“Тактеке”: Кайберенди атпагыла!

Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театрында белгилүү акын Кыялбек Урманбетовдун “Тактеке” спектаклинин бет ачары болду.

Каражаттын тартыштыгынан улам төрт жылдан бери театрдын оңдоп-түзөө иштери аягына чыга элек болсо дагы чыгармачыл жамаат көрүүчүлөргө оюн тартуулашты. Кыялбек Урманбетов «Тактеке» пьесасын кыргыздын кичи эпосу Кожожаш менен Карагул ботом дастанынын негизинде жазган.

Бейкапар жашап жаткан тоодогу жаныбарларга бүлүк салуу максатында чыгармадагы каармандар Карышкыр менен Таз жоору (Тарпаңбай) сыйкырланып адам кебетесине келип, Кожожаш мергенди азгырышып, кайберендерге мылтык сундурат.

Чыгармада адам баласынын жаратылышка аёосуз мамилеси барып-келип оор кырсыкка жеткирип, орду толгус жоготууга учуратары зомбулук менен боорукердик, жамандык менен жакшылыктын карама-каршылыгы чагылдырылат.

Көзгө атар мерген Кожожаш азгырыкка алдырып, бал тилге алданып, эчки-текелердин анабашы Алабашты улактары менен ыргыта атып, кайберендерди оңду-солду кырып келатып, карагайдын түбүндө уктап жаткан жалгыз уулу Карагулду чекеге атат.

Улактарынан, текеси Алабаштан ажырап кайгы тартып турган Сур эчки Кожожаштан өч алганы келип, жалгыз уулунан айрылган Зулайканын муң-зарын угуп, кайгысын көзү менен көрүп туруп, энелик мээрими ойгонуп, желини ийип, өлүп жаткан Карагулдун оозуна сүтүн тамызат. Карагул көзүн ачып, тирилип тура келет дагы улак болуп Сур эчкини ээрчип кетет. Асманда Үч аркар жылдызы жаркырап жанат.

Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театрынын артисттери балдар үчүн койгон «Тактеке» спектаклинде куурчактарды колдонуп, кейипкерлердин кулк-мүнөздөрүн маскрапоздордун кыймыл-аракети аркылуу чечишкен.

Театрдын репертуардык саясаты жаш муундарга элдик чыгармалар аркылуу учурдагы көйгөйлөрдү ачып көрсөтүүгө багытталган, дейт жаштар театрынын директору, режиссер Нурлан Асанбеков.
– Кыргыз элинин элдик чыгармаларында терең философия жатат. Азыр жаштар элдик чыгармаларды окубай калганда, биз аларды театр аркылуу жайылталык, жандуу көрсөтөлүк дедик. Анын үстүнө элдик чыгармалар бүгүнкү күндүн орчундуу проблемаларын таасын көрсөтүп турат. Адамдардын жаратылышка болгон мамилеси, ачкөздүк менен сараңдык, сүткорлук, көрө албастык, кайдыгерлик бүгүнкү күндүн актуалдуу проблемасы болуп жатпайбы.

Спектаклде Кожожаш, Зулайка, Сур эчки, Карышкыр, Таз жорунун образдары артисттер тарабынан абдан кызыктуу, жандуу түзүлгөн.

Алабаштын ролун ойногон актер Өмүрзак Токтомуратов бул чыгарманын жаш өспүрүмдөргө тарбиялык мааниси зор деп эсептейт.
– Чын-чынына келгенде эки-үч жылдан бери театрыбыздын ремонту бүтпөй чыгармачылык менен толук кандуу иштей албай калганбыз. Сахнабыз жакында эле оңдолуп бүткөндөн кийин дароо эле ушул «Тактекени» даярдай баштадык. Ушунчалык буулугуп калган экенбиз. Артисттер эргип иштешти. Анын үстүнө оюнда салттуу театр ыкмаларынан башкача, курчактарды колдонуп, кыймыл аракеттерге басым жасалды. Биздин бул спектаклди көргөн окуучу кийин чоңойгондо бугуну, эликти, эчки-текени атпайт болуш керек. Себеби, премьерага келип көргөн жаш балдар өтө кызыгуу менен карап отурушуп, жаныбарларга боор ооруп, аяп турушту.

Аида деген кызын ээрчитип спектаклге келген Чолпон аттуу келин оюн абдан кызыктуу даярдалганын, мындай чыгарманы шаарда эле эмес республиканын башка аймактарындагы мекnептерде дагы көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.
– Бул спектаклдин тарбиялык мааниси абдан зор болот. Анткени жаратылышка зомбулук кылган адам өзү кордук көрүп калаары таасын көрсөтүлүп жатпайбы. Балдарды боорукер болууга, жан-жаныбарды сүйүүгө үйрөтөт экен. Анан дагы, актерлердун ойногону абдан кызыктуу болду. Мындай спектаклди бүткүл мектептерге коюш керек.

Ал эми Мамлекеттик жаштар театры болсо өкмөт тарабынан каражат убагында берилбегенинен улам төрт жылдан бери оңдоп түзөө иштери аягына чыкпай келет. Директордун айтымында, учурда 1 миллион 200 миң сомдук эле иш аткарылган. Театр толук оңдолушу үчүн 12 миллион сомдук жумуш аткарылышы керек экен.

“Азаттык”, 21.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.