Негедир уйкум келет… Негедир Киотого кетким келет

Сулуулуктан улуулукка

«Сулуулуктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны» деген китеп «Турар» басмасынан жарык көрдү. Ал китепке кирген арноолор, маектер, эсселер, эскерүүлөр, изилдөөлөр, жарыяланбаган чыгармалар таланттуу жазуучу, драмачы жана киносценарист Мурза Гапаровдун чыгармачылыгын, жеке турмушун дагы тереңирээк түшүнүүгө жардам берет. Китепти Абдыкерим Муратов түзгөн. Мурза Гапаровдун жазуучу-журналисттер менен чер жазыша сүйлөшкөн сукбаттары көркөм адабий чыгармаларындай эле кызыгуу менен кабыл алынат, аларды ырахаттанып окуп, жазуучунун баладай баёо, Мургабдын абасындай таза, Ноокаттын өрүкзарындай ажайып сулуу дүйнөсү менен кездешебиз. Булар өзгөчө кыргыз адабиятындагы кайталангыс руханий мурастар экенин сезебиз.»

 

Абдыкерим Муратов. Көпөлөктөр өрөөнүн көксөгөн Мурза Гапаров

Эссе

(Жазуучу Мурза Гапаровдун адамдык жана сүрөткерлик ажарына айрым сүртүмдөр)

«Кетем, кетем, сайдан түстүү таш терем…»

Мурза акани «узун сөздүн жана кыска аңгемелердин устасы» деп коюшат. Ошондой. Кыска жазат. Анан бирдекени айтып берсе, об-бо э-эй, узундан узу-уун айтат. Көбүнчө ошонусу жакшы. Бир жолу «Сезим империясы» деген жапон фильминин сюжетин айтып атат, мен угуп турам, курсак ач, анан кинодо аял ойношу менен оттон ысык болуп кетип, экөөлөп күйөөсүн оо дүйнө кетирип, анан ошо балакет сөөктү жашырар жай издеп аппак карда тоо-токойду көздөп, бир жагынан маркум айыпсыз күйөөсүнүн өлүгүн алып, бир жагынан тиги оттон ысык ойношту эш тутуп жөнөйт эмеспи, ошондогу узак жолдогу деталдарды айтып атат. Шундай ширин айтат, дүйнөлүк кино шедеври жолдо калат, курсагың да тоёт, Мурза акага суктанасың, ырахаттанасың, баарын таштап туруп раамалык Жолон акечесинен «кетем, кетем, сайдан түстүү таш терем, шаарда жүрүп ыр жазгандын ордуна» деп Мурза аканин сөзүн ээрчип, өзүн ээрчип, ажайып чөлкөмдөргө дервиш болуп кеткиң келет… Баса десең, Ж.Мамытовдун «Арсланбап» деген жогорку саптары бар ыры да М.Гапаровго арналган, чамасы эчен жолу акын дилин да табият койнуна ээрчиткен белем…

 

m_gaparov

Катарлата ташпанарлар илинген үңкүр-үй

Жылдардын бир жылдарында перестройканын жана жаңы башкан болгон Чыкенин шапатасы менен кыргыз жазуучулары Байтик жактан – жакшы жерден жай бөлдүрүп, дуңгандар менен каристердей кыйратып ийе тургансып дача курганга киришти. Эл катары Мурза ака да бир тилим тамарка алды, үй салганга деп анча-мынча ками-көсүн да эптеди. Анан айтып калчу, мен үйдү башкача салам деп, айтуудан, ал үйү жер бетине чыкпайт имиш, кууш, тар тепкичтер менен кирген адам паска түшүп, ным, сыз жыттанган бөлмөлөргө кирет, а ал бөлмөлөр алгачкы доордо жапайы адамдар жашаган үңкүрлөрдөй табигый болот экен, очокто от жагылып, дөңгөчтөрдөн, тамырлардан эмеректер коюлуп, ичин ташпанар чырактар үлбүлдөтүп жарытып, бираазки жээрлерине жин чырактар илинип, жарганаттар, намашам коңуздар, байулулар каршы-терши учуп-конуп, адамдарга үйүр алып, бирге жашайт экен. Үстү шифер ордуна – көк чым, ичинен шылдырап пиликтей суу агат… Ал дача бүткөн жок, жери кайсынысы экенин да билбей калды кийин Мурза ака өзү да…

Кошок кошор кошокчу
Эгер учуп кетсе,

Уяларын таштап эзелки

Буерлердин булбулдары.

Мен алардын ордуна

Кошок кошуп турмакмын.

Ушинтип ырдайт 12-кылымдагы жапон акыны Сайгё.

