Бакыт Токубек уулу: Кыргызча үйрөнүүгө кызыккандар көп

Жаш тилчи Бакыт Токубек уулу чет элдиктер үчүн кыргыз тилин үйрөнүүгө багытталган “Кыргыз тилин үйрөнүңүз” аттуу окуу китебин чыгарды.

“Азаттык”: Бакыт мырза, дегеле Кыргызстанга келип, кыргыз тилин үйрөнөбүз деген чет элдик жарандар, алар гана эмес мобу Бишкекте эле жүрүшкөн орус тилдүү кыргыздар деле тил үйрөнүүгө китеп жок дешет. Сиз англис тилдүүлөр үчүн “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” аттуу китеп жазган экенсиз. Кандай ойлойсуз, чындап эле кыргыз тилин үйрөнүүгө окуулуктар, китептер жокпу? Сиздин китебиңиз эмнеси менен айырмаланат, өзгөчөлөнөт?
Бакыт Токубек уулу: Негизи менин биринчи билимим кыргыз тили жана адабияты боюнча. Анан кийин эл аралык уюмдарда иштеп жүргөндө чет өлкөлүк адамдардан көп укчумун, “кыргыз тилин үйрөнгүбүз келет, бирок тиешелүү окуу куралдары жок” деген сөздөрдү. Ошол мезгилдерден баштап ушул китебимдин үстүндө иштеп, жараттым эле. Негизинен бул китеп чет өлкөлүктөр Кыргызстанга келгенде кыргыз тилин оңой эле үйрөнүп, ушул китеп менен, анын ичиндеги сүрөттөрү, мисалдары, аудио угуусу жана көптөгөн көнүгүүлөрү менен тилди оңой үйрөнсө боло турган окуу куралын жазып чыктым. Бул китеп англис тилинде сүйлөгөндөр үчүн. Анан китептин башкалардан айырмасы, анын ар бир сүрөттөрүнүн түстүүлүгүндө, тексттерди аудио угуулардын коштоосунда үйрөнүү мүмкүнчүлүгү бар экенинде болуп саналат. Китептин көлөмү 350 беттен туруп, А 4 форматындагы чоң, түстүү китеп.

“Азаттык”: Орус тилдүүлөр көп айтышат “кыргыз тилин үйрөнгөнгө жакшыраак китеп жок” деп. Муну кыргызча билбеген орус тилдүү кыргыздардын өздөрү эле айтып жүрүшөт. Китебиңизди сиз англис тилдүүлөр үчүн жазыптырсыз. Эми аны орус тилдүүлөргө ылайыкташтырса кандай болор эле?
Б.Токубек уулу: Бул китеп чыккандан бери абдан чоң кызыгуулар пайда болуп атат. Анткени бул китеп биринчи жолу тыш дүйнөгө кыргыз тилин үйрөнүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзгөн окуу куралы болуп жатат. Ошондон бери ар кандай адамдар кайрылышты, кореялыктар, немистер, орустар байланышып, “биздин тилге которбойсузбу” деген сунуштар болду. Ошонун негизинде бул китепти немис тилдүүлөр үчүн да которуп, чыгардым. Андан кийин немис тилдүүлөр үчүн чыккан китептер Германияда таркатылды. Азыркы тапта бул китепти орус тилдүүлөр үчүн которуу иштери жүрүп атат. Азыр которулуп бүтүп калды. Менин оюмча, жаңы жылдан кийин орус тилдүүлөр үчүн жарыкка чыгып калат.

“Азаттык”: Англис тилдүүлөр үчүн чыккан түстүү китептин баасы кымбат болсо керек. Маселен Бишкектеги орус тилдүүлөргө арналган ушул сыяктуу окуу китептердин баасы кандай болушу керек?
Б.Токубек уулу: Албетте бул китептин сапатына жараша болот. Анткени англис, немис тилиндегилер түстүү китептин сапатын карашат. Анан билесиздер кандайдыр бир китептин кагазы сапаттуу болуп, түстүү чыга турган болсо, ал кымбатка турат. Мисалы менин англис тилдүүлөргө багытталган китебим 1300 сомдон жогору болчу. Ал эми бишкектиктер үчүн каражатка, элдин мүмкүнчүлүгүнө жараша чыгарыш керек го. Анткени биздин Кыргызстандагы жарандар кымбат баалуу китептерди сатып ала алышпайт. Ошол себептүү кыргызстандыктар үчүн чыккан ушундай китептерди бир эле түстө чыгарыш керек го. Анан мындай китептин баасы 300-400 сомго чейин болуш керек. Анткени окурмандар ушул баага китеп сатып алып, пайдалана алышат.

“Азаттык”: Рахмат.

Илим Жанузаков, “Азаттык”, 04.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.