“Манасчы болом деп ойлогон эмесмин”

Жети-өгуз районунун Кичи-Жаргылчак айылында туулуп өскөн Улан Исмаилов: «Манас» айтам деген ой үч уктасам түшүмө кирген эмес. 17 жашымдан бери аян аркылуу манас дүйнөсүнө жакындай баштадым. Ойдо жок жердеги ошол окуя күнү бүгүнкүдөй эсимде. Күүгүм кире электе уйларды саап алайын деп жанталашып жаткам. Бир маалда желкемден бирөө катуу кармап, «тур, какмар, бачым бол, кайыптар келеатат», – деп шаштырып калды. Өңүмбү, же түшүмбү, деп дендароо тартып тура бериптирмин. Жүрөгүм да бир башкача согуп, өзүмдү жогото баштадым көрүнөт. “Тур, кайыптар тиги Эшпердинин белине (жайлоо) жакындап калышты”, – деп желкемди карыштыра кармап турган адам мени шаштырып кирди. Чын эле Эшпердинин сайын бойлой коюу чаң аралаш куюн көзүмө урунду.

Сол жагымда турган адамдын каруулу колунан оңой менен суурулуп чыга албасымды сезгенден кийин аргасыз ордумда каккан казыктай болуп туруп бердим. «Какмар, жакшылап кара, баарын таанып ал”, – деди эле аңгыча болбой бет мандайыма кула ат минген, зоот кийим кийинген көзү оттой күйгөн бир баатыр пайда болду. Аны дароо тике карай алганым жок, баатырдын оттой күйгөн сүрдүү көздөрүнөн жалтанып кеттим. «Тике кара, какмар, айтканымды ук» , – деп артымдагы адам ого бетер желкемди катуу куруштура кармады. Үчүнү жолу гана баатырдын көзүнө тике карадым. Ал аңгыча болбой төбөлүү тебетей кийген, узун бойлуу, кызыл жүздүү, аппак сакалчан дагы бир адам көз алдыма тартылды. «Сайып жүрүп тал, салып жүрүп там, казып жүрүп ор, Баатырды Кан-Кангайга чейин чоң кылган кадимки Бакай атаң, ушул, жакшылап таанып ал», – деген артымдагы үндөн улам ага да көз токтотуп калууга үлгүрдүм. Андан кийин баатырдын 40 чоросу бирден чубап өттү.

Бала эмесминби, «Манас» айтам деп баатырга берген убадамды унуткарып арадан бир топ күндү өткөрүп жибериптирмин. «Баатырга сөз берип коюп мунун керилип уктап жатканын кара. Тур, Манас айт», – деп Саякбай атам дагы түшүмө кирди. Чочуп ойгонуп кеттим, анан кантип оозумдан Манас деген сөз чыкканын билбейм. Түнкү саат 11лерде баштаган экемин эртеси күн аркан бою көтөрүлгөнгө чейин тынбай «Манас» айтыптырмын. Ошентип, аян, түш аркылуу кайыптардын жарыгы тийип манасчылардын катарына кошулдум», – дейт.

“Манас”-чексиз океандай, анын түбү жок”
Айрым “Манас” иликтөөчүлөрдүн ишениминде, Уландын келечеги кең, буюрса Саякбай Каралаевден кем калышпаган залкар таланттардын катарына кошулуп, кыргыз элинин рух дөөлөттөрүн байытат.

Улан «Манас» эпосун түбү көрүнбөгөн чексиз океанга салыштырат. «Айгине» маданий изилдөө борборунун тапшырмасы менен жазган бир макаласында «Манас баяны кайсыл кылымда, кайсыл доордо башталганын эч ким так айта албайт. Ал тарыхпы, же санжырабы, жомокпу, муну да далилдеш кыйын. Бирок кыргыз элинин көөнөрбөс байлыгынын, өлбөс-өчпөс тарыхынын туу башында айкөл Манас бабабыздын турганы төгүн эмес. Саякбай Каралаевден кийин манасчылардын чыгышы кыйын го деп ойлогон элем. Көрсө, манасчылык өнөр казылбаган кенч тура”, -Чыңгыз Айтматовдун мына ушул сөзү мени аябай толкунданткан эле», – Уландын мына ушундайча табигат тартуулаган өнөрүн тарыхый көз караш, турмуш чындыгы аркылуу да баяндоо вазыйпасын көпчүлүктүн  көөнүнө салганы бар.

Президенттик баш байгенин  ээси болгон
2007-жылы “Соң-Көлдү Манас жердеген” аттуу манасчы-дастанчылардын, төкмө акындардын, ырчы-аткаруучулардын республикалык фестивалында Улан Исмаилов баш байгени жеңип алган. Ошол “чоң казаттан” кийин фестивалдын бир катар жеңүүчүлөрүн Республиканын президенти К.Бакиев кабыл алып, байге ээлерине акчалай сыйлык тапшырган. 50 миң сом өлчөмүндөгү баш байгени өлкө башчысынын өз колунан алган жаш манасчы ал күндү эч качан жадынан чыгарбайт. К.Бакиев менен көзмө-көз баарлашуунун, кыргыз элинин тарыхы, маданияты, тили, адабияты, салт-санаасы, манасчылык өнөр  тууралуу пикирлешүүнүн  канчалык бийик даражасы бар экенин  көөдөн түпкүрүнөн сезим-туюмунан дал ошол күнү алгач ирет өткөргөн эле.

«ТУУНУ БЕКЕМ АШТАЙЛЫК, ТУУРАГА ЖОЛДУ БАШТАЙЛЫК»
Жаш манасчы менен сүйлөшсөң – сөзүң, бөлүшсөң – оюн, түгөнбөйт. Андан айкөл Манасты хандыкка көтөрөөрдө Акбалтанын кыргыз элин кантип ынтымакка, биримдикке чакыргандыгы тууралуу эпизоддон үзүндү айтып берүүсүн астейдил  өтүндүм.

Ошондо Акбалта:
“Өлүп калсак  баарыбыз
Бир чуңкурда бололу,
Тирүү болсок  баарыбыз
Бир дөбөдө бололук,
Хансыз болбой бул кезде
Хандуу журт болуп калалык,
Тууну бекем аштайлык,
Туурага жолду баштайлык,
Желпиништүү колду баштайлык,
Желпинишке тууну аштайлык,
Желпинишке тууну аштайлык,
Жетимсиреп турган элимди
Тээ Ала-Тоону көздөй баштайлык”, – деген экен.

«Манас бабабыздын арбагы баарыбызды колдосун! Журт башчылары кеменгерликтин уюлу, даанышмандыктын уюгу, адилеттиктин ыйыгы, илим, өнөр-кенч, табылгалардын сыйымы болсун!» – жаш болсо да элдин ынтымагын, биримдигин тилеп алакан жайдан Улан Исмаиловдун өзүнө да кең келечек каалайлы.

Ш.Жаналиева, “Ысык-Көл кабарлары” («Аймак-news»), 17.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.