Улуу таланттын убайымдуу тагдыры

Жашоодо дайыма ак менен кара, өмүр менен өлүм, жакшылык менен жамандык үн алышып көч улаары белгилүү. Өмүр барактары да саналуу. Бирок “өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” демек бар. Канат-бутагын жая калкы менен тагдырлаш талантты таптакыр унута албайт экенбиз. Кыргыз элинин кайталангыс таланты, кыргыз Эл артистти Бакен Кыдыкеева көзү тирүү болгондо быйыл 86 жашка толмок экен.

 

Чыгармачылык чыйырдын башаты

Бакен Кыдыкеева кыргыз элинин жүзүн, образын эларалык көрүүчүлөргө тааныткан таланттардын алдыңкы сабында турган улуу инсан. Кыргыздын жыйырманчы кылымдагы кино менен театр өнөрүн Бакен Кыдыкеевасыз элестетүү мүмкүн эмес. Кыргыз искусствосунун карлыгачы десек жаңылышпайбыз. Ал кыргыздын европалык типтеги драма театрын түптөгөндөрдүн ичинде турат.

Актриса 1923-жылы Кант районуна караштуу Төкөлдөш кыштагында төрөлгөн. Чыгармачылык чыйыры 14 жашында жаштар театрынан башталган. Алгачкы ролун он жети жашында “Лопе де Беганын көгөөндөр уюгу” спектаклинде Лауренсини ойногон. Бул образды жаратуу менен кыргыз театр сахнасында өчпөс, талант жаралганы айкын болгон. Бакен Кыдыкеева эң оор “Көкүл” тасмасында Гүлайымдын, “Саринжи Бөкөйдө” Берметтин образын жаратып, кыргыз кино калаасында өз ордун тапкан. Кийин алгачкы улуттук көркөм фильм “Салтанатта” кыргыз актрисаларынын ичинен ага Салтанаттын образын жаратуу бактысы туш болгон. Өзүнүн кыска өмүрүндө ал Кыргыз-Совет актрисасы, СССРдин эл артистти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси наамдарын алган жана Ленин ордени менен сыйланган. Бакен Кыдыкееванын чыгармачылык тагдыры карапайым элге дайыма жайдары, салтанатка бөлөнүп жүргөндөй таасир калтырганы менен атак-даңкка бөлөнгөн таланттын көшөгө артындагы турмушу кандай драмалуу экенин көпчүлүк биле бербейт…

 

Алгачкы махабат, ажырашуу, жалгыздык

Алгач театрда иштеп жүргөн жылдары торайгырлык Абды деген жигит экөө бири-бирин жактырып, арзыганына турмушка чыгып, бир кыздуу болгон. Жолдошу бир туугандарынын айтканынан чыгалбай, Бакен эженин театрда иштегенине каршы чыгып, чыгармачылыкты таштоосун талап кылат. Ошондо актриса бармактайынан театрга келип, таланты ташкындаган чыгармачылык инсан болгондуктан жеке турмуштук бактысынан кечип, күйөөсүн таштап, кызын алып театрды тандап, баса берген. Эгерде жолдошу шарт түзүп, кыргыздын үрп-адаттары тоскоол болбогондо жеке турмушу да бузулбай, турмушу да жакшы өңүттө өтөт беле деген ой келет. Үйбүлөлүк бактысын курмандыкка чалып, чыгармачылыкка баш-оту менен кирген Бакен Кыдыкеева экинчи сүйүүгө кабылып, таланттуу театр режиссеру Ажыгабыл Айдаркуловко турмушка чыгат. Бирок, “багы жокко дагы жок” дегендей жаңы үйлөнгөндө эле Ажыгабыл автокырсыктан көз жумат. Күйүтүн ичине катып, азалуу жүрсө да тагдырдын оор түйшүгүн кабагым-кашым дебей көтөрүп жашаган. Андан соң дагы бир ирет азыркы балдарынын атасы менен таанышып, турмуш курат. Тилекке каршы, андан да чекеси жылып жыргабай, ажырашууга мажбур болгон. Эженин бактысыз турмушунун драмасы мына ушунда. Кандай гана түмөн түйшүк менен жашап, эч кимге сыр билгизбей, сахнада, экранда жаркылдап жүрөр эле. Актрисанын ушундай жаркылдаган жүзүн көргөндөр “Бакенден бактылуу эч ким жок” деп ойлошчу. Азыр деле экрандан көргөндө жыргал турмушту башынан кечирген бактылуу жандай сезилет.

