Нормативдик-укуктук актыларды кыргыз тилине которуу маселеси талкууланды

Бүгүн өкмөттүн аппартынын жетекчиси – министр Нурлан Айтмурзаев “Нормативдик-укуктук актыларды даярдоо жана кабыл алуу учурунда аларды кыргыз тилине которууну бир түргө келтирүү маселелери” боюнча иш кеңешмесине катышты, ал борбордук “Парк-отелдин” конференц залында өттү. Бул чараларга парламенттин депутаттарынан, президенттин администрациясынын жана өкмөттүн аппаратынын жооптуу кызматкерлеринен тышкары көрүнүктүү окумуштуу филологдор, окумуштуулар жана биздин өлкөдө аккредиттелген бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кеңешмеге катышкандарга сөз сүйлөгөн Нурлан Айтмурзаев көтөрүлүп жаткан проблеманын маанилүүлүгүн, ушул кезге чейин ага аз көңүл бурулуп келгендигин белгиледи. “Азыркы кезде мамлекеттик башкаруу органдарынын тийиштүү структуралык бөлүмдөрү тарабынан иш кагаздарын жүргүзүүнү кыргыз тилине которуу жүргүзүлүп жатат. Бирок биз кадрларды даярдоо сыяктуу эле начар инфраструктуралык базага байланышкан бир катар проблемаларга дуушар болобуз. Мында нормативдик-укуктук актыларды басып чыгарууну кошуп алганда иш кагаздарын которуу процессинин өзү бир орунда турбайт. Көрсөтүлгөн багытта белгилүү жылыштар бар. Биз аларды бекемдеп жана ушул багытта алга карай ишенимдүү кадам жасашыбыз керек. Мамлекеттик тилди билүү кимдир бирөөлөрдүн ою эмес, мезгилдин талабы. Муну бардыгыбыз түшүнүүгө тийишпиз” – деп айтты министр.

МТ, «Кабар» МА, 19.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.