Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти Саламат Садыкова: “Менин бактымды Кудай ырдан жараткан”

Кыргыздын булбул таңшык ырчы кызы Саламат Садыкова. Анын ырын миңдеген күйөрмандары алакан чаап коштоп келатканына чейрек кылымдан ашык убакыт өттү. Алгач ал өз элибизде гана даңазасы чыгып, урматтын ээси болсо, азыр улуттук маданиятыбызды дүйнө элдерине таанытып, чыгармачылыгынын гүлдөп турган учуру. Анын чет элдиктердин чакыруусу менен барган ар бир сапары ийгилик менен коштолот. Саламат жандуу үн менен комузун мукам кайрып коштоп ырдаганда кыргыздын кылымдардан бери мурас болуп келе жаткан улуттук өнөр дүйнөсү ачылып,  башка улуттун өкүлдөрү тилин билбесе да дилин жүрөгүнө сүртүп, ыраазы болуу  менен алакан чаап, кайра сахнага суранып,  гүлдөргө бөлөп  турган көптөгөн  чыгармачылык жолугушуулар, концерттер өттү.

Саламат менен чыгармачыл достордон болуп калбадыкпы. Жолукканда сөзүбүз ырдан башталып, ырдан бүтөт. Анан кээде аялзатына таандык аялуу сырларды бөлүшмөйүбүз бар. Баары бир чындап сырдаша калганда төгүлүп-чачылып, комузун бооруна кысып туруп, “Менин бактымды Кудай ырдан жараткан” деп айтканы эсимден чыкпай калды. Туура айтат. Ар кимге Кудай ар кандай тагдыр берет, бакты, бала, сүйүү берет  дегендей, чынында да Саламаттын бактысы ырында. Ырдан жылдызы ачылган анын чыгармачылыгы алгач өз элибизде таанылып, атак-даңктын ээси болду.

Көп жылдар Кыргыз улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинде эмгектенип келет. Ал чыгармачылыкта өтө мээнеткеч, изденгич, талбаган аракети менен улам жаңы репертуарга умтулуусу күчтүү ырчы. Ошонусу менен ал башкалардан көп айрымаланып турат. Изденүү болгон жерде өсүү болот эмеспи. Саламат жеке чыгармачылыгында Германия, Голландия, Белгия, Түркия, Япония, Кытай өлкөлөрүндө болуп, эл аралык музыкалык фестивалдарга, сынактарга  катышып, ийгиликтер менен келген учурлары көп. Натыйжада, чет элдик чакырууларда болуп, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө кыргыз ырын жаңыртып, кыргыздын таланттуу кызы катары элибиздин атын чыгарууда.

Кореяда өткөн фестивалда “Дүйнөлүк чебер” титулуна татыктуу болгон. Ал эми Испаниянын Севилья шаарында өткөн  эл аралык музыкалык фестивалына катышып, кыргыздын  көркөм өнөрүн даңаза кылды. Саламаттын комуздун коштоосундагы элдик ырлары Испаниянын сахнасын жаңыртып ырдалып, мунун өзү кыргыз ырын, кыргыз үнүн чет элдиктерге таанытып, кыргыз маданияты үчүн чоң салым кошкону эмей эмне?!

С. Садыкованын аткаруусундагы Б. Эгинчиевдин “Кызыл гүл” аттуу ыры эл аралык кароо-сынактарда эң мыкты ырлардан турган альбомго кирип, дүйнөлүк 20 чыгарманын бири болуп калды.

Саламат Садыкованын кайталангыс талантын, чыгармачылык жолун көп жылдардан бери америкалык музыка таануучу Марк Хамфри изилдеп жүрөт. Испанияга  чакырылгандагы сапарында Марк Хамфри жана америкалык “Folkloreprodoctions” продюсердик борбору колдоо көрсөттү. Ал турсун аталган борбордун президенти менен Марк Хамфри продюсер-менеджер катары С. Садыкованы Испанияда өткөн жеке концертине коштоп барышты. Бул фестивалга дүйнөдөгү 600 дөн ашуун таланттардан 60 гана өнөр ээлери тандоодон өтүп, алардын ичинде Орто Азия жана Кыргызстандын өкүлү катары биздин ырчы кызыбыз С. Садыкованын тандалышы улуттук маданиятыбыз үчүн чоң ийгилик жана сыймыктуу окуя болгон.

Москадагы маданий форумга барган сапарында дагы ал дүйнөлүк коомчулукка керемет талант экендиги таанылды. ШКУга мүчө болгон өлкөлөрдүн мыкты деген музыканттарын, бийчилерин, ырчыларын, сүрөтчүлөрүн, кол өнөрчү уздарын  бириктирген бул форумга Россия Федерациясы төрагалык кылган.   Үчүнчү ROZAMIRA  эл аралык маданий айкалыштар форумуна катышып, ”ДОМ”  Маданий борборунда москвалыктарга жеке концертин тартуулады. Анын бул концерти “Бүткүл дүйнөгө таанымал үн” деп аталып, аншлаг менен өткөн. Концертке  Россияда иштеп жана жашап жаткан мекендештерибиз, башка улуттардын маданият тармагындагы белгилүү өкүлдөр, форумдун катышуучулары келип көрүп, өтө чоң ыраазылыктарын билдиришкен. Көрүүчүлөр айрыкча Саламат аткарган комуздун коштоосунда “Айнуру”, “Кызыл гүл”, “Алымкан”, “Кыргыз жери” сыяктуу элдик ырларды, дастандарды, термелер менен темир ооз комуздагы күүлөрдү дүркүрөгөн кол чабуулар менен кабыл алышкан. Форумга катышып жаткан Россия, Монголия,  Кытай, Казакстан, Тажикстан өлкөлө­рүнүн маданий өкүлдөрү менен бирге Гала концертке катышты.

Саламаттай таланттуу кызы бар кыргыз элинин маданияты бай, көөнөрбөс көркөм дөөлөттөрү бай деп айтууга арзыйт. Чыгармачылыктын толуп-ташып турган учурундагы куракта Саламат Садыкованын элге бере турган керемет ырлары  улуттун мурасы болуп калары чындык. Миңдеген жүрөктөрдү эңсеткен Баткендин Айгүл гүлүндөй анын ырын угууну эл эңсеп, сагынып турат. Өзү да залкарларга таандык мүнөзү менен кайра-кайра чыга бербей, жеке концертти эл сагынганда гана өткөрүүнү  каалайт. Бул дагы болсо анын өзгөчөлүгүнүн белгиси. Эртең 3-дека-брда улуттук филармонияда  ал “Ырда жүрөк” аттуу жеке концертин тартуулаганы кызуу узанып турган чагы. Анын мукамдуу ыры элдин жүрөгүнө жете берсин.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, «Кыргыз Туусу», 02.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.