Аксарай акындары адабияттын баркын кетирүүдө

Тоталитардык бийликтин кысымы жоюлган соң “Эми кандай кааласаңар, ошентип жазгыла!” – деген ой эркиндиги, сөз эркиндиги кенен ыроолонгон эгемен заманда чыныгы поэзиянын талабына ылайык жаңылык киргизген, ачылыш жасаган акын чыкпай жатканы өкүнүчтүү, кейиштүү да көрүнүш. Акындыкты оңой көрүп, колго калем кармагандын баары эле ыр жазып, китеп чыгарып, поэзияны кол өнөрчүлүктүн (ремесло) деңгээлине түшүрүп жиберишти. Китеп дүкөнүнө киргенде “Китеп чыкпай жатат” – деген бекер сөз экенине көзүбүз жетти.

Китептер көп, авторлор андан көп, китептин ичин ачканда “ырлары” ыйлагыңды келтирет. – — Эстетикалык канагат алып келеби? – деген үмүт менен көптөн бери ыр жазып, ортосаар акын болуп, кийин Эл акыны наамын алышкан Майрамкан Абылкасымованын “Үшүк”, Эсенгул Ибраевдин “Насыйкат”, Надырбек Алымбековдун үч томдук китебин жана Эл акындыгына талапкер Гүлсайра Момунованын “Жан дүйнө”, “Кут дүйнө”, “Миң дүйнө” “Туулган үйдүн жарыгы” деген калың китептерин барактаганда ыр сымактар кумурскадай жайнайт. Ушундан улам – Поэзиянын абийири кеткен экен, баркы түшкөн экен! – деген ойго келесиң. “Журт башы, эл башы” деп ат коюп алып, Т.Усубалиев, А.Акаев, М.Акаева сыяктуу башкаруучуларга арналган ырларга китептеринин ичи толгон. М.Абылкасымованын “Үшүк” деген жыйнагын ачканда:

“… Кургакчылык, чарбасыздык, каатчылык,
Түшүнбөстүк, ичи тардык, жаатчылык,
Сизден гана айыкпаса, айыкпайт,
Булар дагы көп күч алат жазгырып…
Жылгадагы суулар сизсиз акпаган,
Аска, зоодо аркар сизсиз баспаган…” – дейт.

Ой, кудая тообо! “Жылгадагы суулар Усубалиевсиз акпаса, аска-тоодогу кийиктер Усубалиевсиз баспаса, анда жаратылыштын күнү бүткөн турбайбы? Усубалиев кудай бекен? Кургакчылык, каатчылык, түшүнбөстүк, ичи тардык Усубалиевден айыгат экен. Демек, табийгат, диалектика, закон ченем, мезгил жана мейкиндик, эррозия, экология деген түшүнүктөр жокко чыгат тура. Кошомат болбосоң кое кал! Беш камандын эшик ырчысы Арзымат буга чендебей калды. “Журт атасы” Усубалиевге ушундай кошоматкөй, пас деңгээлде ыр жазып, ырас эле өлкөбүздү чейрек кылым башкарган урматтуу кишини уят кылбай, саал эптүүрөөк мактаса боло! М.Абылкасымова дагы бир ырында:

“…Мен ыраазы, сиз бар үчүн күчтүүдөй,
Сиз жок кезде менин күнүм бүткүдөй.
Сизден алган жакшылыктар көңүлдө,
Айдай ачык, тунук, таза күзгүдөй”,- деп көшөкөрлөнүптүр. Өзүн – Мен Атаке, Жантай, Шабдандын тукумдарынанмын! – деп, асыл адамдарды атап жүргөн эжебиздин ушунчалык кулдук, каратамандык жуксуз даражага түшүп бериши, бери калганда – аксөөктүк канында жок окшойт! – деген күдүккө алып келет.

Аны туурап, Т.Усубалиевге арнаган ырында Г. Момунова:

“…Сиздин тушта эркелеп өмүр сүрдүк.
Жети атабыз кирбеген үйгө кирдик.
Жарыкка жылда чыгып жазган китеп,
Бейкапар ойго келгей көртирилик…” – дейт.

