Улутпу же элби?

Сөздү кечээ жакындагы пресс-конференциядагы бир үзүмдөн баштасак:

Газета “Дело №…”: Уважаемый господин президент, почему в своем послании Вы обратились к нации, а не к народу Кыргызстана? Как понимать это гражданам страны других национальностей?

Президент Курманбек Бакиев: -Обращаясь к нации, я не имел в виду какую-то определенную национальность. Я обращался ко всем гражданам Кыргызстана.

Как вы сами знаете, многие большие страны, к примеру, США, Франция, Россия работают над тем, чтобы создать единую нацию. Что я хочу этим сказать? Я хочу сказать, что Кыргызстан – многонациональная страна. И как я уже говорил в своем обращении, культурное многообразие необходимо сохранить – это наше богатство. Какой бы национальности человек ни был, он является гражданином Кыргызстана. Именно это я имел в виду. Я имел в виду, что в будущем мы построим государство с таким приоритетом, чтобы все наши народности, проживающие на территории страны, не теряли свой национальный колорит, но, вместе с тем, осознавали себя как единая нация. Будущее наше – именно в этом – в единстве нации. И я обращался к этому будущему.
(“Агым” гезити 13-февраль, 2009-ж )

Биз адегенде ушул “ нация “, кыргызчасына “ улут ” деген терминди тактап алалы. Бу сөздүн түшүндүрмөсү Интернетте мындай деп берилиптир:

НАЦИЯ – (лат. natio – племя, народ) – 1) в теории права – историческая общность людей, складывающаяся в процессе формирования общности их территории, экономических связей, языка, некоторых особенностей культуры и характера, которые составляют ее признаки. В некоторых случаях синонимом Н. является понятие “народ”; 2) в конституционном праве англо- и романоязычных стран – термин, обычно имеющий значения “государство”, “общество”, “совокупность всех граждан”.

Жамандыр-жакшыдыр, Кыргыз Республикасынын аймагы тээ Улуу Өктөбүр Төңкөрүшүнөн кийин адегенде 1921-22-жылдары жер-суу реформасынын жүргүзүлүшү менен, анан 1924-жылы 14-октябрда РСФСР курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу болуп түзүлүп, 1925-жылы 25-майда Кыргыз автономиялуу облусу делинип, 1926-жылы 1-февралдан РСФСР курамындагы Кыргыз Автоном Республикасы делинип, ал эми 1936-жылдын 5-декабрынан СССР курамындагы Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы деп аталды.

Ырас, Союз ыдырай баштаганда Кыргыз ССРинин Жогорку кеңеши 1990-жылы бул аймактагы “башка улуттар таарынып калбасын” деген кыязда республикабызга “Кыргызстан Республикасы” деген мааниси тилий жагынан алганда да караманча тайкы аталышты ыйгара салып, бирок баягы легендарлуу парламентибиздин нукура кыргыз атуулдары 1993-жылы 5-майда мамлекетибизге сан жылдар бою бапестеп келген Кыргыз Республикасы деген расмий аталышын кайрып берди.

Эми жогорудагы тарыхый тизмектөөдөн келип, андан жогорураактагы “ улут ” деген түшүнүккө кайрылалы:

Кыргыз аймагынын болжолу 80 жылдан ашуун калыптануу жүрүшүндө ушул аймакта жашаган элдердин (этностордун) тарыхый жалпылыгынын пайда болушун танууга мүмкүн эместир. Ким билет, балким Улуу Атамекендик согуш жылдарындагы эвакуациянын шарданы менен капысынан күргүштөп кошулуп калган элдердин бир тилкеси али бүгүнкүгө чейин бул аймактагы элдердин тарыхый жалпылыгына коошо албай жаткандыр. Бирок баары бир негизинен аймактын жана элдердин кайсы бир деңгээлдеги жалпылыгы жөнүндө сөз кыла берсек болчудай.

Ал эми экономикалык жалпылыкты тануу болбостур.

