Юристанбек Шыгаев, Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин жетекчиси: “Жылаңач кыздарды тартсам, аялым тытып салчу”

– Юристанбек мырза, сүрөт дүйнөсүнө келүүңүзгө кимдер түрткү берген?

– Мен таятамды тартыпмын. Ал киши ээр, комуз чапкан уста болуптур. Кудай берген өнөргө айла жок тура. Кенедейимен эле калем кармадым. Тарткан сүрөттөрүм “Ленинчил Жаш” деген журналга чыкчу. Калем акыма 3-4 рубль алчумун. Аны апам майдалап, 20 тыйынын колума карматып коер эле. Баламын да, момпосуй алып жечүмүн. Ошентип жүрүп сүрөт дүйнөсүнө арбалап калыпмын. Мектепти аяктаганда андан башка кесипти элестете албай койгом. Атам Ат-Башыда прокурор болуп иштечү, оюмду айтсам, “юристтин баласы кантип сүрөтчү болсун” деп чалкасынан түшкөн. Көкбет элем, айтканыман кайтпай, Ленинградга кетип калгам. Ал жактан Репин атындагы живопись жана скульптура институтун ийгиликтүү аяктагам.

– Өнөр арты менен атак-даңкка качан жеттиңиз?

– Институтту бүтөөр жылы дипломдук ишти “Манас” эпосу жөнүндө жактайм десем, жетекчим “татаал тема, сен ага даяр эмессиң” деп көнбөй койгон. Бишкекке келген соң 10 жылдай издендим. Ал ортодо “1941-жылдын күз айы” деген үчтилик эмгегим жарык көрдү. Анын арты менен 1986-жылы Ленин атындагы комсомол сыйлыгына татыдым. Кийин Саймалуу-Таштагы философия камтыган сүрөттөр, “Манас” эпосу азыркы стилди тандоомо түрткү берди. Көчмөндөрдүн рухун, жан дүйнөсүн таарга түшүрүп, жер кыдырттым. Кыргыздын башкаларга окшобогон өзгөчөлүгүн таанытайын дедим. Аракетим текке кеткен жок, 1999-жылы Бангладештен алтын медаль алдым. Мага чейин бир да кыргыз сүрөтчүсүнө алтын медаль берилген эмес.

– Чет өлкөгө сатылган эң биринчи эмгегиңиз кайсы?

– Союз учурунда эле чет өлкөгө көргөзмө уюштурулчу. Тилекке каршы, ал кезде сүрөт сатууга уруксат берилчү эмес. Бул жагынан багым кайра куруудан кийин ачылды. “Ханыша” деген эмгегим бар эле. Анда тактыда отурган фламинго баштуу аял чагылдырылган. 1992-жылы Вашингтон Капитолийинде 7000 миң долларга сатылды. Ал акчага борбордон үч бөлмөлүү квартира, машина алгам. Негизи бир сүрөттү кайталоого сүрөтчүнүн автордук укугу бар. Чет элдиктер “Ханышаны” суранып, 15 жолу кайра тарттырышты. Албетте, көчүрмөлөр түпнускадай кымбат кеткен жок.

– Ийгилигиңиздин сыры эмнеде?

– Дүйнөлүк искусствого көз салып турам. Кандай жаңылык болуп жатканын билүүгө ынтызармын. Пульсту кармап, кое бербешке аракет кылам. Бир аз артта калсаң эле бүттү да, чыгармачылык өсүш токтойт. Өкүнүчтүүсү, азыркы жаштарда ушул нерсе жок, ири масштабга умтулушпайт. Экзамен учурунда эле жанталашып сүрөт тартпаса, көбү изденбейт. Акчага баш оорутушат. Мен жаш кезде акча тууралуу ойлончу эмесмин.

– Сиз жетекчи болгондон бери музейде кандай жылыштар болду?

– Ушул кызматка келгени эки жолу көргөзмө уюштурдум. “Азияуниверсалбанк” демөөрчү болуп, К. Малевич менен В. Кандинскийдин сүрөт көргөзмөсүн алып келдик. Булардын эмгектери Батышта миллиондогон доллар турат да. Түшүнсө, түшүнбөсө да көптөр келип көрүп кетти. Музейге акча түштү. Видеокөзөмөл орноттук. Эми биринчи кабатты толук ремонт кылганы жатабыз.

– Видеокөзөмөл демекчи, четөлкөдө музейди албан-субандай кароолдор кайтарат экен, бул жерде болсо бир эле аял отурганы кандай?

– Видео жокто деле сүрөт уурдалган эмес. Бизде эми сүрөт үчүн түндүктөн түшкөндөр аз болсо керек. Андан көрө жылкы уурдаганды оң көрүшөт эмеспи.

– Кепти жеке турмушуңузга бурсак, сүрөтчүлөргө оңой менен аялзаты жакпайт дешет. Жубайыңызды кантип тапкансыз?

