ӨТКӨН ӨМҮР, КӨРГӨН КҮН…

Адабиятты чалкыган мухит дешет. Бул тереңдикке баш-оту менен сүңгүгөн адамдардын ары табышмактуу, ары кызыктуу тагдырлары ар кимибизди өзүнө тартары анык. Бул ирет назарыңызда аксакал жазуучу Төлөгөн Касымбековдун чыгармачылыгы, инсандык тагдыры.

Кан кууган талант

Төлөгөн аганын чоң атасы Ыбырай төкмө акын болгон экен. Анын биртууган агасы Бекназар да сөз берметин терген чыгаан акын болот. Көп акындар жыйылган жыйында эки биртууган алдына эч кимди салбай жеңип чыгышат. Бирок кыргызда эзелтен эки тууган салмакташпайт, күч сынашпайт эмеспи. Ыбырай агасына жол бошотуп, экинчи эл алдында эч качан комуз алып, сөз айтпашка ант берет. Анттын күчү оңой эмес белем, айткандай эле кызыл тилдүү акын бир жылча таптакыр сүйлөбөй калган делет. Мына ошол Ыбырайдан Касымбек, Касымбектен Төлөгөн төрөлөт. Касымбек атанын балдары токтобой, байбичеси Калбүбү “сендей адамдан тукум калбай калганына кантип жол берем?!” деп, 20 жаштагы Анар аттуу кызга өзү куда түшүп, абышкасына алып берет. Ошондо атасы Касымбек 60 жашта, апасы Анар 20 жашта болот. Жыл айланбай Касымбек ата уул көрөт. Алгач наристенин атын Кудайберди коюшат. Кийин “токтобой калган балдардын төлөмөрү” деп жүрүшүп, аты Төлөгөн болуп калат.

Бир күнү комузду кыңгыратып отурганымды көргөн атам колумдан комузду жулуп алып, ташка чаап сындырып салды“,- дейт Төлөгөн ага. “Сен муну кыңгыратканыңды кой. Биздин тукумга бул жарашпайт. Чоң атабыз “экинчи колубузга комуз кармабайбыз” деп ант берген. Ант уруп кетет. Анчалык эле талантың ташкындап жатса, кара сөзгө чыгар күчүңдү… Окуп сабаттуу бол, кыргыздын тарыхын изилде. Бирок колуңа комуз кармаганыңды экинчи көрбөйүн”,- деди. Менин кара сөзгө ооп кеткенимдин да бирден-бир себеби ушул болду го деп ойлойм“.

Тарыхтын атасы

Төлөгөн ага эрте эле калемге арбалып, чыгармачылык менен алпурушуп баштайт. Анын атын чыгарган атактуу “Сынган кылычты” жазууга 26 жашында киришет. Жарыкка чыгары менен ал кезде саясат башка болгондуктан, «кыргыздын тарыхын жазды» делинип ур-токмокко алынып, автордун көрбөгөнү көр болот. «Сынган кылычтан» кийин “Келкел”, “Баскын”, “Чапкын” болуп отуруп, “Кыргын” романын 74 жашында жазып бүтөт. Жазуучунун айтымында, бул чыгарманы 26 жашынан 74 жашка чыкканга чейин жазган.

Жашыбыз тоскоол болбойт эми бизге …

– Төлөгөн ага, тагдыр сизге далысын салган учур болсо керек…
– Кыйын кездер болду. Балапан күнүмдө баш кошкон жубайым Адаш айыкпас оорунун айынан 30 жыл төшөк тартып жатып калды. Эшикке чыгып эркек, үйгө келип аялдын ишин кылган күндөрүм болду. Бул да тагдырдын оор сыноосу. Ал байбичемден 5 эркек, 1 кызым бар. Баары орун-очок алышкан. Балдарымдын улуусу 60 жашта, кичүүсү 45те. Байбичемдин ашын берип, ариетин кылгандан эки жыл өткөндө гана Элмирага жолуктум.

– Сиздердин сүйүү­нүн “Раймалы менен Бегимайдын сүйүүсүндөй” деп аңыз болуп кеткени бекер эместир…
– Мага аял эмес, акыл салган кеңешчи, камкор адам керек болчу. Ошентип, Элмира тууралуу айтып калышты. Экөөбүздүн ортобузда жаш өзгөчөлүк да оңой эмес эле. Алгач өзүн көргөнүм жок. Оюмда “ата-энеси кандай болсо, алар тарбиялаган кыз дагы ошондой болот” деп ойлоп, түз эле атасына бардым. Кыргызда “ыйманы жарык” деп коюшат го. Элмиранын атасы ошондой акылы тунук, көптү көргөн адам экен. Аркы-беркини сүйлөшүп отуруп: “Сиздин мага ылайык кызыңыз бар экен. Мен кызыңыздын колун сурап келдим”,- деп түз эле айттым. Ал киши шарт эле: “Сендей залкар адам кызымдын колун сурап келсе, кантип шагын сындырайын. Мен макулмун”,- деп жиберди. Ошентип сүйлөшүп отурсак Элмира жумуштан келип калды. Биринчи жолу ошондо көрдүм. Буйрук экен, минтип үйлөнүп, Асылбек аттуу уулдуу да болдук. Элмира азыр мени баласындай багат. Мен ага эки дүйнөдө тең ыраазымын.

