…тили да жок “маңкурт” эмес экенибизди…

(Жапониянын Токио шаарындагы Сейтек Качкынбаев менен маек)

Чет өлкөдө жашап жаткан кыргыздарга арналган WWW.KYRGYZDAR.COM торбетине интервью берүүгө макул болгонуңузга терең ыраазычылык билдирем. Бул торбеттин максаты дүйнө жүзүндөгү кыргыздардын биримдиги. Биз торбетибизге ар кайсыл өлкөлөрдө жашап жаткан кыргыздар жөнүндө макалаларды жана интервьюларды жайгаштырып турабыз. Макалаларыбыздын мазмуну ал жактагы кыргыздардын кадимки эле күнүмдүк турмушу жөнүндө, алардын ой-санаасы, сүйүнүчү-кайгысы, максаттары, ийгиликтери, алар өздөрүнүн чет өлкөдөгү турмушу жөнүндө эмне ойлошот, Кыргыз өлкөсү жөнүндө эмне ойлошот. Биздин эч кандай саясий же диний максаттарыбыз жок, жалгыз максатыбыз бирөө гана – кыргыздардын башын бириктирүү, аларды ынтымакка жана биримдикке чакыруу. Жогорудагы максатыбыздын негизинде, “Жапониядагы кыргыз студенттер ассоциациясынын” төрагасы Сейтек мырзанын орчундуу ойлору менен бөлүштүк.

1659– Азыркы учурда жашап жаткан жериңиз жөнүндө айтып берсеңиз. Сизге жаккан, сизди эң таасирленткен жактары кайсылар болду?
Токионун чет жагында, жеке үйдү ижарага алгам. Университетимен токарабада (электричка) 31 мүнөттү арытып, каттап турам. Таасирленткен деле эч нерсе жок, анткени тээ илгери Бишкекте факультетте окуп жүргөндө эле таасирленип алгам жапониянын “экзотикалары” менен, бара-бара тетирисинен Кыргыз реалдуулуктары өзүнүн “экзотикалары” менен көп таасирленте баштады.

Ал эми кайсыл жактары менен жапония жагат дегенге мындайча жооп берейин:

1) Элдик улутчулук. Бул сөздү ушундай эле түшүнүш керек, анткени чындап эле жапондор улутчул келишет. Арийне, улутчулдук деген эмне эле деп нормативдик аспектти алып, философиялык ой толгоолорго чөмүлө берсек примордиалисттик (тээ ата-бабалардан тамыр издөөчү) же конструктивдик (жасалма түрдөгү “этникалык улут” деген формадан тамыриздөөчү) багыттагы аныктамаларынын түбү жоктур, бирок айтайын дегеним “ямато” деген нукура жапон улутунун уңгусунан бүткөн улуттук өлкөнүн (nation state) Батыштык либерализм жана демократия баалуулуктары менен эриш-аркакта болуп мамлекеттүүлүгүн куруп алганын баарынан жактырам. Буга жөн гана тамшанбастан, деги эле адам баласы катары да сыймыктанам. Кандайдыр бир мааниде Жапония менин экинчи мекеним болуп калды.

2) Бардык жерде байпакчан жүрсө боло тургандай тазалыгы жагат.

3) Кунчзулук тарбиясынын таралышы, б.а. улууга урмат кичүүгө ызат, кичи пейилдик, сый мамиле.

4) Мыйзамдын үстүндөгү же темирдей тартип.

5) Берген сөздү сөзсүз аткаруусу.

6) Ар дайым тегерегиндегилер менен эсептешип туруп кыймылдаганы.

