Бобулов феномени

Февраль айында Ош технологиялык университетинде Бүткүл дүйнөлүк эне тили күнүнө карата жазуучу жана коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун өрнөктүү өмүрүнө, анын чыгармачылыгына арналган “Эне тил барда мен бармын, эне тил менен Камбармын” аттуу темада эскерүү кечеси болуп өттү. Анда К.Бобуловдун ишмердүүлүгү тууралуу фильм көрсөтүлүп, ырлары окулуп, акындык, жазуучулук, илимпоздук жана адамдын тагдыры тууралуу кеңири сөз болду.

Мен Камбаралы Бобулов феноменин ар тараптан карап көрдүм.

Биринчи – анын адабий сынчылыгын карасак, анын фигурасы өткөн кылымдын аягында эң тайманбас, тайсалдабас, өжөр сынчы катары чыга келет. Эл аралык адабий сынчылар ассоциациясынын (МАЛК) Кыргызстандан, балким Орто Азиядан жапжалгыз мүчөсү болуп жүрдү, өзү да ошонусуна сыймыктанып, макалалаларды жазганда “МАЛКтын мүчөсү” дегенди кошуп койчу. Чын эле ал учурда азыркыдай жайнаган ассоциациялар менен коомдор жок кезде жалпы кыргыздар үчүн Бобуловдун МАЛКка мүчө болуп жүргөнү чоң сыймык, улуттук мактаныч эле.

Экинчиси – К.Бобулов эң мыкты котормочу экен, негедир мен үчүн улуттук маданияттын тарыхында ал которгон Хафиздин казалдарына жете турган котормо али жарала элек сыяктанат.

Үчүнчүсү – ал ашкере ички сырын төгүп салган акын болгон. “Махабат аралы” жыйнагы, “Лалахан казалдары” түрмөгү – кыргыз поэзиясынын тарыхындагы өз орду бар жыйнак гана эмес, ыр жазабыз дегендерге өрнөк боло алуучу, аларга үлгү катары көрсөтүүгө толук татыктуу китеп. Адатта, зыңкыйып, каардуу, сүрдүү жүргөн Камбаралы Бобулов ырга келгенде өзүн өзү жоготуп, өзүн өзү алашарбыттагы ээриген кардай ак кагазга төгүп салган экен.

Төртүнчүсү – Бобулов кара сөздүн устасы, ал майда деталдар менен адам турмушун, алардын татаал мамилелеринин диалектикасын, каармандарынын психологиясын кылдаттык менен ачып бере билген.

Бешинчиси – ал журналист жана журналистика тармагын уюштуруучу болгон. Кыргызстандын тарыхында СССРдин №1 газетасы “Правдага” иштеген 2-киши дегендин өзү эле эмнени айтып турат. Ошондой эле ал жетектеген “Кыргызстан пионери” газетасы кыргыз басма сөзүнүн тарыхында эң популярдуу, дээрлик бир нече муунду тарбиялаган, эң эле нускасы көп газета болгон.

Алтынчысы – Бобулов сөздүн толук маанисинде патриот эле, улут үчүн күйгөн инсан эле. Бир жолу анын Өзбекстандын Жиззак облусуна барганын жомок кылып айтып калышат, бир кыргыз мектепке барса, Кыргызстандын символикалары, кыргыздардын портреттери жок экен, ачууланган Бобулов хокимдери менен раистерин баш кылып сөккөн экен, эртеси кайра Камбар акаларинин келишине Ташкенденби, Бишкектенби, баарын таап келип, тагып коюшуптур.

Ушинтип жетинчи, сегизинчи, тогузунчу… деп Камбаралы Бобулов феноменин айтып отурсаң четтен айтыла берет, бардык жактан ал биринчи орунга чыга берет, кайталангыс талант экендиги тастыктала берет.

Камбаралы Бобуловдун алгачкы аңгемеси “Айлуу түндө күйгөн от” деген ат менен 1954-жылы “Жаш ленинчи” журналына басылган. Бул жылдары ал 17-18 жаштагы оозунан эне сүтү кете элек жаш бала эле. Адеп эле басылган аңгемесинен жакшы сөз угуп, рухий канааттануу алган, Фрунзе шаарына жаңы эле келген студент ошол кездеги эң эле аброю чоң жана адабий коомчулук калтырбай окуган, жалпы элдин колунан түшпөгөн “Ала-Тоо” журналына “Сүйүү лирикаларынын туура бааланышы зарыл”, “Акынга кат” – Т.Сыдыкбековдун “Биздин замандын кишилери” романы боюнча Аалы Токомбаевге ачык каты, “Оморчулук деген эмне?”, “Азыркы адабий сын жөнүндө пикир”, “Поэзиядагы халтуранын жолун бөгөөгө мүмкүнбү?..”, “Кыргыз адабияты жөнүндө пикирлер” деген макалалары чыгат. Булардын ичинен “Оморчулук деген эмне?” (кийин “Оморчулук – турмуштук көрүнүш” деген ат менен китептерине кирген) деген макаласы адабий талдоо менен социологиялык-турмуштук изилдөөнү таамай айкалыштырган макала катары бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин жоготпой келе жатат. Т.Сыдыкбековдун “Тоо балдары” романындагы Омор акенин образын талдоого алган бул макала орус адабий сынындагы В.Г.Белинский, Н.А.Добролюбов, Н.Г.Чернышевский сыяктуу адабиятчылардын салтын жакшы өз-дөштүрүү менен, алардын методологиясына таянган жаш адабиятчынын өз жүзүн көрсөттү.