– Ортоңордо тоскоолдуктар да болсо керек…
– Тоскоолдуктар болду, болуп да келе жатат. Кечээ-жакында эле аялыма кол салуу болду. Айрымдар “күңүнүн күлү жоо” дегендей кеп айтышып, “балдарыңдын эле колунан келди. Эрте эле укук талашып жатышат” деп да сөз чыгарып жиберишиптир. Анын чын-төгүнүн тактап жүргүбүз келбеди. Чындык баары бир калкып чыгат.

– Азыр эмне менен алек болуп жатасыз?
– Учурда мемуардык чыгармамдын I томун жазып бүттүм. Сынбасты уста жаратпаптыр, өлбөстү Кудай жаратпаптыр. Көкүрөк күчүгүм Асылбекке эскерүү китебин жазып жатам. Керез-мурасымды да кагаз бетине түшүрүп, кыргыз элиме кайрылуу жазып койдум.

– “Арманы жок адам болбойт” дешет, арманыңыз барбы?
– Менин арманымдын баарын уулум Асылбек жууп кетти.

Эми баатырдын жубайына суроо узаттык

– Элмира эже, айтсаңыз, атактуу адамдын жубайы болуу кыйынбы?
– Албетте, ар дайым эл алдында жүрөсүң. Анан да агаң экөөбүздү ушак кылгандан эл эч жадабай койду. Өзүм катуу ооруп, ошол оорумдун айынан мурунку күйөөм мени таштап, башка аял менен мамиле түзүп кеткен. Маңдайыма жазган буйрук ушул экен.
Атамдын кеңеши менен бул үйдүн босогосун аттадым. “Мен сени кыйнабайм, кызым. Бирок ушул адамга турмушка чыгып алганың эле оң. Өзүң минтип оорукчан болсоң, сени “төрөп бер” деп да кыйнабайт. Өмүрүңөр жетишинче сыйлашып жашайсыңар. Менин сага айткан акылым ушул”,- деди. Мен ыйлап жибердим. Өзүң эле ойлосоң, мен 35 жашта, ал 70 жашта болуп турса…

– Алгачкы күндөрү кандай мамиле жасачу эле Төлөгөн ага?
– Биринчи күндөрү экөөбүз тең кызык болдук. Сүйлөшөбүз, тамак ичебиз, куду конокко келген кишилердей. Нике кыйгандан кийин бир ай койнума кирген жок. Бир эле бөлмөдө, бир керебетте жатабыз, бирок эки башка жууркан жамынабыз. Мен эмне кыларымды билбей, көзүмдү чылк жуумп алып уктамыш болуп жатып, чындап эле уктап калам. Ошентип жүрүп жакындашып кеттик. Баарынан кызыгы, эки айга жетпей менин боюма бүтүп калып жатпайбы. Эне болуу деген менин үч уктасам түшүмө кирген эмес эле. Алгач алдырам деп ойлоп жүрдүм. Анткени мен өтө күчтүү дарыларды, химиотерапия да алган элем. Ошонун баары балага таасир этип, оорукчан болуп калабы деп коркуп жүрдүм. Агаңар болсо: “Сен бул баланы төрөшүң керек. Мен деле атамдын алтымышка чыкканда көргөн баласымын. Эч нерсе болбойт”,- деп намаз окуп, мени тынчтандырып жүрдү.

– Уулуңуз Төлөгөн агага аябай окшош экен. Кимиңерге жакын?
– Атасына жакын. Мен болсом кичине катуу кармайм. Экөөнүн сүйлөшкөн сөзү бүтпөйт.

– Ал эми аганын улуу балдары менен мамилеңер кандай?
– Улуу баласы Райкан жана кызы Бегимжан менен катышып турабыз.

– Төлөгөн ага айтып кеткен кырсык тууралуу эмне дей аласыз?
– Өзүм жалгыз дачада жүргөн элем. Артымдан келип бычак сайылганда эсимди жоготуп койгон экем. Таң калганым, дачадагы ит короого киши киргизчү эмес. Ошондон улам тааныган бирөө эле кол салды го деп ойлоп калдым. Кимди күнөөлөөрүмдү да билбейм. Ал адамды Кудай өзү жазалаар.

Нуржамал Жийдебаева, “Супер инфо”, 17.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.