Жээнбай Мукамбаевдин опол тоо эмгеги эми жарык көрдү

kitepПрофессор Жээнбай Мукамбаевдин «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү» 40 жылга убактан кийин быйыл китеп болуп чыкты. Өкүнүчкө, өмүрүн арнаган улуу иштин убайын автордун өзү көрбөй кетти.

Жээнбай Мукамбаев басса-турса колунан түшүрбөчү алакандай кагазга уккан сөздөрүн эрикпей түшүрүп, анын маани-маңызын сурамжылап, түйшүгү түмөн жумуштун оорчулугуна кайыл болуп жүргөнүнө ал кишиден таалим-сабак алып калган студенттери күбө. Илимпоздун өмүрлүк жары Мадина Азаматованын айтуусунда, Жээнбай Мукабаев кыргыз тилинин диалект сөздөрүн жыйноого өмүрүн сайган адам.

“Мунун барбаган жери, баспаган жолу калган жок такыр, – дейт Мадина эже. – Ошентип жүрүп жыйнаган эмгеги ушул болду. Бул эмгекти жыйноо үчүн ал канча ден соолугун коротту, убактысын коротту. Бул киши каерде болбосун, мейли конокто болсун, мейли жол жүрүп баратсак, каерде болбосун бир сөздү укса ушу карточкага түшүрүп отурчу эле”.

Баш-аягы жарым кылымга чукул убакыт ичинде жыйналган ополтоо эмгектин элге жетиши, жарыкка чыгышы узакка созулуп, арада сөздүктөн идеялык ката тапчу заман өзгөрүлүп кетерин Жээнбай Мукамбаев агай күтпөсө деле керек. Диалектологиялык сөздүктүн 1-тому 1972-жылы ротапринт ыкмасында жарыкка чыккандан кийин катуу сынга кабылып, андан идеялык ката таап чыккан кесиптештери болуп отурбайбы. Профессор Кадыраалы Конкобаевдин ырасташынча, жаңы чыккан эмгектен кынтык издегендер сөздүктөгү комуз күүсү менен аткарылчу “Дүйнө” ырын коммунисттик идеологияга жат көрүнүш катары баалашат.

“Мындай деген тексттер болгон да,- дейт сөздүктү басмага даярдаган профессор Кадыраалы Конкобаев.
– Cен, сен дүйнө, сен дүйнө,
Туулбасын күнүгө.
Бөдөнөнү кыргыйга,
Жем жараткан дүнүйө.
Эки эгиздин бирөөнүн,
Бак өндүрүп башына,
Зор жараткан дүнүйө.
Кол эситип башына,
Кор жараткан дүнүйө.
Сенсиң дүнүйө сенсибе,
Ким жеткен сенин түбүңө?”,- деген сыяктуу кадимки эле кыргыздын ыры. Мына ушулардын баарын эңсөө деп, коммунисттик башкаруучулар ойлошкон. Мындай элдик тексттер сөздүктүн ичинде жүздөп саналат”.

Бирок да коммунисттик доордогу идеологиялык көрсөтмөнү так аткарууга көнгөн кыраакы илипоздор үчүн жогоруда мисалга келтирилген ыр саптары эле жетиштүү болчу. Ошентип 1972-жылы “А” тамгасынан “Ж” тамгасына чейинки кыргыз диалектисин камтыган сөдүк алгач Кыргыз мамлекеттик университетинде, соңунда Илимдер Академиясында талкууга түшүп, экөөндө тең идеялык катасы үчүн идеологиялык чоң сынга кабылган.

Үстөкө-босток идеологиялык сындардын төө бастысында калган Жээнбай Мукамбаев Кыргыз мамлекеттик университетиндеги окутуучулук ишинен бошотулуп, В.Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер институтунда иштөөгө которулган. Иши кылып, чоң талаштын алдында калган диалектологиялык сөздүктүн киийнки тагдыры бүдөмүк калып, анын автору 1989-жылы жүрөк оорусунун айынан бу жарыкчылык менен коштошуп кете берген.

1972-жылдан бери чыкпай келаткан кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү Кипрдеги Гирне Америка университетинин төрагасы Серхат Акпынардын демөөрчүлүгү менен быйыл жарыкка чыгып, аны таратуу милдети “Манас Ата” коруна жүктөлгөн. Коомдук уюмдун жетекчиси Акылбек Атабаевдин айтуусунда, улуттук дөөлөттөрдү колдоо, көмөк көрсөтүү аракети ушу тапта да уланууда.

“Кыргыздын патриот аксакалы 50 000 доллар акча жыйнап, мечит салам деп жаткан экен. Ошол биздин фондго келип, “силер кыргыздар үчүн эмгек кылып атыпсыңар, кыргыздар үчүн улуу энциклопедияларды жаратып жатыпсыңар”, деп ошол 50 000 долларын ыйгарган эле. Бул экинчи ыйгарылган чоң каражаттын бири болуп эсептелет”,- деп маалымдады А.Атабаев сөздүк үчүн калем акысынан баш тарткан профессор К.Конкобаевдин эмгегине токтолуп.

Профессор Жээнбай Мукамбаевдин 33 миңге жакын сөздү камтыган “Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү” миң нускада жарык көрдү. Анын бет ачары 24-сентябрда Бишкекте өтмөкчү.

Бекташ Шамшиев, “Азаттык”, 15.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.