КР ЖК комитети кино, мультфильм жана дүйнөлүк адабият чыгармаларын мамлекеттик тилге которуу боюнча Токтом долбоорун колдоду

КР ЖК маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети бүгүнкү жыйынында “КРнын мамлекеттик тилин өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо боюнча” Токтомдун долбоорун колдоду. Мурда маалымдалгандай, бул документтин демилгечиси “Ак Жол” фракциясынын депутаты Бегалы Наргозуев болуп саналат.

Аталган Токтом долбооруна ылайык, КР өкмөтүнө жыл сайын 2010-жылдан баштап республикалык бюджеттен дүйнөлүк классикалык жана балдар адабиятынын чыгармаларын, анимациянын эң жакшы үлгүлөрүн жана кино чыгармаларын мамлекеттик тилге которууга каражат бөлүү сунуш кылынган.

Бул Токтомдун демилгечисинин пикиринде мындай иштер жаштарды мамлекеттик тилди билүүгө үйрөтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, элдин рухий жан дүйнөсүн байытуу, маданий байлыкты калыптандыруу жана башка мамлекеттер менен маданий байланышуу максатында жасалууга тийиш.

Э.Момунов, “Кабар” МА, 22.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.