Мурза ака Бакен Кыдыкеева эже өлгөндө, анын сөөгү он сегиз күн өтүп өлүкканадан табылганда ушундай бир кайгырып жүрдү, сүрөткер адам жөнүндө, анын бүгүнкү акыбалы жөнүндө, өзү жөнүндө «жазамын» деди. Ыйлап жазамын деди, анысын «Өткөн жылдын кары кана?» деп атаймын деди…

 

Жапон саякатчысы

Мурза акага Жапония тууралуу суроо берсең, бүттү, буудай ыраңына кан жүгүрүп токтобойт эле: ак бубактуу Фудзияма, Күнчыгыш өлкөсүнүн эски ордосу Киото, самурайлар, сакуранын гүлдөрү, ракша, сака, бийикке чыккан кууш таш жолчолор, андагы чырак кармаган адамдар, күңүрт турмушту көрсөткөн киносу, куурчак оюндары, жалгыз адам ойногон салттуу театры… ошентип кете берет, кете берет, айта берет, айта берет. Сааттап, күндөп, айлап токтобойт.

— Мурза ака, Сиз Японияда канча жолу, кай жерлеринде болдуңуз? – деп сурап коём.

— Жол түшө элек, бара элекмин, үка. Кеңеш досум барган,- деп коёт ал да айыптуудай.

 

Түш сатуучу

Өмүр күзүнүн кайсыл бир жылдары ал кайсыл бир гезиттен түшүн сатып жүргөн жапон кишиси тууралуу жомок окугандыгын, аны орус тилине Маркова деген аял которгондугун, ошол китеп жүдаа керек экендигин жолуккан сайын айта берчү. Кийин зайыбы экөө ал китепти түк эч жерден таппай, акыры маркум болгон Маркованын кызын сүрүштүрүп, ага телефон чалат. Кызы болсо сөзсүз жардам берерин айтып, анан бир нече күндөн соң деги эле апасы андай китеп которбогондугун, деги эле андай жомок жапондордо болгон-болбогонун өзүнө жакын кишилер билбегендигин телефондо билдириптир. Андай болсо Мурза ака эмне, түш сатуучуну түшүндө көрдүбү дейсиң?.. Деги эле ал бир топ чыгармаларынын идеяларын, каармандарын түшүнөн тапчу окшойт дейсиң…

 

Сууктан коркуу

Мурза ака дайыма айтчу: кыш келатканда эле корком дечү, сууктан корком дечү. Ушундай дечү да чыйрыккансып, ичиркенип алчу. Быйылкы кыштан кандай чыгаар экемин деп басып кетчү.

Коркуп калчуумун.

Мурза ака, кыштын суугунан корккон Мурза ака 2002-жылы 11-июнунда, жайдын ысыгында – балким кылымдын эң ысык күнүндө – саратандын асатинде үзүлдү…

 

Арзыматтардан – сакуралардын саясына

Өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягында акын-жазуучулар бийликке аябай кошоматтанууга өтүп алды. Мурза Гапаровго да үй алып бергендер, үй бергендер аны өздөрү тарапка имерип көрдү. Болбоду. Атүгүл жаны ачыганда мындай саптарды жазып жиберди: «…Сары-Өзөндүн даанышман уулу Шабдан баатырдын ошондой (Токтогул менен айтышкан Арзыматтай кошоматчы – М.А.) ырчысы болгон турбайбы, каражаак Калмырза деген. Баатыр ажылыкка аттанганда Калмырза минтип атказган имиш:

«Ак боз бээни сойсок да,
Атын Шабдан койсок да,

Ааламдан чыкпайт сизге тең,

Баатыр Шабдан кеменгер,

Ажыга аман барып, аман кел…»

Ушул жерге жеткенде Шабдандын жанжигити Баяке: «Токтот, токтот… Ар жагын бузуп аласың» деген дешет. Ырчы дароо басылып, андан жогорку кыска жана нуска саптар гана калыптыр. Атаганат, азыркы биздин эл башчы, жол башчыларыбыздын жанында дагын Баякедей эр жигиттер бар болсочу. Анан ал жигиттер ар кандай айлакер кошоматчылардын алдын тороп, алардын аяр арзуусун аңдып, үлкөн үмүттөрүн үзүп, үшкүртүп турушса» (Гапаров М. Ак үйгө арналган серенада // Асаба, 1998, 3-апр.)

Мурза Гапаров мына ушинтип бийлик жана жазуучу, кошоматчылык жана чындык, көшөкөрлүк жана түздүк тууралуу ойлорун айтып келип, негедир жазып аткандарын маанайы чөгүңкү уруй менен мындай куласалайт:

«Биздин өлкө баатырларга муктаж. А биздин баатырлар – арзыматтар.

Айта берсе арман көп…

Негедир уйкум келет… уйкум келет…

Негедир Киотого кетким келет… Ал жакта азыр сакуралардын чатырап гүлдөгөн маалы. Сакуралардын саясында чачтары карганын канатындай жалтылдаган, ажары айдай айымдар, айымкыздар баратышат. Ааламдагы эң сулуу аялдар Киотодо жашашат. Киото-сан… Сакура-сан…»

Нурзада Ташбаева, “Де-факто”, 27.10.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.