Булар “Усубалиевдин тушунда эркелеп өмүр сүргөнүн, эл кирбеген үйгө киргенин, китептери жылда чыгып, көртирлик ойго келбегенин, өздөрүн күчтүү сезгенин, сайрандап жашаганын” жетине албай жазабыз деп, Усубалиевдин баркын түшүрүп, абийирин кетирип жатпайбы! Ушундай аксарай Арзыматтарына даража, сыйлык, наам арбын ыйгарылып, укмуштай жакшы шарттар түзүлгөн. Булар Манас ордени, Данк медалы менен сыйланышкан. Ал эми булар ыр арнап, мактаган адамдар тизмелей келсек алар: А.Акаев. М.Акаева. А.Бөрүбаев, К.Жумалиев, А.Жумагулов, Р.Аманова. Т.Касымов, Н.Касиев. Д.Сарыгулов. Б.Шерниязов. Ө.Текебаев. К.Байболов, Ч.Баекова, И.Айдаралиев. Т.Акматалиев, Р.Алканов, Ө.Бабанов, Р.Жээнбеков, И.Болжурова,Т.Шайлиева, Р.Акназарова, Ш.Садыбакасова, З.Акбагышова, Ж.Ташыбекова, А.Керимкулов, Ф.Кулов, А.Атамбаев, К.Бакиев, М.Мамытов. Т.Сувабердиев, Н.Алымбеков, Э.Узакбаев жана башка акча бере тургандар, пайдасы тие тургандар. Эл иренжий турган ырлар китептеринин бетин бербейт. Умаровага арналган Момунованын ырынан:

“Карлыгач канат күүлөдүң,
Кабылан беле жүрөгүң.
Көп АСтар менен жарышып,
ЯК, ТУ, БОИНГ болду түнөгүң…”

Балли-ии!
Атажуртка, Алатоого курулай жалынуу, бирөөлөрдү мактоо, басмырлоо, какшыктоо, өзүн өйдө санап менсинген ырлар дагы бир Аксарайдын Арзымат-акыны, маркум Эсенгул Ибраевдин “Насыйкат” деген китебинде да басымдуу.

“…Тарткан шор, тапкан багым сен,
Тойдогу кубат, алым сен.
Атажурт, Атамекеним,
Чыккан күн, аткан таңым сен,
Кыскасы, баарым, баарым сен…”
“Насыйкат”, 6-бет

Орусча айтканда “Ты для меня все”. Мидин Алыбаевдин “Тянь-Шань сууң мүрөк, ташың алтын” деген лейтмотивин дагы кайталап, Э.Ибраев “ташың алтын, сууң мүрөк” деп Атамекенге жалынат. (“Насыйкат”, 7-бет).

“…Пул сүйөт чарчап тапканды,
Мал деле сүйөт бакканды,
Турмушуң калса оңолуп,
Тушкелди чачпа акчаңды…”

Бул эбактан бери айтылып, жазылып, тамтыгы чыккан дидактика. Мына, ушундай адабиятка эч жаңылык киргизбеген, насаат-санаттарга толгон ыр китепке Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.

“Жакшылык артпайт жамандан,
Жамандык кылбайт жакшылар…
Башкаңды эркин койсоң да,
Напсиңдин оозун тыйып ал.”
“Насыйкат”, 21-бет.

Бул Букар Жырау, Кет Букадан бери эле айтылып келаткан сөздөр.

Аксарайдын Арзымат-акындарынын дагы бири Карабалтадагы мурдагы килем ишканасынын директору Надырбек Алымбеков Кыргыз эл акыны боло электе Салибай Шатманов “Жаңы Ордо” гезитине: “Эй, бурадар, алды-артыңды ойлоп иш кыл. Акаевге жагам деп, Аксы окуясын жамандап жазганыңды, Аксы калкын каргаганыңды токтот” деп эскерткен. Эмнелердин эсебинен толгон-токой китептерин чыгарып турган(?!.) Надырбек Алымбековдун кандайча Эл акыны болуп калганы, башкага болбосо да Акаев, Танаевге белгилүүдүр. Анын ырлары деле баягы “ырдалып бүтпөйт махабат да, сыйланып бүтпөйт салтанат”.

