Бүгүн эгемендүү Кыргызстандын мыкты фильмдеринин декадасы башталат

Бүгүн, 19-августта, Бишкектеги Кино үйүндө Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан берки тартылган мыкты фильмдердин декадасы башталат. Иш чара республиканын Эгемендүүлүк күнүнө арналган.

Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Кинематография департаментинин маалыматына ылайык, декаданын алкагында толук метраждуу көркөм фильмдер менен катар документалдык, анимациялык, кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлөт. Бүгүнкү күндөн тышкары декада 22, 27 жана 29-август күндөрү Кино үйүндө улантылмакчы.

Тасмаларды көрсөтүүдө аларды жараткан кинорежиссер, актер, кинооператорлор катышып, искусство ишмерлери фильмди көрсөтүүдөн мурун тасма жөнүндө баян куруп беришмекчи.

Декаданын алкагында көрсөтүлө турган тасмалардын катарында Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» Улуттук киностудиясы менен бирге жеке киностудияларда тартылган – “Каракыз”, “Айыл өкмөтү”, “Белгисиз маршрут”, “Боз салкын” сыяктуу белгилүү фильмдер бар.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 19.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.