– Ал жактагы кыргыздар жөнүндө эмнелерди айтып бере аласыз? Кыргыздар көп бекен сиз жашаган жерде, бири-бириңиздер менен мамилеңиздер кандай?
Саны миңдин тегерегиндеги Моңгол улусунун (калкынын саны 2,7 млн.) атуулдарына караганда 10 эсе аз кыргыздарды көп деп айтса болобу же болбойбу өзүңүз чамалап көрүңүз. Жалпы кыргыз атуулдарынын санын так айтуу бир топ кыйынга турат, анткени расмий каттоодон сыртта калгандар да жок эмес, ошентсе да баш-аягы 100 чакты делет. Көпчүлүгү студенттер. Мамилелерибиз жаман деле эмес жакшы деле эмес, кадимки эле нейтралдуу. Мисалы, Кытайдагы кыргыз атуулдары ал жердеги баалардын арзандыгы, өлкөлүктөргө болгон мамиле, мекендештердин санынын бизге караганда көбүрөөктүгү, экономикалык шарттын өзгөчөлүгү сыяктуу себептерден мамилелери интенсивдүү дагы, тыгыз дагы. Биз көбүнэсе эле жалпы кыргыздар менен интернеттеги network аркылуу эле байланышып турабыз. Жолуккан учурларыбыз негизинен жаңы жылда, майрамдарда болот. Жапон реалдуулугу баарын эле рационалдуу кыймылга үйрөтөт окшойт, анын үстүнө бул жерге келүү жакынкы коңшуларга баргандай ат араба менен же автобуска олтуруп эле келе койгондой эмес экен, мыктылардын мыктылары менмин дегендер гана жапондордун сыноолорун оодарып отуруп келишкенге мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу көздөгөн максаттарына жумшашат да, ошондон улам карбаластап тез-тез жолуккандай деле болушпайт.

– Чет өлкөдө жашап жатып Кыргыз  Республикасы жөнүндө ойлоруңуз кандай? Кыргыз эли канткенде өсүп өнүгөт деп ойлойсуз?
– Толгон токой фактор бар. Кайсынысы фактор болбосун ошону колдоно биле алсак, сөздүн түркүгү ушунда. Андан сырткары өнүгүп-өсүү деп эмнени түшүнөбүз? Өнүгү-өсүүнү идентификациалап алсак адегенде, ал экономикалыкпы, саясийби же экөө теңби? Жалпы өлкөнүн макроэкономикалык өнүгүүсүн айтабызбы, же эгер ошондой болсо аны кайсы индикаторлор менен ченейбиз, өлчөйбүз. Түштүк Кореядагыдай бир жылдык адам башындагы орто кирешенин 15 000 доллар болгонун айтабызбы же Жапониядагыдай же Норвегиядагыдай 40 000 – 70 000 долларын айтабызбы. Же болбосо Бурканчылыктын (biddisttik) өлкөсү Бутандагыдай Бүткүл Улуттук бакытты (Gross National Happyness) айтабызбы? Же коммунисттик Кытайга окшоп киши башына келгенде 1 500 доллардан ашпаса да жылдык GDPсы 7-10% ды түзгөн дүркүрөгөн экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчүн айтабызбы? Же болбосо социалдык инфратүзүмү бизден деле айырмаланбаган, бирок кирешесинен гана айырмаланып 3 000 долларды багынтып калган Казакстанды айтабызбы? Ушуга жараша болушу керек. Андан сырткары, өнүгүүнүн кандай моделин каалайбыз, же болбосо жакынкы жана алыскы планда эмнени максат кылабыз, эмнени көздөйбүз ошого жараша стратегия түзүп, биринчи кезекте кыла турган приоритеттик тапшырмаларды чечип алуу керектир. Капитализмдин ар тараптуулугу (VoC-Variety of Capitalism) деген түшүнүк бар эмеспи, либерал демократиялык (АКШ, Жапония, Англия…) моделдеги өнүгүү жолун тандайбызбы же социал-демократиялык Швеция, Норвегия, Финляндия, Австрия…) моделдеги өнүгүү жолубу же дагы башкабы, бул нерсе дагы биздин өлкө үчүн алигиче белгисиз. Мисалы, өкмөт энергетика секторун, өндүрүш секторун менчиктештирип либерализимди түртүп аткандай көрүнгөнү менен ошол эле учурда кээ бир базарларды жок кылдыртып, күркөлөрдү алдыртып контейнер ээлеринен бизнестерин тартып алып аткан жактары менчиктин кол тийбестигинен кепилдик берген либерализмди артка тартканын далилдейт да. Анда социализмдин принциптерин колдоп жалпы коомдун бейкуттугун алга түртүп аткан окшойт өкмөт дейин десең социалдык коргоо, социалдык төлөмдөр, социалдык камсыздандыруу сыяктуу социалдык полисинин бар экени да ылай суудай бүдөмүк. Ошого биринчи менин сунушум адегенде өлкөдө демократияны орнотуп, андан кийин либерал демократияны тандайбызбы же социал демократияны тандайбызбы, же дагы башка моделдиби элдин жеке табитине жараша өздөрүнүн оюна койсок. Өзгөчө өткөөл учурда экономикалык кризис кокодон алып турган мезгилде карапайым эл анархияны ушул демократия турбайбы деп адаштырып карап алчу коркунучу бар да, аны илимде “түшүнбөстүктүн чүмбөтү” (паранжасы – veil of ignorance) деп коёт. Ошол учурда эл башаламандыктан, тартипсиздиктен, жумушсуздуктан, кыйынчылыктардан чарчап, куткарып берчү бир лидерди, баатырды, каганды эңсеп калганда көпчүлүк учурларда ошол доордун президенттери учурду өз пайдасына иле кете тургандай абал түзүлөт. Анан ошол “эңсеген баатыр” авторитаризимге умтулчу тенденция туулат тура көрсө. Ошого Тайвань, Түштүк Корея сыяктуу (бул өлкөлөр модеринизация теориясынын классикалык мисалы боло алат) экономиканы өнүктүрүп алып гана демократияга жетебиз деген түшүнүк биздин глобалдык доордо суу кечпейт деп ойлойм. Арийне, эч бир өкмөт өзүн диктатормун же авторитардык өкмөтмүн деп айтпайт, баарын тең танат, бирок реалист катары айтсам, жакынкы 2-3 жылда азыркы кыргыз саясий абалын өзгөртө албасак да “жумшак авторитаризм” менен кызматташып болсо да өз кесибиңе жараша өлкөнүн от элегине жараганга аракет этсек сөз реалдуулука жакыныраак болоттур.