Ушундай араңжан акындарга даража, кызмат, наам, сыйлык берип, жалпы адабияттын аброю түштү, маданияттын баркы кетти. Баарын чача бергидей, жаман-жакшысын ылгабай тарата бергидей азыр Акаевдин заманы эмес да. Э.Ибраев “Бирик кыргыз, бирик” деп, микрофондон кыйкырса эле, кыргыз бириге калабы? Ага көп себеп керек. Дегеле, аксарайдын акындарына сыйлык таратуу качан токтотулат? Ар ким Эл акыны, Эл артиси боло берип, чыныгы адабият ишмери, нагыз маданият ишмери кайсы, дайынын таппай калдык. Кыргызстан аскери, милициясы саналуу, бирок генералдардын, окурманы жок дайынсыз эл акын-жазуучуларынын мекени болобу?

Азыр өлүү-тирүүсү болуп, Эл акындары, Эл жазуучулары – 46, тирүүсү – 25, ишмерлери эки эсе көп. Өлгөндү оозанбайлы деген менен, баскан жолдогу кедергилер кантип унутулат? Саткын Сасыкбаев, Муса Жангазиев, Мамасали Абдукаримов, Нинакан Жүндүбаева, Жунай Мавлянов, Муктар Борбугулов, Эсенгул Ибраев, Олжобай Орозбаев, Шабданбай Абдраманов, Орозбек Айтымбетов, Надырбек Алымбеков, Вячеслав Шаповалов жана ушуларга окшогондор ошондой наамга татыктуу беле? – деген законченемдүү суроо туулат. Йе айланайын, бу ушу Вячеслав Шаповаловго да берилди ушундай наам! Деги ушунун өзү адилетпи, туурабы? Ал качан кыргыз боло калыптыр. Мейли, жазат экен, эч каршылык жок, жазуучулугун да, аалымдыгын да жасай берсин, бирок, кыргыздын тилине, элине, динине мүлдө тиешеси жок адамга бере берсе, анда бу наам үлкөн Асанбек Кыдырназар уулунун бозосундай эле сапырылган нерсе болуп калбайбы, а?

Дегеле “Баатыр” деген наамды акын-жазуучуларга, артисттерге, ташусталарга (скульптор), сүрөтчүлөргө ыйгаруунун кажети барбы? Баатыр деген наам жан аябай бөтөнчө эрдик кылгандарга берилчү эле. Баатырдык наамдарды эл чарбасын өркүндөтүп, өтө мол түшүм алгандарга, илимде жаңылык ачып, ачылыш жасагандарга, селекционерлерге, конструкторлорго, аскерде, ички иштерде иштегендерге ыйгарса болбойбу?! Өзгөчө айырмаланган каармандыктары үчүн ыйгарылганы оң болмок. “Кыргыз ССРинин Эл акыны” наамы илгери СССР барында атайын ойлонуп табылган сыйлык болгон. СССР өлгөндө андай наамдар да өлгөн. Маселен, азыр Россиянын эл жазуучусу, РФ эл акыны деген наам жок, жоюлган.

Башка республикаларда Жазуучулар уюмдарын Лениндик, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары, авторитеттүү акын-жазуучулар башкарып келсе, биздин союзду Н.Алымбеков, Ж.Мавлянов, жана адабий журтка белгисиз Т.Аскаров башкарып, баркы кеткен уюмдун кадыры ого бетер житти.

