан бардык жазалардын эң оору – каргыш сөз экендиги; экинчи учурда тилден калган адамды дүйнөдө болгон бардык дары-дармектерди берсе да, падыша бүт байлыгын чачса да айыктыра албай, жалгыз гана эненин сөзүнөн айыккандыгы.

“Zaman-Кыргызстан”, 13.03.2009-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on “3-сабак: Тил – адам дилине салынуучу жол

  • 30.12.2011 at 17:07
    Permalink

    издеген нерсемди таптым чоон рахмат

    Reply
    • 30.12.2011 at 22:55
      Permalink

      Биз ыраазыбыз! 🙂

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.