«Тепкиң келсе тээп ал»

Эстрада артисттеринин жана куудулдардын аткаруусундагы “Аста секин колукту” музыкалуу комедиясы Насыр Давлесовдун 80 жылдыгына анын окуучулары тартуулаган белек болуп калды.

Элибиздин залкар композиторлор плеядасынын өкүлү Насыр Давлесов 15- мартта 80 жашка чыкты. Башкасын атабаганда да “Курманбек” өңдүү залкар операсы менен эле аты тарыхта калган юбилярдын “Аста- секин” колуктусу” бүгүн башкача жүз менен көрүндү.

Устаттын юбилейлик датасын ириде анын колунан тарбия көргөн бир кездеги окуучулары эстеди. 2-апрелде опера жана балет театрында ошол окуучуларынын аракети менен коюлган “Аста -секин, колукту” музыкалуу комедиясынын бет ачарында Насыр Давлесов сыркоолоп, көрөрмандар менен өзү кошо олтуруп көрүүгө чамасы келбеди.

Чыгарманын музыкасын Насыр Давлесов, либреттосун Насирдин Байтемиров жазган кезде туулган балдар бүгүн кырктын кырына келип калышты. Азыр ал комедияда роль аткарып жаткандардын көбү ал убакта туула элек болушу керек. Айтайын дегенибиз аталган авторлор ошончо жыл мурда эле келечек муун үчүн шедевр жаратып коюшуптур. Алдын- ала, көрөгөчтүк менен муундардын, замандын оош- кыйышын, азил- тамаша аралаш, комедиялуу ыргакта бере билишкени, музыкасы да, сөзү да бири- бирине төп келишип, жеңил, табигый таасир бергени менен өзгөчөлүү. Жаңы жазылган мындай чыгарманы кездештирүү кыйын. Чыгарма 1977- жылы опера жана балет театрында сахналаштырылып, 1990- жылдарга чейин опералык репертуардан түшпөй келгендиги белгилүү.

Насыр Давлесовдун мурдагы студенттери Аманбек Жапаров, Карагул Тиленчиев, Эрик Кадырбаев, Кубан Өмүров, Касым Тыныбеков, Райкан Бейшеналиева, Жумакадыр Курмангалиев- булар “Аста секин колуктуга” сахнада дагы бир, башка жүз жараткан жылаңач баатыр болуп калышты. Жылаңач баатыр дегенибиз, мамлекет чиновниктерине, меценаттарга мүшкүл салбай эле “өзүнүкү өзүнө” деп оюндун өзүн- өзү актай турганына бекем ишенген эрдигинен эле чыгып жатат.

Уюштуруучулар эстрада ырчылары менен куудулдардын көмүскөдө катылып келген драмалык- комедиялык шыгын, дараметин козгоп, ачылыш жасаганын жар сала кетүү керек.

Сапарбайдын ролун аткарган Бакыт Мукул сахнада өзүн эркин, жеңил алып жүргөнү, кылыктуу, кызыктуу кыял- жоругу менен жадыбызда калды.

Зияданын ролундагы – Алина Жетигенова колуктунун ролу үчүн жашы өтүп калганына карабастан, эликтей секирип, көздөрүн балбылдатып, назик сүйлөгөнү, назданган мүнөзү менен 25 жаштагы кыздардан кем көрүнбөдү.

Маркабай – Жаныбек Алыкулов комедиялык ролдорго ылайыктуу жаңы бир актер туулуп келгендей кубантты. Жаныбек жанды кашайтып, кайра күлдүрүп, сүйдүрүп, көрөрманды далай түйшүккө кабылтты.

Барсана байбиче – Жамиля Муратова гримденип алса, ролго куп жарашып, байбиче эле болуп алыптыр. Көрөрман жаңы чыккан бу кайсы артист деп айрып биле албай кыйналды болушу керек.

Оорулуу кемпир – Райхан Абдувалиевага эпизоддук роль тийсе дагы, күлкүлүү жүрүш- турушу, чебер аткарышы менен ооруган кемпирди эстен чыгартпады. Сүйүшкөн жаштар Гүлмира менен Саламаттын ролундагы Гүлзат Байзакова менен Токтобек Асаналиев ырчылыгына кошумча драмалык- комедиялык ролго ылайык актерлук дарамети да куру эместигин көрсөтүштү.

“Көпкөн кыз”- Назира Жетигенова менен “Көпкөн жигит”- Мерген Турган – боорду эзип күлдүрүп, көпкөлөң кыз- жигиттердин кылык- жоруктарын кыйшалактап ырдап- бийлегендиги, ролдорун ашыра аткаргандыгы менен боорду эзишти.

Өзгөчө театрга элди алып бара албаган азыркы күндөрдө мындай комедия көрүүчүлөрдү чакырып турган, кассаны толтурган оюндардан болуп калмакчы. Күлүп -жайнап турган көрүүчү ошону менен эле катар жадыбалдай кайталанып келген жадатма эмес, жеңил сабакка катышып кайтары калетсиз.

Ролдор оюндун коюучулары, жетекчилери тарабынан ылайыкталып бөлүштүрүлгөн. Анын үстүнө аткаруучулардын баары эле ар башка жерлерде иштешет, алардын башын коштуруу деле оңой эмес.

Калыстык үчүн айта кетээрибиз, музыкалык комедияны коюучу көркөм- чыгармачыл топ тарабынан кетирилген мүчүлүштөр да жок эмес. Музыкалык комедия болгондон кийин эң ириде анын музыкалык жагы өзгөчөлүү болушу керек эмеспи, музыкалык аткарылышы фонограммадан берилип жаткандыгы ага жасалма түс берип турду. Эстрадалык жанрдын аткаруучулары болсо да, алар ошо оюн убагында жандуу ырдап турса, аткаруучулардын драмалык дараметине да кошумча болуп бермек.

Бир кездерде “Аста секин колуктуну” мен опера жана балет театрында опера залкарлары Кайыргүл Сартбаева, Асек Жумабаев, Дарика Жалгасынова ж.б. аткаруусунда көргөм, албетте, опералык варианты менен азыркы эстрадалык ырчылардын вариантын салыштырууга болбойт эмеспи. Асек Жумабаевдин аткаруусундагы “Жыты сонун акчанын…” деп ырдаган ариясы, “Кайнене” деп ырдалган жана башка эпизоддору эл аралап, далай жерлерге кетти. Залкарлар ырдаган ал оперетта классикалык үлгүдө болуп, уккандын моокумун кандырчу эмес беле.

Деген менен эстрадалык ырчылар менен куудул артисттердин аткаруусундагы варианты карапайым калкка жакыныраак жактары, драмалык чебердик жагы өзгөчөлүү болду көрүнөт. Кантсе да, тынч, бейкапар, билмексен-укмаксан жашоого жаңылык кийирип, уюштуруучулук жөндөмдү көрсөтүп, маданияттын чоң чиновниктери байкабай калган залкар композитордун юбилейлик мааракесин биринчилерден ачып, элдин маанайын жаркыткан комедияны койгон шакирттердин аракети саамалык болуп калды.

Айгүл Бакеева, «Ааалам» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.