Калмураттын ыры

Кыргыздын музыкалык тарыхында бирден эле обону менен эл арасында аңызга айланган авторлор көп. Мисалы, ат-башылык Боогачынын “Үкөйү”, таластык Абдрахмандын “Акзыйнат”, Эсеналынын “Ой тобо” ж.б. Ошолордун омоктууларынын бири Калмураттын “Калмураттын ыры” деген ат менен калган элдик обондордун мыкты үлгүсүндө жаралган обон.

Обончу-ырчы Калмурат Нурдөөлөтов 1902-жылы Ак-Талаанын Ак-Кыя айылында туулган. 1936-жылы эл чыгармачылыгынын 1-олимпиадасында тандалып алынып, кыргыз филармониясында эмгектенип калган. Эң алгач түзүлгөндөн кыргыз эл аспаптар оркестринде ойногон. Жогоруда аталган замандаштарынын жана Атай менен Мусанын ырларын ийине жеткире, чебер аткарган. 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз өнөрүнүн он күндүгүндө В.Власов, А.Малдыбаев, В.Ференин “Айчүрөк” операсынан Толтойдун ролун аткарган. Бул көрүнүш анын тубаса талант экендигинен кабар берет. Ошону менен катар улуттук угуттагы эң мыкты обондордун автору да болгон. Бизге чейин жетип, элдик ырлардын чеберлери Асек Жумабаев, Нурак Абрахмановдун аткаруусунда сакталып калганы ушул “Калмураттын ыры”. Ырдын обонунун элдүүлүгүнүн жана техникалык жагынан алганда абдан оригиналдуу, метро-ритмикалык татаал түзүлүшү зор аткаруучулук чеберчиликти талап кылат. Улуу Атамекендик согуштан кийин филармонияга кайра кайтып барган эмес. Тек гана айыл ичинде чарбалык иштер менен алектенип, ырлары менен эл эрмеги болуп жүрө берген. 1964-жылы көз жумган.

Айлыбыз көчүп кептештен,
Алыстап калдым кетпестен.
Аман болсом көрөрмүн,
Ажырап сенден кетпестен.

Дүнүйөң ий, дүнүйөң ой,
И койчу, ажырап сенден кетпестен.

Үйүбүз көчүп кептештен,
Үшкүрүп калдым жетпестен.
Өлбөй жүрсөм көрөрмүн,
Ушул бойдон кетпестен.

Дүнүйөң ий, дүнүйөң ой,
И койчу, ушул бойдон кетпестен.

Арбаган сендей сулуудан,
Таппадым сендей уруудан.
Көргөн сайын көөнүм ток,
Көңүлүм сага бурулган.
Адам таппас сендейди,

Дүнүйөң ий, дүнүйөң ой,
И койчу, издесем да дайның жок.

Аркаңда шуруң чач мончок,
Адамда сендей асыл жок.
Ар чыкпайсың санаадан,
Асылкеч сенден дайын жок.

Дүнүйөң ий, дүнүйөң ой,
И койчу, асылкеч сенин дайның жок.

“Агым”, (“Кыргыз гезиттер айылы”), 17.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.