Таласта эл жазуучусу Ч.Айтматовго арналган эскерүү кечеси өтөт

Талас облусундагы Кара-Буура районунун Шекер айылында 12-декабрда Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган эскерүү кечеси өтөт. Бул туурасында облмамадминистрациядан билдиришти.

Эскерүү кечесин өткөрүүнүн алкагында 1-декабрдан 12-декабрга чейин облус боюнча Талас музыкалык драма театрынын театрлаштырылган оюн-зооктору, эл жазуучунун  чыгармалары боюнча тартылган кинофильмдерди көрсөтүүлөр, ошондой эле “Мыкты китеп көргөзмөсү”, “Мыкты сүрөт тартуу көргөзмөсү” жана “Мыкты сочинение” номинациялары боюнча конкурстар өтөт.

Эскерүү күнүндө, 12-декабрда Шекер айылында улуу жазуучунун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган көргөзмө уюштурулат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттиги кабарлады.

ИА Zamandash-пресс”, 30.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.