Ал эми тилий биримдик жаатынан келсек, биздин бийликтегилердин шалаакылыгы же ашкере коен жүрөктүгүнүн кесепетинен Кыргыз Республикасында алигүнчө : “кошбийлик” дегидей деңгээлдеги коштилдүүлүк өкүм сүрүп, “ улут ” деген түшүнүккө олуттуу залакасын тийгизип келет.

Маданият жана мүнөз жаатындагы жалпылыктар Совет бийлигинин жүрүшүндө бир топ калыптанып калгансыган, бирок соңку 20 жылдык эгемендүүлүктүн натыйжасында кескин жиктелүүгө кириптер болду го дейм…

Кыргыз Республикасында бир да бир өзгөчөлөнгөн аймак болбогондуктан, биздин мамлекет унитардык делинет. Ал эми унитардык мамлекетте бир гана улут болушу мүмкүн. Демек, жогоруда : “Дело №…” гезитинин кабарчысынын берген суроосундагы “гражданам страны других национальностей ” деген сөзайкаштын өзү натуура – кеп Кыргыз Республикасында “улуттар” эмес, “элдер, этностор” жөнүндө гана жүрүшү мүмкүн. Бу гезиттин ушул жаатындагы провокациялык шойкондоруна биз али төмөндө токтоло кетебиз, бирок бизди биерде урматтуу президентибиздин берген жообундагы Кыргыз Республикасына тийиштүү башка “элдер” эмес, “ улуттар ” тууралуу кеп салып кетип, жанагы провокацияга алдырып жибергени бираз таң калтырды: менимче, бийликтин президентчелик бийиктигинде мындай сөз оюндарга абайлап мамиле кылышыбыз керек го дейм. Урматтуу Мадумаров мырза бу жагынан бираз иш алып барат деген үмүтүбүздү билдире кетели.

Баса, урматтуу президентибиз “Кыргыз Туусу” гезитинин кабарчысына берген жообунда “ Кыргызстан аймагы ” деген сөзайкашын натуура пайдаланды го дейм, себеби биерде “ Кыргыз аймагы ” деген сөзайкашы колдонулушу керек эле. Же такыр болбой баратса “Кыргызстандын аймагы” деп, илик жөндөмөнү толук көрсөтүш керек.

Сөзгө түшүндүрмө:

Мен мындан 6-7 жыл илгери “Дело №…” гезитиндеги “Ки рги зстан”, “ки рги з” деген жазылыштарга Кы ргы з Республикасынын Конституциясынын орус тилиндеги вариантынын негизиндеги мамлекеттик аталышыбыздын туура жазылышын талап кылып, редакциянын өзүнө, тикелей анын баш редактору Виктор Михайлович Запольскийге бир нече жолу кайрылып, анын орус тилинин грамматикасына шылтоологон жоопторуна Россия Федерациясынын негизинде ( Кы штым, Кы зыл деген шаарлары жана дагы Даль мырзанын сөздүгүнөн 1000ге чукул терминдер ) мисал келтирип, акыры болбогондо Биринчимай райондук сотуна кайрылып, айлам кеткенде ызырынып тим болгом. Бирок кийин Кубан Тезекбаев деген нукура кыргыз атуулу ушул маселе боюнча акыры сот ишин козгоп, мен анын ишенимдүү адамы болуп, райондук сотто жеңип чыктык. Шаар сотуна барганда ал жердеги бир кып_эле_кыргыз эжебиз Кыргыз Конституциясына карабастан, “Дело №…” _дики туура деп салды.

Ырас, айрым өзүбүздүн эле балдар “биз деле “орус” деп айтып жатпайбызбы” деп тапанданышат. Бирок Россияда Конституциянын кыргызча жазылышы кабыл алынган эмес да. Бизде расмий түрдө орус тилиндеги Конституция кабыл алынып, ошол вариантта биздин мамлекеттин аталышы кашкайта жазылып турбайбы!

