Чыңгыз баскан из менен

(Башы өткөн сандарда)
Менин бул сөзүмдү уккан премьер-министр таңдана:
– Ой, ой бюрократия,-деген сөздү үч, төрт кайталап берип; – Бул эмне совет доорунан калган жаман адатпы,-деген суроосуна:
– Ооба, бул түздөн-түз советтик бюрократия, биз азыр советтик эмеспиз бирок, ошондой болсо көндүм бир күндө, бир жумада жоюлуп кетпейт экен. Дагы деле болсо арылып кетпей тоталитардык адаттан башыбыз арылбай күн кечирип келүүдөбүз, жашырган менен эмне,-дедим. Ал кайрадан:
– Демократияга баштап жатпайсыздарбы,-деди. Бул сөзгө:
– Ооба, аракетибиз бар, башталып акырына чыга албай жатабыз. Жаңы Конституция жазып да жатабыз. Ушунун баары акырындап болууда,- деп да кошумчаладым. Анда 1993-жылдагы Конституцияны даярдап жаткан учурубуз эле. Мен анда комиссиянын мүчөсү болчумун. Ф.Кулов, Ч.Баекова, Н.Кузнецов болуп иштеп жатканбыз. Ошентип бир топко сүйлөшүп, сырдашып отурган соң:
– Эми сиздерди түшкү тамакка чакырам,-деди. Чыңгыз Төрөкуловичтин:
– Чоң ырахмат, ыраазыбыз,-деген сөзүнө тиги болгон жок. Сыртка чыгып машинасынын жанына келдик. Ал анча кичине эмес, жарым-жартылай автобус сымал экен. Баягы премьер шып барып эле шофер отура турган жерге отуруп калды. Көрсө анын айдоочусу да жок, өзү анын милдетин аткарат экен. Чыкем экөөбүз машинанын артынан жай алып жөнөдүк. Ошентип ресторанга барып аерден түштөндүрдү, ага кошумча эртеден бери самап жүргөн бабарское пиводон бир крушкадан ичтик.

О.Тенти : – Издегениңиздерди ошерден тапкан экенсиздер да?
А.Казат: – Ооба, пиводон жутуп аерде бир саатча отуруп түз эле элчиликке түшүрүп, кетип жатып анын айткан сөзү бул болду:
– Бүрсүгүнү сизди Люксембургдун Кыргызстандагы элчиси кылып дайындоо жөнүндө герцогдун буйругу чыгат. Сиз күтөсүзбү?,-деген суроосуна, “ортодо бир эле күн экен күтөйүн”,-дедим. Анан эки күндөн кийин жолугушуу учурунда:
– Бир кишибиз ооруп калды, дагы кармала турган болуп калды, сиз кете бериңиз, буйрукту тышкы иштер министрлигине жөнөтөбүз. Ошерден тосуп алыңыз,-деди. Бул сөздөн соң Кыргызстанга сапар тарттым. Ырас бул жакка кетээрден эки, үч күн мурда Чыңгыз Төрөкулович экөөбүз Люксембургдун четиндеги бир талааны кыдырып көрүшүбүз да өзүнчө бир кызык. Анын ичинен буудай талаасын кыдырсак анын башы даны эки карыш, ал эми сабы бир эле карыш болуп, машагынын жоондугу билектен да жоонураак десем болот. Гектарына 100 центнерден алышат экен.

О.Тенти: – Бул биз жактагы жүгөрүдөй тура?
А.Казат: – Ии ошол жүгөрүнүн башынан анча деле кем түшпөйт. Алардын климат шарты бир өзгөчө да, жазында сээп, күзүндө оруп алышат экен. Сугаруу деген арык-чөнөк, канал казуу деген болбойт, алардын дыйканчылыкта.

О.Тенти: – Түп-түз эле мелмилдеген талаалар?
А.Казат: – Түздүгүн сураба, тим эле күзгүнүн бети. Ошол талаанын четинде анча чоң эмес бир дөңсөөсү бар экен. Ал жакка көз чаптырсак түп-түз эле мизилдеген бир нерсе тизилип турат. Мен Чыкемен: – Те-етиги эмне болду экен?,-десем а киши да билбей койду. Мен: – Ары басып барып, көрбөйлүбү,-деп ал жакка басып барсак, ал жүзүм талаасы экен.

О.Тенти: – Жүзүм сап-сабы менен тизилген да.
А.Казат: – Көрсө, алар мындай кылышып, дубдан фабричный таяктар жасатып, анын жерге сайылган 20 см учуна латынга киргизип бутак-бутак кылып келип жогору жагы да жабык болгондуктан жаан тийбейт. Анан дуб казыктардан мелтирете түп-түз кылып туруп жүзүмдүн саптарын латун бутакчаларга илип коюшат тура. Мен аерде туруп бир таягын кармалап аябай кызыгып, Чыке сиз айып көрбөңүз мына бул бир таякты уурдап кетсем,-деген ойдо турам десем (күлүп). Анда Чыкем күлүп: – Капырай, капырай ушул сен айткан кылык-жорук биздин совет элинин мээсине аябай сиңген экен. Көзүнө жылтыраган эмне көрсө уурдап кетмей. Бул сөзгө мен:
– Атаңдын көрү, бул Кыргызстанда болгондо жок дегенде он таяк үйүмө алып барсам кыйла буюм болбойт беле?! -деп каткыра күлүп кеттик. Ушул көрүнүштөрдөн улам мен:
– Кыргызстанды бейиштин төрү деп жөн эле бейишке салыштыра берет экенбиз? Накта бейиштин төрү бул жак турбайбы? Мал баккандары да туш-тушу зым-тор менен тосулган. Жогорудагы оюмду андан ары улап Чыңгыз Төрөкуловичке, бу адам баласы жаралып, ушул жерлерди алар талашып-бөлүп алышканда ушул англо-сактар, германдар, мына бул Атлант Мухидин жээктей чоң жерди ээлеп алышыптыр. Ошондон бери канча миң жылдар өтүшкөндүр, мүмкүн алардан да көп жылдар чубашкандыр? Адам баласында калыстык деген болуш керек да, акыр аягында ошол жерди алмаштыруу маселесин койбойсузбу? Тиги Монголиядан бери Борбор Азиянын бүтүндөй бул жакка көчүрүп, буларды ошол жакка алып барбайбы?

Уландысы бар

“Кыргыз руху” (Кыргыз гезиттера айылы), 17.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.