“Съезд алдындагы трибуна” деген аталыш алдында басылган “Поэзиядагы халтуранын жолун бөгөөгө мүмкүнбү?..” деген макаласы өзгөчө анын атын адабий чөйрөгө дүңгүрөттү. Жыйырма эки жаштагы жигиттин улуу муундагы акындар Т.Байгабыловдун, Ү.Жумабаевдин, К.Жунусовдун, К.Төлөбаевдин ырларын талкалап, алардын жазгандарын жүнүн жулган короздой жылаңачтап түшүшү макаланын сырткы белгиси болсо, ошол эле кезде бул макаласы менен адабий сын жаңы сапаттын деңгээлге – көркөм чыгармага мурдагыдай идея-темасына асыла бербей, эми эстетикалык жактан баа берүүгө көтөрүлгөндүгүн көрсөттү. Бул кезде адабий чөйрөгө аралаша баштаган жаш сынчылар ушундай талаптар менен чыгып жаткан эле. Ошолордун катарына К.Бобулов кошулду. Макаланын аталышы риторикалык суроолуу болуп турса, анын ичиндеги ойлор, сынчы койгон талаптар илептүү сүйлөмдөрдөн куралып, жазмакерлердин жонуна камчы болуп урулган.

Бул макаласында адабий сындын милдети жана ага кам көрүүнүн зарылдыгы тууралуу мындай ойлорун ортого таштайт: “Сынчылардын азыркы учурдагы негизги милдеттеринин бири – поэзиядагы, прозадагы кеңири тарала баштаган халтура менен күрөш жүргүзүү болуп эсептелет. Халтуралык чыгармалардын жолун бөгөө үчүн күрөшпөй туруп, жакшы чыгармалардын көбөйүшү үчүн күрөшө албайбыз. Бирок, биздин кээ бир сынчылар бул милдетти дурус аткарышар эле. Өкүнүчтүү нерсе аларды, көпчүлүк учурда тийиштүү уюмдар колдошпойт. Эгерде жазылган макалалардын адилеттүүлүгүнө карабастан эч ким колдобой койсо, халтуршиктерди ооздукташ үчүн ким сын жазгысы келсин.

Халтуралык чыгармаларга арналып жазылган сындар эч бир жыйнакка киргизилбей келе жатат. Ушунун өзү эле: “Силер халтуршиктерге каршы сын жазсаңар, ошондой болосуңар” дегендик эмеспи. Эгерде сынчылардын халтуралык чыгармаларга жазылган адилеттүү макалалары атайын жыйнакка топтолуп чыгарылса, халтуршиктердин үрөйлөрү учуп, көп тамырлай алышпас эле”.

Мына ушул практикалык сунуш жазуучулардын курултайында кабыл алынган болуш керек, К.Бобуловдун өзүнүн түзүүсүндө сынчылардын макалаларын бириктирген “Адабий сын макалалар” деген топтом 1960-жылы жарык көрүп, ошондон кийин сынчылардын учурдагы адабий процессти талдаган макалалары топтолуп, жекече китеп болуп чыга баштады. Бул сунушу менен жаш адабиятчы өзүнүн атуулдук позициясын бекемдеп, адабияттын чыныгы күйөрманы экендигин дагы бир жолу көрсөтө алган.

Жаш адабиятчынын өжөрлүгү, макалаларынын деңгээлинин жогорулугу, адабий кызматкерлер менен тынымсыз иштешүүсү, аларга өз чындыгын көшөрө далилдөөсү ошол жылдары макалаларынын биринин артынан экинчисинин басылып турушуна жакшы жагдай түзгөн, болбосо ал кезде мынчалык курч макалаларды тез-тез популярдуу журналга чыгарып туруу башка бир да адамдын колунан келген эмес. Анан калса ал ушул жылдарда орусча да жазууга далалат кылып, ар кандай жыйындарда тартынбай сүйлөп, көбүнчө чыгармаларга сын айтып, кээде ур-токмокко алып катуу чыгат.