“Дело №…” ошентип бизди “жеңди”. Бирок андан бери жылдар өтүп, азыр ушул күндө ошол эле гезит негедир сотто жеңип чыкканына карабай “Кы ргы зстан”, “кы ргы з” деп жазып калыптыр. Болжолу, тарыхый чындык баары бир аларды мажбурлаган окшойт…

Бирок азыр орус тилдүү гезиттерде башка маселе пайда болду: булар эми Кыргыз Республикасына таандык терминдерди, айталы, “ кыргыз коомчулугу” деген терминди “ кыргызстандык коомчулук” деп, “кыргыз” деген түшүнүктөн алысыраак, “аймактык” деген мааниде жаза турган болушту. “Кыргыз” деген түшүнүктү жерүү аракетин айрыкча “ Вечерний Бишкек ” гезитинин материалдарынан дамамат байкаса болот. Ушул макаланы жазууда жыйнаган материалдарыма ылайык, Интернеттен издөө салганда бул редакция акыркы жолу мындай терминдик бурмалоону 6131 жолу пайдаланышыптыр. Сөзүбүз далилдүү болуш үчүн бир-эки мисал келтире кетели:

“16.02.2009
Две бронзовые медали завоевали молодые кыргызстанские борцы”;
“13.02.2009
Депутат ЖК Бегалы Наргозуев озвучил… кредиты под гарантии кыргызстанского кабмина”;
“11.02.2009
Знаменитый кыргызстанский боксер Алмаз Раимкулов…”

Жогорудагы мисалдардан көрүнүп тургандай, булар колунан келишинче “кыргыз” деген аныктамадан качып, “кыргызстандык” деген аныктаманы пайдаланууга, ошону менен бирге өздөрүн мүмкүн болушунча четкерээк кармоого аракеттенишет.

Баарынан өкүнүчтүүсү, биздин кыргыз тилдүү басылмалар жана телерадиоберүүлөр да эч уялып-кысталбай эле “кыргызстандык” деген аныктаманы кеңири пайдалана башташты.

Эмне үчүн биз эгемендиктен бери ушул күнгө чейин “ улут ” жана “ улуттар ” деген терминдердин ажырымын тактай албай келебиз жана биздин мамлекетибизге карата “ кыргыз ” деген терминдин ордуна башка тектүүлөр ( биздин мисалда: орус тилдүү гезиттер ) “ кыргызстандык ” деген аралыкты сактоо маанисиндеги терминди артык көрүшөт?

Мунун бир себеби тээ СССР мезгилине барып такалат. Анын курамында бир нече ондогон республикалар жана автоном республикалар, облустар, аймактар бар эле. Демек, “ улут ” деген түшүнүктү аныктоодо биерде аймактык жалпылык камсыздалган болчу. Анан, мисалы, бирдиктүү СССРдин чегинде, айталы, өзбек Кыргызстанда деле “өзбек улутундагы” делинип атала берген, себеби анын артында боордош Өзбекстан бар эле да.

Эми бүгүнкү Кыргызстанда калдайган СССР түшүнүгү жок. Биердеги, Кыргыз Республикасындагы өзбектер эми “улут” деп аталышы өтө арсар, себеби ал түшүнүктүн бир негизги бөлүгү – мамлекеттик биримдиги жок. Мамлекет “Кыргыз Республикасы” деп аталат. Демек, урматтуу кыргыз жарандыгындагы өзбектер бүгүнкү күндө “өзбек улутундагы эл” эмес, жөн гана “өзбек эли” же болбосо “өзбек этносу” болушу мүмкүн.

Ушул жагдайдан алып караганда “улут” деген терминге кыргыз, чындыгында мен момундай тактоо киргизүүнү сунуш кылат элем:

1. Жанызак – кыргыз тектүү кыргыз;
2. Кулов – киргиз тектүү кыргыз;
3. Запольский – юридикалык тектүү кыргыз;
4. Ночевкин – орус тектүү кыргыз;
5. Ким – корей тектүү кыргыз;
6. Собиров – өзбек тектүү кыргыз.