kendo– Сиздин түшүнүгүңүздө ийгилик деген эмне? Адам канткенде ийгилике жетет деп ойлойсуз? Ийгилик сыры жөнүндө ой бөлүшө кетсеңиз.
Ийгилик дегенде жеке өзүм эки нерсени түшүнөм: өмүр деген мейкиндикти кантип багынттың, жашооңдо эмнеге жеттиң, кийинкиси кыска убакыттагысы окууда, спортто, бизнесте, саясатта… . Өзүн-өзү анализдей алууга жетишкен киши, көбүнэсе Көкө Теңирден алган табигый күчүм эмнеге жетет, эмнеге жетпейт деп билет эмеспи. Алыңа жараша айдаган эчкиңе ышкырсаң тырышчаактык, намыскөйлүк, талыкпастык, кичи пейилдик, эрктүүлүк, кайраттуулук, чыдамкайлык ийгиликке эртерээк жакындатчу желдир. Ошол үчүн, жогорудагы өмүрдүн ийгилигин улгайганда билээрбиз, бирок окууда, иште, спортто айдаган эчкиңе жараша ышкырып, туура менежментти пайдалансак ийгиликке болгон мүмкүнчүлүк чоңоёттур. Мисалы, бала чактан эле эңсеген нерсеңе даярдана баштасаң, англис тилин TOEFL, TOICтер аркылуу даярданып, глобалдык киши болгонго даярдана берсең, ар тараптан тандоого алтернатива көбөйөт экен, демек, жаңы горизонттор, жаңы мүмкүнчүлүктөр да пайда болот. Арийне, азыр глобализация учурунда андан артта калбай, тетирисинен ага “конуп” алып өзүңдү өзүң реализацияла.

– Келечектин ээлери болгон жаш муунга, айрыкча чет өлкөдө окуп жүргөн кыргыз улан-кыздарына кандай насаат сөздөрүңүз бар?
“Насаат” деп катуу айтылды го (күлүп)! Ар кимдин бактысы өзүнүн жеке баалуулуктарына жараша эмеспи, ошого ар кимдин өзүнүн айкын максаты бар го деп ойлойм. Бирок бизди баарыбызды бириктирген Кыргыз Улусу (өзүнүн сөзү) (баса айта кетчү нерсе, “Кыргызстан” деп айтканыбыз менен ал биздин өлкөгө анча төп келбеген ат, керек болсо Конституцияда дагы Кыргыз Республикасы деп айтылат. Улус деп биздин нукура эски сөздөрүбүздүн бири, өлкө дегенди түшүндүрөт) болгондуктан, кимисинен болбосун жети атасы болбосо да өз уруусун, улутун айкын билсе экен, биз бизди бөтөн элдер өз динин үйрөткөндөй талаада тентип калган “салпаяк” эмес экенибизди, асырап короосуна киргизип алгандай “жетим” эмес экенибизди, бөтөн элдин тилинде сүйлөп калгандай намысы да жок, тили да жок “маңкурт” эмес экенибизди, эне сүтүн эмбей калган “өксүк” эмес экенибизди, эркиндикти сүйгөн көчмөн Ногой, Шыгай, Манас, Чыңгыз аталарыбыздын урпактары экенибизди гана эстерине салгым келет.