Эми Токтогул сыйлыгы жөнүндө Омор Султанов менен ал сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссияны узак жылдар менчиктеп алгансып келаткан Бексултан Жакиев жөөлөштү эле, эки ортодо жан баккан бечара жазармандар Султановду жактап, кол коюп, басарга жер таппай калышты. Чынында, Алыкулдун поэмасын уурдап, пьеса жазган Б.Жакиев өзүнчө ууру, Бакиевден баатырдыкты үмүт этип отурган Султанов өзүнчө мусапыр. Кандайдыр белгисиз себептер менен Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу комитетинин төрагасы болуп келген Б.Жакиевдин “ишмердиги” тууралуу айта кетели. Ал художник Үсөн Сарыбаев ашкере кылгандай атактуу акын Алыкул Осмоновдун “Жеңишбек” поэмасынын мазмунун, сюжетин, окуянын ордун, мезгилин, кейипкерлердин образдарын көчүрүп алып, “Атанын тагдыры” деген ат коюп, аны узак убакыт театрларга койдуруп, түшкөн суммаларды ашап келатат. Башка автордун чыгармасын пайдаланганда “Баланча чыгарманын мотиви боюнча” деп жазылат жана ага тиешелүү акы төлөнөт. Поэманын негизги өзөгү, идеясы, образдары алынган соң, катышуучуларын буруп, аты-жөнүн өзгөртүп, сюжетке анча-мынча кошумча – өзгөртүүлөрдү, алымча, кошумчаларды кийирүү, жасай коюу оңой эле. Булар тууралуу жазып да, айтып да, сынчылар далилдеп, изилдеп да келишкен, бирок, Б.Жакиев зулумдугуна салып “Сюжет да, образ да өзүмкү” деп моюн бербей келет. Бул аз келгенсип, Б.Жакиев сыйлыкка түшкөн чыгармаларга бир беткей мамиле кылып, адилетсиздиктин жолуна түшкөн. Эл жазуучусу Асанбек Стамов Президентке кайрылуусунда көрсөткөндөй, ветеринар Абдулхай Алдашовдун “Жертөлөдөгү ойлор”, “Казат бетинде”, “Ох, бүттүкпү?” деген мемуар китеби Б.Жакиев салыштырган орустун атактуу жазуучусу Л.Леоновдун “Орус токою” деген романынын деңгээлине кенедей караандабайт. Мындай мемуарларды согушка катышкан ар бир аксакалыбыз жазса эле, Мамлекеттик сыйлык бере берүү керекпи? Дээрлик Кыргызстанды, эгер ишенбесеңиз кыдырып көрүңүз, деги бир киши Абдулхай Алдашов деген (ыйманы салават болсун!) жазуучунун бар экендигин билеби? Паланча, Түлөнчө деген китебин окугамын! – деген инсан чыгабы? Билем, биздин бул пикирге ал кишинин жек-жааттары, жолдош-ашыналары каршы туруп, асылып чыгышат. Кантели, баягы “Платон -досум, бирок, акыйкат андан жогору” деген сыяктуу чындыкты кантип айтпай коюшка болот?!. К.Жусуповдун көркөм романга же повестке жатпаган, ар кандай булактардан жыйнап, китеп кылып чыгарып койгон “Байыркынын издери” тарыхый очерктери да Мамлекеттик сыйлыкка татыктуубу?!

Б.Жакиев тууралуу Балбай Алагушов, Дамира Абдыкадырова, Үсөн Сарыбаев, Асанбек Стамов “Кыргыз туусуна”, “Кыргыз адабиятына”, С.Осмонов, А.Мурзабаев “Агым” газетасына “Сатылган наам, самопал сыйлык” деп жазып чыгышкан. Бул сын макалаларга карата Б.Жакиев кол топтоп, чычалаган-актанган жообун жазган.

Эсенгул Ибраев менен ырчы Анарбек Ибраевдин чыгармачылык потенциалы, дарамети, маданияты кимге белгилүү эмес? Бирок, Б.Жакиев турганда Омор Султановго да, Кайыргүл Сартбаевага да, алардан башка таланттууларга Мамлекеттик сыйлык ыйгарылмак эмес. Ушундан улам Эл жазуучусу А.Стамов талап кылгандай, 20 жыл отурган Жакиевди жаңы адам менен алмаштырууга мезгил жетти…

Бектуруш Салгамани,
Дүйшөн Керимов.

P.S. Азыр бизде, саясаттабы, маданияттабы, дегеле кайсы тармак же объект тууралуу ой-пикир, сын айтсаң жөндүү болсо моюнга алып, оңолуу жолун издөөнүн ордуна, артыңда эч ким турбаса да жалган караан (крыша) издейт, кайра ураар ташын сыйпалайт. Илгери “Майдан” аттуу классикалык романды жараткан Узакбай Абдукаимовду кайсы бир маселе боюнча эки автор сындап, учурунда басма сөздө кыйла чуу салат. Узакбайдын улуулугу ушундабы, баягы эки сынчыны жолукса эле сыйлайт экен. Кийин экөө айтат дейт, “Бу кишиден уялып бүттүк. Жолукса эле “Ой азамат, ушул мени сындаган…” деп буфетке алып кире берет”.

Айтаарыбыз, тукурган, күшкүштөгөн жан жок, тек гана пикир. Айткыла, жазгыла. Ансыз да быкшып бүттүк…

“Аалам”, 12.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.