 

Көралбастыктан көңүл калуу

Чыгармачылыкта, айрыкча театр, кино жаатында дайыма көралбастык, ич күйдүлүк өкүм сүрүп келет эмеспи. Замандаштарынын эскерүүсүндө Бакен Кыдыкееваны да көралбагандар, анын жасаган ишине, жашоосуна ичи күйгөндөр болгон. Эженин айлана-чөйрөсүндө чогуу жүргөндөр, бирге иштешкен айрым кесиптештери анын тегерегинде ар кандай ушак кептерди таратып, жалган жалаа жаап, жолдошу менен ажырашууга себеп түзүшкөн. Көралбастык, ичи тардык анын чыгармачылыгында да кездешпей койгон эмес. 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз ССРинин искусствосу менен адабиятынын экинчи декадасында элибиздин тунгуч көркөм фильми “Салтанат” көрсөтүлүп, борбордогу көрүүчүлөр менен сынчылардын эң жогорку баасына татыган. Бакен Кыдыкеева Салтанаттын образын жаратканы үчүн фильм ушундай баага татыганын көргөндөр баалашып, бир ооздон колдошкон. Бул фильмден тышкары Бакен Кыдыкеева “Курманбек” спектаклинде Айганыштын кайталангыс образын жаратып, москвалыктарды суктанткан. Ал эми наам берүүгө келгенде эмнегедир СССРдин Эл артистигине көргөзүлүп аткан тизмеден чийилип калган. Көрсө, жанында жүргөн кесиптештери СССРдин маданият министрлигине жамандап барып, наам бердирбей коюуга жетишиптир. Туура он эки жыл өткөн соң 1970-жылы СССРдин Эл артистигин алган. Алтымышынчы жылдары ичи тар кесиптештери актрисаны театрдан чыгартышкан. Ушундай көралбастыктын кесепетинен Бакен Кыдыкеева бир топ жыл иши жок, бош жүргөнү маалым. Көралбай, ичи тарлануунун ордуна Бакен эжедей театр чеберине, кыргыз киносунун жылдызы болгон улуу инсанга өзгөчө мамиле кыла билүү зарыл болчу. Дегеле өсө турган эл өз талантын сыйласа, камкордук кылса болмок да. Сахна жылдызына айланып жүрүп кереги жок буюмдай ыргытылганына армандап, дүйнөсү тарып, ичкиликке моюн сунса керек. Себеби актриса өмүрүнүн акыркы жылдары ичкиликке ооп кеткенин айтып жүрүшпөйбү. Театрда иштегендердин айрымдары “эже эски боз плащын кийип алып, театрдын босогосунда нес болуп олтурганын көргөндө зээнибиз кейичү. Жарыбаган пенсиясы менен эптеп күн көрүп калган” деп эскеришет. Ошентип алсыз болуп, бешенесине жазган ачуу тагдырына нааразы абалда жүргөндө жаштар театры Бакен Кыдыкееваны кызматка алып, колунан келген жардамын бериптир. Азыр ал театр Бакен Кыдыкееванын наамын алып жүрөт.

Эгер бут тосуу, ич күйдүлүк өкүм сүрбөй, Бакен Кыдыкееваны бапестеп-барктап алганыбызда мындан да мыкты образдардын, чыгармачылык бийиктиктердин күбөсү болмокпуз. Аттиң десең… Чыгармачылыгы гүлдөп турган кезде театрдан чыгартылганы Бакен Кыдыкееваны да, театр менен кинону да канча нерседен өксүк кылды. Кийин 80-жылдары да Кыдыкеевага роль бердиргиси келбей, ичи тарланган жаш кесиптештери да болгон. Ушундай улуу талантты, театрды түптөгөн инсанды күүлүү-күчтүү мезгилде эрте эле пенсияга узатып жиберип, дагы бир ирет канатын сындырып атышпайбы. Мына, чыгармачылык адамга болгон таш боорлук, мерездик мамиле. Эгер Бакен Кыдыкеевага өз убагында тиешелүү көңүл бурулуп, таланты бааланганда, балким ал азыр замандаштарынын, кесиптештеринин арасында акылманы, окутуучусу катары жүрөт беле деп кетесиң. Кыскасы, Бакен Кыдыкееванын чыгармачылык жолун карап олтурсаң, жалаң бут тосуулардын, көралбастыктардын курманы болгондой таасир калтырат.

 

Күтүүсүз кырсык, кыйылган өмүр

Бакен Кыдыкеева өмүрүнүн акыркы жылдары эч кимге кереги жок адамдай көчөдө калганы эч кимге сыр эмес. Ошондой окшош күндөрдүн биринде, 1994-жылы күтүүсүз кырсыкка кабылат. Көчөнүн чок ортосунан автобус сүзүп кетип, улуу таланттын өлүгү он сегиз күн өлүкканада жаткан. Кыргыз киносунун кайталангыс талантын бир да жан тааныбай, Бакен эженин арманы, күйүтү ичинде, өзү менен кошо ачылбай, айтылбай кете берген тура. Мынакей залкар таланттын трагедиялуу тагдыры.

«Айат», 19.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.