Баарын коюп “Манасты” айт

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Манас” эпосунун изилдениши боюнча жарыялаган сынактын жыйынтыгын чыгарды.

Сынак Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан Тарых жана маданият жылынын алкагында “Манас” темасында мамлекеттик тилде илимий иш жазган жаш илимпоздорго колдоо көрсөтүү максатында алгачкы жолу өткөрүлдү. “Сынакка эмгектер биз күткөндөн аз түштү. Бирок ошондой болсо да, жакшы жазылган, колдоого аларлык эмгектер бар” деп белгиледи Улуттук комиссия төрагасы Э.Эрматов.

Эмгектерди илимпоздордон турган атайын комиссия баалады жана купуялуулук толук сакталды. Ошондой эле берилген ойдун оригиналдуулугуна жана маалыматтын тактыгына өзгөчө көңүл бурулду. Калыстардын тандоосуна ылайык:

Баш байге – “Манас” эпосу жана орхон-энесай жазма эстеликтери: тилдик окшоштуктар менен каармандардын параллели” аттуу эмгеги үчүн Усеев Нурдинге;

1-орун – “Манас” жана манасчылык Ч.Айтматовдун көркөм дүйнөсүндө аттуу эмгеги” үчүн Качкынбай кызы Айгүлгө;

2-орун – “Манас” эпосунда элдик дарылоонун ыкмалары жана анын мааниси” аттуу эмгеги үчүн Өмүралиева Жанарга;

3-орун – “Кыргыздарда жана Караханиддерде баланын төрөлүшүнө байланыштуу ырым-жырымдар” аттуу эмгеги үчүн Абдимиталип уулу Нурсултанга ыйгарылды.

Жобого ылайык сынакта байгелүү орундуу ээлеген эмгектер комиссиянын чечими менен атайын жыйнак болуп чыгарылат.

mamtil.kg,
«Кыргыз тили», 29.11.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.