Ушул жылдарда дагы бир макаласы, азыр эми моюнга алышыбыз керек – Чыңгыз Айтматов тууралуу кыргыз адабий сынында айтылган эң объективдүү, эң алгачкы баалардын бири болгон. Кыргызстан Жазуучуларынын 3-курултайына карата жарыяланган ошол “Махаббат баяны” деген макаласы ачык асмандагы күн күркүрөгөндөй эле элес берген. Анткени ошол жылдарда кыргыз интеллигенциясынын күркүлдөрү тарабынан Ч.Айтматовдун “Обон” (“Жамийла”) повести кабыл алынбай, четке кагылып, анын кийинки тагдыры бар же жоктун ортосунда турган. Анан эле Бобуловдун жогорудагы макаласы жарык көрүп калат.

“Жамийла” повести жарык көргөндө, – деп айтат кийин ал мезгил тууралуу Чыңгыз Айтматов, – аттуу-баштуу, өзүбүздүн эле жазуучубуз аны абдан катуу сынга алды. Повестимди партиялык жыйында, коомчулуктун алдында талкалап салды. Ал өзүнүн повестке койгон дооматында адабий чыгармалардын маани жана мазмунун коммунисттик партиянын саясатына ылайыкташтыруу керектиги, соцреализмден алыстабоо, идеологиянын башкы нугу тууралуу айтып отуруп, акыры үй-бүлөдөгү ажырашуу иши коммунисттик партия тарабынан талкууланчу чоң нерсе экенин айтты. Партия негизинен үй-бүлө биримдигин сактаган элемент экенин баса көрсөтүп, акыры менин повестимде ушундай идеяларга дал келбеген сюжеттин болгонун белгиледи.

Ал мезгилде аялын кимдир бирөө таштап кетсе сөгүш деген нерсени алчу. Партиядан чыгарылып, ишинен айрылчу. Адабий чыгармалар да коомдогу терс көрүнүштөрдү чагылдырганда ушундай адамдарды терс каарман кылууга тийиш эле. Ал эми меники болсо тескерисинче”.

Дал ушул кезде эң алгач К.Бобулов үн катты, болгондо да повестти өтө жогору баалап салды. Ырас, анын да өз тарыхы бар эле. Ошол жылдары Москвада кыргыз адабияты менен көркөм өнөрүнүн декадасы болуп, анда Ч.Айтматовдун чыгармалары өтө жогору бааланат, муну көп жазуучулар, партиялык жетекчилер көрө албайт. “Жамийла” тууралуу К.Бобуловдун “Ала-Тоо” журналына даярдалып, басылганы жаткан макаласы да терилип калган кезде, номерден алынып салынат. Тескерисинче, “Жамийланын” тилин талкууга алган Жазуучулар Союзунун жыйыны өтүп, анда 23 адам чыгып сүйлөп, алардын ичинен “бала сынчылар” К.Асаналиев менен К.Бобулов гана теңтуш жазуучуну жактоого албаса, калгандары Айтматовду куру сындоо менен тепкиге алат. Ушундай кысымга карабай К.Бобулов көктүгүн көрсөтүп, “Ала-Тоо” чыгарбаган макаласын кыскартып, үзүп-жулкуп, эптеп партиялык газетага чыгарат. Өз кезегинде бул анын өжөрдүгүнөн, батылдыгынан, принциптүүлүгүнөн улам аткарылган чоң эрдиги болгон.

Ошентип студенттик кезиндеги оперативдүү жана курч сын макалалары менен адабий коомчулукка таанылып, 5-курста окуп жатканда эле Жазуучулар Союзунун органы болгон “Ала-Тоо” журналына адабий кызматкерликке чакырылат. Бул анын тагдырындагы бурулуш жылдар болуу менен ошол эле кезде улуттук адабият илимине, адабий сынга кошулган чоң кошумча болгон. 1959-1962-жылдарда ошол журналдын адабий сын жана көркөм өнөр бөлүмүн башкарып, кыргыз адабиятындагы халтурага каршы тайманбас күрөш ачкан макалалардын жарыяланышына көмөк көрсөтүү менен адабиятыбызды отоо чөптөрдөн, чөкүртөктөрдөн арылтууга талантын жана бүтүндөй ишмердүүлүгүн арнады.

Журналда иштеген мезгилде дагы бир белгилүү макаласы “Ыманбай жана кээ бир зыяндуу “ата салттар” деген ат менен басылган. Макалада Т.Сыдыкбековдун “Тоо арасында” романындагы Ыманбайдын образы аркылуу кыргыз турмушу жараткан бир образдын тереңдеги тамырларын тартып көрүп, анын азыркы коом үчүн зыяндуу көрүнүш экендигин айтат. Эң башкысы анда жазуучу Т.Сыдыкбековдун типтүү каармандын образын жаратуудагы сүрөткердик чеберчилиги жогору бааланат.

