Бир туугандар

Жаш баланын өзүнүн өзгөчө ааламы, дүйнөсү болот эмеспи. Атадан алтоо болсо да ар кимиси ар башка дешет элибизде. Ар бир баланын ааламына аяр мамиле жасай билүү ата-эненин милдети. Ата-энеге баары бирдей деген менен тун уулун, жалгызын, кичүүсүн андан да артык, башкача көрөт. Төмөндө тун, ортон, кичүү, жалгыз балдар тууралуу жана аларга кандай мамиле жасоо боюнча кыскача маалыматтар берилди.

Тун бала

Тун бала – адамга аталык, энелик сезимдерди эң алгач тартуулаган биринчи бала эмеспи. Үйдүн жалгыз эркеси болуп, бакытка бөлөнөт. Бул жыргалчылык экинчи баланын төрөлгөнүнө чейин ушинтип уланат. Бирок, бир тууганынын төрөлүшү менен айрым жоопкерчиликтер анын мойнуна жүктөлөт. Мындан ары эже же байке болот. Ошол себептүү өзүнүн жаш бала экендигин унутууга мажбур… Айрым жүрүш-туруштары мурдагыга салыштырмалуу тез-тез сындала баштайт. Экинчи баланын төрөлүшү менен жогорудагы кээ бир тоскоолдуктарга тушуккан бала, үчүнчүнүн келиши менен жоопкерчиликтери азайып, аркы-беркини түшүнүп, иштери да жеңилдеп калат. Чоңоюп калгандыктан, бир тууган эмне экенин аңдап, билип, ага үйрөнүп, ата-энесине өзүн жакын сезет.

Ата-эненин жасоосу зарыл болгон нерселер:

Бир туугандарынын арасында кызганычтын болуусуна бөгөт коё билүү, мунун менен бирге чоңунун да жаш бала экенин унутпоо менен мамиле кылуу зарыл. Мындан сырткары анын кичинелердин көлөкөсү алдында болуусун алдын ала билүү керек.

 

Ортончу бала

Ортончу бала улуусу менен кичиненин, же балдар ортосунда болгондуктан чоң же кичине болбой өзүн ортодо калгандай сезет. “Ал сенден чоң, сыйла” же болбосо “ал сенден кичине” сыяктуу сөздөр анын башын айлантып, эмне кылуусун да билбей калат. Ортончу баланын бул жашаган психологиясы көпчүлүк учурда үй-бүлөнүн эң активдүү жана ийгиликтүү мүчө болуусуна себеп болуп, балага жакшы жыйынтыктарды алып келет. Эгер ортончу жалгыз эркек же кыз болсо мындай проблема жашабайт.

Ата-эненин жасоосу зарыл болгон нерселер:

Ортончу бала болуунун психологиясы башта терс таасирин берсе да кийин оң, жакшы жактарын көрсөтүүгө себеп болот. Бирок кичинекей кезинде алар көп эле кыйналышы мүмкүн. Ата-эне анын жаш бала жана өспүрүм кезинде мындай психологияны жашоосуна бөгөт коюсу зарыл. Анын иши, орду үй ичинде белгиленип, жеткиликтүү даражада көңүл бурулуусу керек.

 

Кичинекей бала

Ата-энеге чоңойгону байкалбаган, дайым кичинекей деп эсептелген бала. Көбүнчө чоңойгондорун далилдөөгө аракет кылышат. Үйдө көбүнчө майда-барат иштерге жумшалып, бирок ал жасагандары иш деп эсептелбеген, маанисиз нерселер болот. Дайым кичинекей деп каралгандыктан, алардын иши жеңилдетилип, бир нерсе үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлбөйт.

Ата-эненин жасоосу зарыл болгон нерселер:

Балага жашына жараша мамиле кылуу менен бирге чоңойгонун моюнга алуу керек. Ата-энелер кичинекей балага да көтөрө ала турган жоопкерчиликти жүктөөсү зарыл.

 

Жалгыз бала

Бул балдар башкаларга салыштырмалуу улуулар менен жакшы диалог түзө билишет. Көпчүлүк учурда эрке болгондуктан каалаган оюна оңой жетишет. Мындай балдарды туугандарына тез-тез алып барып, өзгөчө абал болбосо балага бир туугандык сезимди жашатуу керек.

«Zaman-Кыргызстан», 27.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.