Биз биерде Кыргыз Республикасынын мисалында “ улут ” деген түшүнүктү тактоодо “ кыргыз ” деген терминге каны-жаны, кебете-кешпири кыргыз делингендерди эмес, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандарды, ушул республиканын ысык-суугуна күйөм дегендерди, келечегин ушул республика менен байланыштырам дегендерди, ушул республиканын туусу, герби, гимни жана деми менен жашайм дегендерди кошот элем.

Тактоо иретинде:

кыргыз улутуна – кыргыз жарандыгындагы Жанызак, Кулов, Запольский, Ночевкин, Ким, Собиров жана башкалар кириши мүмкүн;
кыргыз элине – кыргызстандык Жанызак, памирдик Памирбек, тажикстандык Тажибай, өзбекстандык Өзүбек, уругвайлык Урукпай кириши мүмкүн.

Жогорудагы мисалга түшүндүрмө:

теги англичан элдер (englishman) дүйнөдө көптөгөн мамлекеттердин негиздөөчүлөрүнөн болду – АКШ, Канада, Австралия, Жаңы Зеландия, Түштүк Африка…

Бирок америкалык англичан өзүн “englishman” дебейт, ал өзүн “american” дейт. Канадалык англичан өзүн “canadian”, австралиялык англичан өзүн “australian” дейт жана өзүнүн улуту менен сыймыктанат.

Баса, америкалык орус деле өзүн “american русского происхождения” – “орус тектүү american” деп сыймыктанат.

Бу демек, улут маанисиндеги кыргыз дегенде биз кыргыз жаранынын кебете-кешпирине, диний багытына, социалдык абалына карап жиктебешибиз керек.

Улут деген түшүнүк жогорудагы жиктелүүлөрдөн алда канча бийик болууга тийиш.

Ал эми “улуттук идеология” деген түшүнүк Кыргыз Республикасында улут деген сезим калыптангандан кийин гана такталуучу нерсе. Андан бери мындай идеологиянын калыптанышы сөзсүз кыйынчылыктарды пайда кылат.

Улуттун калыптанышына сөзсүз мыйзамий чаржайыттыктар да тоскоолдук кылышы мүмкүн. Мисалы, кечээ жакында кабыл алынган диний мыйзам кыргыз жарандарынын ортосунда сөзсүз бир жактуу басымды пайда кылат жана коомдун тегиз, бир калыпта өнүгүшүнө сөзсүз кедергисин тийгизет. Баса, мындай бир жактуу өктөмдүк кыргыз басмасөзүндө бүгүн эле кашкайып чыгып, күч алып барат.

Азыркы коомубуздун кайсы бир бөлүгү бираз текебердик оорусуна чалдыккан жана алар өздөрүн калктын басымдуу бөлүгүн түзүп турган кыргыз элинен алда канча бийик сезет. Биз бу жагдайды күч менен теңдештире албайбыз. Жалпы кыргыз элинин интеллектуалдык көрөңгөсүн бекемдөөдө мамлекеттик жардам сөзсүз керек.

Ал эми “улут” деген түшүнүктүн мерчемдүү бучкагын кармап турган кыргыз тилин Ташбоо Жумагуловго гана тапшыра салганыбызда, а кишинин дабышы эрме чөлдөгү бир байкуштун айкырыгындай эле болуп жаткансыйт. Муну жеке бир кишиге шылтай бербей, учурунда тил жаатында кабыл алынган мыйзамдарды мамлекеттик деңгээлде күчөтүлгөн каражаттар менен колдоого алышыбыз керек.

Өткөн кылымдарда Манас Атабыз “кулаалы таптап куш кылып, курама курап, журт кылган” кыргыз элибизге нечен уруулар сиңип кеткен сыңары, бүгүнкү күндө “Кыргыз Республикасы” деген аты бар, аймагы бар, өсүү мүмкүнчүлүгү жогору мамлекетибизде билгичтик менен аракет кылса түбөлүк калчу кыргыз улутун түптөсө болот ко деген үмүт менен…

Жаныбек ЖАНЫЗАК,
улуту – кыргыз,
Семетей_дин жарчысы

«Аалам», 26.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.