Ч. Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөө боюнча, тагыраагы, анын адабий каармандарын ачып берүүдөгү дүйнөлүк адабияттын тийгизген таасири, образдардын типтүүлүгү, жалпылыгы жана жекелиги боюнча кызыктуу ойлору “Турмуш сыноосунан өткөн каармандар” деген макаласында айтылып, бул макала кыргыз айтматовтаануусунун башатындагы олуттуу изилдөөлөрдүн бири катары бааланды.

К.Бобуловдун адабий сынчылык тагдырында “Пути развития реализма в киргизской прозе” деген орусча жазылган монографиясы жогору бааланат. Бул кыргыз адабиятын үйрөнүүчүлөр жана таанып билүүчүлөр үчүн бүтүндөй прозабыздын советтик мезгилдеги башаты, калыптанышы, дүйнөлүк бийиктикке көтөрүлүшү ар тараптуу талданган эмгек болуп саналат.

“Фольклор жана адабият” деген китебинде бул ойлор андан ары тереңдетилип, жазма адабият менен оозеки чыгармачылыктын карым-катышы, реалисттик адабияттын мазмун жана форма жагынан калыптанышы айрым бир чыгармалардын, айрым бир авторлордун мисалында конкреттештирилип, андан соң жалпы улуттук адабий процесс аркылуу жалпылаштырылат.

Улуу акын Токтогул тууралуу бир топ макалаларды жазып, “Акындын өлбөс кербези” деген жыйынтыктоочу макаласында: “Орус адабиятын Пушкин, украиндикин Шевченко, казактыкын Абай, грузиндикин Руставели, латыштыкын Райнис сыяктуу өз адабий чөйрөсүндө таңкы Чолпон жылдызындай жанып чыккан адамдарсыз элестетүү мүмкүн болбогондой эле, кыргыз адабиятын да Токтогулсуз көз алдыга келтирүү кыйын” – деп жазып, өзүнүн адабий-теориялык, эстетикалык көз карышына ылайык акын дүйнөсүн ачып берет.

Адабиятчынын бир топ макалалары Алыкул Осмоновдун чыгармаларын талдоого арналган, акындан Москвадан чыккан “Библиотека поэта” деген түрмөктөгү китебине баш сөз жазган, “Көкөй кескен поэзия” деген көлөмдүү макаласында болсо улуттук маданияттагы Алыкул Осмонов феноменин жалпы дүйнөлүк контекстте кароого жетишкен. Тагдыры татаал Узакбай Абдукаимовдун чыгармачылыгы тууралуу “Сүрөткердин нускалуу сөзү жана иши” макаласы да айтылуу “Майдан” романынын авторунун адабияттагы ордун белгилөөгө багытталат.

К.Бобулов адабиятчылык жана сынчылык ишмердүүлүгүндө ар дайым Чыңгыз Айтматовдун улам жаңы жазган чыгармаларындагы көтөрүлгөн проблемаларды окурмандарга ачып берип, же болбосо мурдагы чыгармалары боюнча жаңы көз караштарын айтып келди, бул багыттагы “Чыгармачылыктын жаңы тилкеси”, “Жакшылык менен жамандыктын бой тиреши”, “Чыңгыз Айтматовдун феномени” деген сыяктуу макалалары дүйнөлүк айтматовтаануудагы олуттуу эмгектердин катарында турууга толук акылуу.

Адабиятчынын дагы бир чыгармачылык аракети чет элдик акын-жазуучулар тууралуу кыргыз окурмандарына айтып берип тургандыгы, мисалы, анын В.Г.Белинский, Р.Тагор, А.И.Герцен жөнүндө жазган макалалары өз мезгилинин өтөсүн аркалагандыгын айта кетүүбүз керек. Муну менен ал агартуучулук милдетти да аркалаган.

К.Бобулов теоретик адабиятчы гана эмес, өз пикирлерин эксперименттеп апробациядан өткөргөн практик да болуп саналат, бул багытта анын “Түштүк кызы”, “Чоочун киши”, “Армандуу биздин балалык” деген сыяктуу карасөз түрүндөгү чыгармалары, “Махабат аралы” деген ыр топтому чыккан, Хафиздин газелдерин, Бердактын ыр-дастандарын кыргыз тилине которгон. Бул дагы адабиятчы үчүн керектүү нерселердин бири болуп саналат.

Абдыкерим Муратов, «Кыргыз маданияты», 03.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.