– Рима менен классташым аркылуу таанышкам. Адеп көргөндө эле узун чачын жактыргам. Ленинградга барганда кат жазып турдум. Кийин үйлөнүп алдык. Келинчегим кыргызча билчү эмес, шаардык да. Мен болсо орусча акцент менен сүйлөйм. Бир нерсени туура эмес айтсам, күлө берчү. Азыр аялым кыргыздын салтын, тилин менден кыйын билет. Куран окуйт. Ушул күндө менин арт-менеджерим. Сүрөт сатуу, көргөзмө уюштурууга бүт өзү чуркайт. Үч балабыз бар.

– Кызганыч, уруш-талаш болду беле?

– Жаңы үйлөнгөн кезде жылаңач кыздардын сүрөтүн тартсам, тыта берчү. Анан сабакка ээрчитип баргам. Баарын өз көзү менен көргөндөн кийин кызганбай калды. Сальвадор Далиге чыгармачылык эргүү берген Гала деген аялы болгон да. Мен да көп эмгектериме Риманын образын пайдалангам. Бирок аны бир да жолу чечинтип сүрөткө тарткан эмесмин. Өзү макул болбой койгон.

– Балдарыңыз да сүрөт тартабы?

– Улуу балам Австрияда сүрөтчүлөр академиясында окуйт. Экөөбүз кээде талашып тартышабыз. Ал “мага сүрөттөрүңүз жакпайт, мен башкача тартам” дейт. Мен болсо “ушулардын арты менен сени баккам” деп урушам. Улуу муун менен кичүү муундун келишпестиги ушул экен, көрсө. Мен да бир кезде атамдын тилин албай сүрөтчү болуп кеткем да. Ортончу кызым Алымкан журналист болом, сиз жөнүндө жазам деп жүрөт. Кичүү уулум Толубай мектепте окуйт.

– Досторуңуз көппү?

– Аябай көп. Байы да, орто жашаганы да бар. Көбү колдоо көргөзөт. Чыныбек Турсунбаев, Калык Султанов деген досторум жакында Москвага көргөзмө уюштурууга жардам беришти. Кээ бир досторум сүрөттөрүмдү кымбат баада сатып алышат.

– Сизди Чыңгыз Айтматов менен жакын болчу дешет?

– Ал киши “Пикассо менен Далинин сүрөттөрүн түшүнбөйм, төшү тыякка, ичин быякка кетирип тартышкан. Мага андан көрө Чуйковдун, Айтиевдин сүрөттөрү жагат” дээр эле. Мен “сиз деле Маркесче жаза баштабадыңызбы, сүрөт да адабият сыяктуу” десем ынанып калчу. Экөөбүз аябай сырдашаар элек.

– Эмгектериңизди дүйнөгө белгилүү адамдарга белек кылдыңыз беле?

– Убагында мен тарткан сүрөттөрдү Акаев Альберт Гор, Франсуа Миттерандарга белек кылган. Миттерандын жубайы мага ыраазы болуп, кийин күйөөсүнүн щвейцариялык саатын берген. Азыркы президент менин сүрөтүмдү өткөндө Медведевге тартуулады.

– Атактуулар өз портретине заказ беришеби?

– Бир жолу Майрам Акаева заказ берди. Тартайын десем мага жакпаган кийим менен келиптир. “Алдагыңыз жарабайт” деп, бир сыякөк көйнөгүн тандап бердим. Мисир Ашыркулов деген чиновник бар эмес беле. Ал “ханайымга да ушундай сүйлөйсүңбү?” деп таң калган. Кийин Майрам Акаева ыраазычылык иретинде шакек берип жибериптир. Азыркы ханайымды тарта элекмин, сунуш түшө элек.

– Келечекке кандай максатыңыз бар?

– Москвага көргөзмө уюштурганда Третьяков галереясына көргөзмө ачууга сунуш түштү, бул – мен үчүн чоң жетишкендик. Третьяковдон соң Лувр, Метрополитен өңдүү музейлерге жол ачылганы турбайбы. Ушул жашка келгиче сүрөттөрүм менен көп өлкөлөрдү кыдырдым. Эми Кытайга барсам деп самап жүрөм.

– Кайсы сүрөтчүлөрдүн эмгегин баалайсыз?

– Айвазовскийдин “Тогузунчу вал” деген сүрөтүн биринчи көргөндө кыйкырып жибергем. Толкун келип, басып калчудай сезилген болчу да. Анда жаш элем, көпкө таасирленип жүрдүм. Негизи менин кумирим Пабло Пикассо. Колдон келсе анын бир сүрөтүн музейге сатып берет элем. Кыргыз сүрөтчүлөрүнөн болсо С. Чуйковдун “Кыргыз кызы” деген эмгеги жагат.

– Чиновник болуш кыйын бекен?

– Мен костюм-шымды жаман көрөм. Галстук тагынсам бирөө муунтуп жаткандай боло берем. Жөнөкөй кийингенди жактырам. Колума да эч нерсе такпайм. Анткени боек кармайм, эркин болушум керек. Ушул жагынан болбосо, калганынан кыйналган деле жокмун.

Санжи ТУЙТУНОВА, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 30.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.