– Азыркы учурда эмне менен алек болуп жатасыз? Жаңы жерге, элге, бөтөн тилге дегендей, көнүп калдыңызбы? Келечек пландарыңыз кандай?
Азыр академиялык илим чөйрөсүндө салыштыруу политология (comparative politics) боюнча доктордук диссертациямды жазып жүрөм. Изилдөө объектерим мамлекеттүүлүк, макроинституттар жана демократизация маселелери менен байланышкан. Жогоруда айтып кеткендей, жапон эли мага башынан эле бөтөн элдей деле болгон жок, келерге чейин эле мен ойлогондой экенин билчүмүн. Жапончо сүйлөп калышкан кыргыз туугандардын өлкөсүндө жүргөндөй эле болбосом, бир жолу бөтөнсүң деп бөлгөнүн да билбейм, же чоочундатып бөлүп карашканы да эсимде жок. Анын үстүнө тээ бир учурда Кытайда окуп жүргөндө жатаканада жапон балдары менен бир жашагам. Илимимди жактап алсам, Кыргыз Улусуна кайтып түздөн-түз элдин от элегине жараганы саясат чөйрөсүнө ат чабышка түшөттүрмүн.

0140– Кыргыз тили жөнүндө сурасам. Эмне үчүн биз Кыргыздар Кыргыз болуп туруп, өз жерибизде жүрүп орус тилинде көп сүйлөйбүз?! Канткенде Кыргыздар өз эне тилинде сүйлөөгө умтулушат?!
Адегенде, азыркы кыргыздарды копол ыкма менен 3 категорияга бөлүп айтсам сөзүм түшүнүктүүрөк болоттур. Биринчи категорияга орус тилдүү чындап эле орусташкан “киргиздерди” нукка салайын. Кийинки категорияга кыргыз тилдүү (булар кыргыз тилди да орус тилди да билишет, же болбосо кыргыз тилди гана билишет) кадимки кыргыздар киришет. Акыркы үчүнчүсүнө кыргыз тилди да орус тилди да билишет же экөөнү тең жакшы билишпейт, ошондон улам дагы эле коомдо орусча сүйлөгөн маданияттуулуктун, цивилдүүлүктүн белгиси деп түшүнүшүп, өздөрүнө-өздөрү ишенишпеген комплекстери бар “обу жок кыргыздар” же “оосар кыргыздар” киришет. Буга негизинен 3 себеп бардай көрүнөт:

1) Советтер Союзунун орусташтыруу саясатынын туундусунун тарыхый себеби болсо, туюндусу катары негизинен биринчи категориянын “киргиздери” деген ой кетет.

