Кыргыз арибиндеги компьютердик тергич чыкты

Кыргыз арибинде даярдалган компьютердик тергич жакын арада сатыкка чыкканы турат.

Кыргызча тергичти (клавиатураны) “Жаш ишкерлер ассоциациясынын” мүчөсү, ишкер Нурмухаммед Абдыкадыров иштеп чыккан. Ал жаңы табылгасын алгач өкмөттүк мекемелерге, жалпыга маалымдоо каражаттарына сунуштаганы жатканын “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.

“Азаттык”: Нурмухаммед мырза, кыргыз арибиндеги тергич даярдоо идеясы кандайча келип чыкты?
Нурмухаммед Абдыкадыров: Бул идеянын чыгышына бир окуя себеп болду. Кайсы жыл экени эсимде жок. Жакынкы эле жылдары бардык интернет кафелерде текст терип бере турган кызмат бар болчу. Бир күнү ошондой кафелердин биринин жанынан өтүп бараткам. Ал жерде бир кагаз илинип туруптур. “Текст теребиз. Орусча, англисче тексттер 15 сом, башка тилдер 20 сомго терилет” деп жазылган экен. Ушул нерсе менин намысыма тийди. Өзүбүздүн жерибизде өзүбүздүн эне тилибиз кандайча башка тилдердин арасында кирип калсын деген ой мага түрткү болду.

“Азаттык”: Ооба, студенттер арасында тексттерин орусча арипте терип алып, башка жерде сакталган дисктери ачылбай убараланган учурлар көп эле болчу. Эми сиздин табылга кандай иштейт?
Нурмухаммед Абдыкадыров: Бул клавиатуранын иштеши оңой эле. Азыр Windows xp ден тартып, бардык системалар Unicode ариптерин колдонушат. Бул клавиатура ошо ариптеги орнотулган кыргызча тамгаларды колдонот. Мындайча айтканда, бул тергич менен терилген бардык каттар, маалыматтар дүйнөнүн бардык жеринде , кайсы жерде Windows xp ден жогоркусу болсо ачылат, окулат, көрүнөт.

“Азаттык”: Анда тергичти сатып алып эле, компьютерге улап, иштей берсе болот экен да?
Нурмухаммед Абдыкадыров: Ооба, аны сатып алып, драйверин жүктөп, анын тилин кыргызчага коюп алып, иштей берсе болот.

“Азаттык”: Алгач канча нускада чыгардыңыздар жана кимдерге сунуштаганы жатасыздар?
Нурмухаммед Абдыкадыров: Биринчи кадам болсун деп миң нуска чыгардык. Азыр өкмөттүк мекемелерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына сунуштаганы жатабыз.

“Азаттык”: Бул тергичтерди кайдан жасап жатасыздар, кардарларга кандай баада сатылат?
Нурмухаммед Абдыкадыров: Азыр бардык нерсе Кытайда жасалат эмеспи. Эгерде кимдин астында LCD экраны турса, анын артын карап көрсө болот. Артында made in China деген жазуу бар. Биз деле муну Кытайда жасаттык. Ал жакта шарт бар, инфраструктура ошого жараша түзүлгөн. Тилекке каршы, бизде андай шарттар болбогон үчүн биз Кытайга бардык. Бардык жерге биз азыр бир бааны бычтык. Каалоочулар 350 сомдон алса болот.

“Азаттык”: Сиздердин табылгага жакынкы келечекте суроо-талап өсөт деп ишенесиздерби?
Нурмухаммед Абдыкадыров: Жакынкы келечекте болуп калаар. Мындайча түшүндүрсөм. Башында он кишинин ичинен бирөө эле кызыккан. Бүгүнтөн баштап он кишинин ичинен үч киши кызыга баштады. Буйурса, кызыгуулар артат.

“Азаттык”: Азыр мамлекеттик мекемелердеги иш кагаздарды кыргыз тилинде жүргүзүү демилгелери көтөрүлүп эле келе жатат. Сиздердин табылганын пайдасы ушундай учурда тиет көрүнөт?
Нурмухаммед Абдыкадыров: Ооба, бул ошол демилгеге түрткү болушу мүмкүн. Бирөөсү шылтоо кылып, “мен кыргызча тамганы көрбөй жатам, жаза албай жатам” деши мүмкүн. Бирок бул тергич ишке кирсе, шылтоо деле калбай калат деген ойдомун.

“Азаттык”: Кытайда эмес, Кыргызстанда да даярдоо мүмкүнчүлүгүн карап көрдүңүздөр да?
Нурмухаммед Абдыкадыров: Эгер аракет кылса, бул жакта деле жасаганга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Бирок ал үчүн чоң каражат керек. Чоң-чоң станоктор, сырье, жер, шарт, инженерлер керек. Мунун баары бизде тырмакчада айтканда жок болгондуктан, Кытайдан жасоо жеңилирээк, оңой болуп жатат. Эгер бул нерсе бизде жасала турган болсо, 350 сом эмес, балким 1000 сом болуп калат эле.

“Азаттык”: Мындан башка дагы келечекте ушул жаатта ыңгайлуу тейлөөнү сунуш кыла турган идея, пландарыңыздар барбы?
Нурмухаммед Абдыкадыров: Буйурса. Азыр бул тергич драйвер аркылуу иштеп жатат. Мен муну азыр кемчилик катары кабыл алам. Анкени ал программа аркылуу иштегени үчүн. Азыр биз кореялык фирмалар менен тергичтердин чиптерин өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кийинкилер ошол өзгөртүлгөн чип аркылуу келет. Компьютерге түз сайып алып, түз иштегенге жеңил болот.

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге.

Айзада Касмалиева, “Азаттык”, 19.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.