«Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты»…

Мурда көркөм адабиятты элге жеткирүү, түшүндүрүү милдеттерин мамлекеттик камкордукту, радиоберүү, телекөрсөтүүлөрдү айтпаган күндө да, аябай окумдуу “Кыргызстан маданияты” жумалыгы менен “Ала-Тоо” журналы эле чапчаң да, ыкчам да иштешкен, адабий чыгармаларды сыясы кургай электе, алеки саатта “жиликтей” салышкан, анан да кызыл-чеке болуп талашып, тартыша кетишкен азганактай улуу-кичүү сынчы-адабиятчылары менен эле аткарып коюшчу.

Башка басылмалар да бул ишке ырааттуу назар салып турушар эле. Адабий сын макалалар, адабий “алым-сабак, айтыштар” азыркы саясатчылардын былык-чылыктарынан да кызыктуу окулчу. Азыр кырдаал түп тамырынан бери өзгөргөн.

Мурункуларын айтпаганда да адабий сындын К.Асаналиев, К.Артыкбаев, С.Жигитов өңдүү алптарынын көзү өтүп кетти. Ал эми А.Эркебаев, К.Даутов, О.Ибраимов, С.Байгазиев, К.Ибраимов, К.Байжигитов, А.Акматалиев, Ж.Бөкөшев, Ү. Касыбеков, Б.Шамшиев, С.Тиллебаев, Б.Акматов, А.Медетов өңдүү азуусу эчак чыккан адабият сынчыларынын бир тобу “жер которуп”, башка иштерге өтүп кетсе, бир тобу тынчыраак илимий, педагогикалык деген ишмердүүлүк менен алектенип келишет. Бирок адабият айдыңындагы мындай кырдаал үчүн аларды айыпташ мүмкүн да эмес. Анын да объективдүү себептери бар. Адегенде ошол “себептерге” назар сала кетели. Бул себептердин көпчүлүгү материалдык-финансылык ахвалга байланышса, ал өз кезегинде 20 жылдан бери турукташа албай, урунуп-беринип келаткан коом турмушунун өзүнө барып такалары айкын нерсе. Ошентсе да, баарыбыз көрүп-билип туруп,  оң жагына бурушка алыбыз, чама-чаркыбыз, эркибиз, чыдамыбыз жетпей келаткан жалпыга белгилүү нерселер бар. Алар менин  баамымда төмөнкүлөр:

1. Убагында элдин сүймөнчүгү болгон “Кыргызстан маданияты” жана “Ала-Тоо” басылмалары адегенде (1990-жылдардын башында) дурус эле чыгымыш болуп келди да, акырындап көлөмү, нускасы азайып, жүдөгөн ахвалга жетти. Чыкканда да улам саясат жыттанганы арбып (“эл дарбыса, …” дегендей), нагыз, адабият, маданият маселелери артка сүрүлө берди. Окурмандар да бара-бара алардан “көңүлү” калып, түңүлүштү окшойт. Эгерде бул басылмалар улуттук адабиятыбыздын оперативдүү чабарманы, жарчысы болуп келгенин эске алсак, бул жагдай анын аброюн жогорулатып жиберген жок.

Алардын ордун басуу же атаандаш болуу далалаты менен негизделген “Ак бата”, “Тулпар”, “Мурас” журналдарынын дымагы да тез түгөндү. Жарк деп чыга калып, жалп өчкөн гезит-журналдар да болду. Кийинчерээк чыга баштаган “Адабий гезит”, “Адабий Ала-Тоо”, “Кыргыз адабияты” гезиттери да өз иштерин жакшы башташып, элге алынып калган кезде улам мүдүрүлүп, бирде бар, бирде жок болуп туруп алышты. “Жаңы Ала-Тоо” журналынын ахвалы деле алардан ашып кетпеди.

2. Буга кошумча болуп, аталган басылмалар үзүл-кесил жана аз нускада чыккандыктан, облустарды, райондорду кой, аларды Бишкектин гезит-журнал саткан күркөлөрүнөн көрүү чоң маселеге айланды. Мунун баары чоңбу-кичинекейби  бүтүндөй бир мамлекетте улуттук көркөм адабият, маданият тармагын дамамат тейлеп, элге көркөм-эстетикалык, рухий тарбия, маалымат берүүчү мезгилдүү басылма жок деген таңгалыштуу жана кейиштүү жыйынтыкка алып келди.