2) Эгемен улуттук улус (sovereign nation state) катары жашап келген тажрыйбабыздын аздыгы, буга 3-категориянын “оосар же обу жок кыргыздары” далил боло алат. Өксүк бечара кыргыз, өзүнүн көчмөн экенинен уялып, айылдан келген учурда шаардыктардын алдында аябай эле кемсинип намыс кылат экен. Чынында моюнга алыш керек, орус тилдүү мектептердеги билимдин деңгээли кыргыз мектептеринен, баарысы деп айта албасам да, жалпысынан жогорураак турат эмеспи, ошондон улам бул комплекс деген ооруну туудурат экен. Байкуш “оосар кыргыздар” керек болсо азыр деле чет өлкөдө жүргөндөрү деле көнгөн адат калабы уйга жүгөн салабы болуп маданияттуу болуп орусча сүйлөгөнгө аракет кылат, бирок орус тилинин стилистикасына такыр төп келбеген учурлары көп. Орус лексикасын гана жакшылап колдонуп койсо “мен кыйратып орусча сүйлөп аткан турбаймынбы” деп психологиялык жактан каниет этет экен, чын-чынында сүйлөмдөрү кыргызча бойдон калып стилистикалык жактан сүйлөмдөрдүн мүнөзү, түзүлүшү, стили бүт бойдон кыргызча болуп турат. Мисалы, “значит”, “оказывается”, “вот”, “а чо (что)”, “давай” ж.б. сөздөрдү көп колдонобуз, булар кыргыздардын оору сөздөрү, орус тилинде болсо дагы биз колдонгондой көп колдонбойт. Кыргызчаланган орус сөздөрү деле ошондой: “бизде телефон чалуу бар (у нас есть телефонный звонок, бирок бизге чалып жатышат деп эле айтышат чынында)”, “момпосуйлар (конфеты, бирок кыргызча көптүк түрдө эч ким айтпайт, момпосуй эле дейт)”, “мырза Анарбаев (господин Анарбаев, бирок кыргызча Анарбаев мырза деп айтылыш керек)”. Аттиң “оосар кыргыздар” Булгаковдун, Пушкиндин, Толстойдун тили менен орусча сүйлөшсө тамшанып там бермекмин.

3) Конституциядагы эки тилдин тең тең атачылыгы. Бул эми мыйзамдык негизде кыргыз тилин какаткан эң чоң тамактагы кылкан. Анткени, документация иштери гана эмес, расмий деңгээлдеги ооз эки кыргыз тили дагы мыйзамда эгер кыргыз тилин билбесең орус тилинде деле кыла берсең болот делип кепилденген жагын эсиңизге салсам. Арийне, бул маселелерди кантип чечиш керек деген суроону мамлекеттик саясаттын алкагында кылдат чечилиш керек, кыргыз тилин жандуу тил кылуунун этаптары иштелип чыгарылышы керек деп айта берсең болот. Ага өзүнчө бул интервьюдан сырткары өзгөчө кеп кылбаса сөз жетпей калгандай.

– Ынтымак, биримдик жөнүндө сурасам. Канткенде Кыргыздар биримдике келишет? Канткенде Кыргыздар ынтымакта болуп бири-бирине көбүрөөк жан тартышат? Азыр кээ бир өлкөлөрдө кыргыздардын ынтымагы жакшы (мисалы Түркияда), бирок Орусиянын кээ бир шаарларында жакшы эмес, бул өтө өкүнүчтүү.
Бул да убактылуу нерсе деп ишенем, анткени тарых кыргыз эли үчүн эле эмес, бардык эле адам баласы үчүн окшош болуп кайталана берет турбайбы. Түштүк корейлер дагы 50-60-жылдары, Германия согуштан кийин өзүн-өзү оңдоп жаткан учурда темир жолдорун курганы, тунелдерди чукуганы кара жумушка кадимкидей эле бизге окшоп эч уялбай, намыстанбай эле кудум эле биздин жашоодо болуп аткандай чоңдор, бийликте тургандары биринчи туугандарына виза жасап берип жөнөтүп тургандары тарыхта белгилүү. Жапондор болсо 20-кылымдын баштарында Америка, Бразилия сыяктуу өлкөлөрдөн бактысын издеп топ-топ болуп алып көчүшкөндөрү белгилүү. Ал эми, биз канте алабыз дегенде, ар жердин өз реалдуулугу, сырткы факторлору, шарттарына жараша айтпасаң, жөн гана абстрактуу жооп болуп калат го. Негизги жообум жогоруда айтып кеткен сиздин бешинчи сурооңуздан издесе дейм. Андан сырткары, улуттук идеология жөнүндө кеп кылса деле болот, бирок аны үстү жактан комунисттик стилде эмес, сиздердин редакцияга окшогон азаматтардын жамааттары бири-бирин таап, саясий, маданий, илимий топторго биригип илимий анализдин негизинде иштелип чыккан концепция жана методология менен жакындабасак өкмөткө окшоп осол болуп жүрө беребиз го.

Маектешкен Заирбек Дүйшөбаев (zairbek@kyrgyzdar.com),
«Чет өлкөдөгү кыргыздар»,
Жума, 31 Теке айы 2009 19:02

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.