3. Китеп түрүндөгү көркөм адабият тагдыры да ушуга окшош. Көркөм адабий чыгармалар таптакыр жазылбай, китеп болуп жазылып чыкпай калган жок. Романдар, повесттер, проза, драма, аңгемелер жыйнактары, эскерүүлөр, тигил же бул инсан тууралуу ар кандай багыттагы китептер чыгып эле жатат. Бирок нускасы аз, өтө эле аз жана баасы кымбат. Мунун себебин өз каражаттарына китептерин  чыгарышкан авторлор полиграфиялык кызматтын кымбаттыгы менен түшүндүрүшөт. Антейин десең, демөөрчүлүк менен жарык көргөн китептердин баасы деле алардыкынан төмөн эмес. Кыргыз китептеринин кымбаттыгы Россиядан алып келинген көлөмү, жасалгасы ошондой эле китептер менен салыштырсаң ачыкка чыгат. Б.а. кыргыз китептери алардан алда канча кымбат экенине ынанасың. Демек, пайда табуу аракети күч. Албетте, бул үчүн авторлорду күнөөлөш да оор маселе. Бирок бул да көйгөйдү чечүүгө көмөк боло албастыгы анык. Ушундан уламбы, аз нуска менен чыкса да, 5-10 жылдап (кызык жери баасы да арзандатылбай) өтпөй турган китептерди четтен табасың.

Барып-келип эле баарыбыз мындай абалдын күнөөкөрү деп мамлекетти, анын бир үлкөн министрлик – мекемелерин бетке кармай салганга маш болуп алдык. Мунун жөндүү да, жөнсүз да жактары бар өңдөнөт. Жөндүүсү – мамлекет чындыгында эле алсырап туран адабият тармагына өбөк-жөлөк болуп, колдоого алып,  сөз чеберлеринин демине дем, шыгына шык кошуп турушу керек эле. Бирок бир чети мамлекетибиз өзү алдан-күчтөн кетип,  буга чамасы келбей турса, экинчиден ага көмөк, жардам болчу азганактай каражат булактары кайдадыр ың-жыңсыз жок болуп, баягы эле “тойбостордун” кулкунуна куркурап кирип кетип жатса кантебиз?! Бул жагдай “жөндүү” делген үмүтүбүздүн талпагын ташка жайып келет. Жөнсүзү –  эртеби-кечпи базар экономикасы деген балакеттин заң-законуна тизе бүгүп, эмчек сураган балага окшобой ар ким өз арбайын өзү согушу керек экен, өз оокатын өзү кылышы керек экен. Бул ырайымсыз жазылбаган мыйзамды оодара салчу, аттап же айланып өтчү жылчык да, арга да жок экен. Биздин көп авторлорубуз, айрыкча соцреализмдин суусун ичип, абасын жутуп калгандары буга алиге көнө алышпай, жандилинде каршылык көрсөтүп, бир буту менен соцреализмде, экинчиси менен так ушул жапайы, түрү суук капитализмде турушат. Алар артка жол жок экенин сонун билишет, бирок алдыга шарт жүрүп кеткенге чама-чаркы жетпей турушкансыйт. Ошентип, алар барскан менен дөшүнүн ортосунда турушат, болгондо да 20 жылдан бери. Бир тобу “кечтим байдын кызынан” деп кагаз-калемин жыйыштырып туруп, барскан менен дөшүнүн ортосун эске салбаган башка бир жакка өтүп кетишкен. Бул да улуттук көркөм сөз өнөрү үчүн жоготуу, эгерде ал адам сөз баккан, анын касиетин билген дараметтүү жазуучу, акын болсо орду толгус жоготуу болбогондо эмне?!

Адабий кыймыл, албетте, токтоп калган жок.  Эң кейиштүүсү, жогортодо белгиленгендей, бизде адабий сын дээрлик жок болуу абалында турат. Анда-санда чочугансып жазыла калган толумдуу адабий сын макалаларды эске албаганда, юбилейге байланыштуу же реклама мүнөзүндөгү материалдар басымдуулук кылып, адабий процесстин агын ак, көгүн көк деп профессионалдуу түрдө сынга алган, анын катализатору катары кызмат өтөп, окурмандардын көп маселелер боюнча көзүн ачкан, көркөм адабият менен окурман массасынын ортосунда көпүрө болууга жарамдуу адабий сын биз үчүн эскерүүлөрдө гана жашап калды десек аша чапкандык болбойт.

Ошентип, жондотуп, дүңүнөн айтканда бир убакта ардакталып, аздектелип, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жетип, коомчулуктун көңүл борборунда туруп  келген көркөм сөз өнөрүбүздүн  ахвалы, үстүрт, ачык көрүнүп турган жагдайлары ушундай. Анын ойлоно турган, кеңеше турган, талашып, сындай турган маселелери арбын.

Курманбек Абакиров, Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти,
«Кыргыз туусу»,
19.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.