КЫРГЫЗДАР АРИЙЛЕР! Дастан САРЫГУЛОВго ачык кат

Урматтуу Дастан агай!
Сизге ачык кат түрүндө кайрылып жаткандыгымдын бирден бир себеби – жеке сизге гана эмес, калың кыргыз элине да тапкан маалыматтарымды билдирсем деген ойдомун. Сиз кыргыздын улуулугун айтып чыктыңыз эле. Ошол айтылган ойлорду айрымдар илимий негизи жок, жөн гана айтылган сөз катары баалап жүрүшөт. Бир жагынан ошондой илимди гана негиз кылгандарга маалымат болсун деп, экинчи жагынан Сиз сөз кылган кыргыздын өзгөчөлүгү илимий түрдө далилденип жаткандыгын Сизге зор кубаныч менен айткым келип турат. Жакынкы мезгилде эле Дж. Джиниоглу, Л.Л. Кавалли-Сфорца, Т.М. Карафет, Т.Кивисилд, А.А.Клёсов, Дж.Д. Макдональд, Б.Сайкс, В.А. Степанов өңдүү илимпоздор жер бетиндеги улуттардын генетикалык изилдөөсүн аталык багыты боюнча, башкача айтканда атадан балага өткөн багыты боюнча (илимий тилде Ү-ДНК) изилдөө жүргүзүшкөн. Мына ушул изилдөөлөрдүн жыйынтыгын окуп алып бир эсе таң калып, бир эсе кубанып олтурам!!! Эң негизгиси, ар бир генетикалык топ (кыргызча “кан” деп коёлу) “гаплогруппа” деп аталган. Ушул гаплогруппалар R1b, R1a, I, E, J, G, N, T, L деп бөлүштүрүлгөн. Кыргыздардан 52 адамдын гени (каны) изилденген. Ошондо кыргыздардын 63,5 пайызы R1a гаплогруппасына, 1,9 пайызы R1b гаплогруппасына, 1,9 пайызы I гаплогруппасына, 0 пайызы (жок) E гаплогруппасына, 4,9 пайызы J гаплогруппасына, 0 пайызы (жок) G гаплогруппасына, 2,4 пайызы N гаплогруппасына, 0 пайызы (жок) T гаплогруппасына, 0 пайызы (жок) L гаплогруппасына таандык болуп чыккан. Бир сөз менен айтканда, кыргыздын генинде R1a (63%), J (4,9%), N (2,4%), I (1,9%), R1b (1,9%) гаплогруппалары кездешкен. Демек, кыргыздын гениндеги эң орчундуу орунду R1a гаплогруппасы ээлеген. Эгерде башка улуттарда (казактарда, орустарда, өзбектерде ж.б) R1a гаплогруппасы биздегидей олуттуу орунду ээлесе, анда алар муну тим эле дүйнө жаңырта кыйкырып чыгышмак. Себеби, мына ушул R1a гаплогруппасы илимде “арийлердин” гени (каны) деп шарттуу түрдө айтылат. Эми ушул R1a гаплогруппасы бизден башка кайсыл улуттарда олуттуу түрдө кездешкен? Аларга Европадан лужичтер (63 %), венгрлер (60 %) кирет, калгандары 60 пайыздан төмөн. Ал эми Азиядан кимдер кирет? Аларга таза кандуу брахмандар (72-67 пайыз), ишкашимдер (68 пайыз) кирет. Калгандары 60 пайыздан төмөн. Демек, кыргыздардын канында арийлердин каны бар экендиги илимий түрдө далилденип жатпайбы! Ал тургай орустардын улутчулдары аргасыздан муну мойнуна алып, эми алар R1a менен I гаплогруппасын кошуп, биз өзгөчө элбиз деп айтып жатышат. Эмне үчүн алар R1a гаплогруппасын кошууда? Анткени алардын канында R1a гаплогруппа салыштырмалуу аз табылган. Ошондуктан алар аргасыздан ушундай жолго барышууда.

Мисал кыла кетели: казактарда R1a гаплогруппасы болгону 3,7 пайыз гана табылган. Эми мына ушул лужичтер, ишкашимдер улут катары калыптанган эмес, брахмандар болгону коомдук катмар (каста) болуп эсептелет. Венгрлер менен кыргыздар гана улут катары калыптанышкан. Бирок аталган гаплогруппа кыргыздарда көп болуп жатпайбы! Баарынан кызыгы – аталган изилдөөдө (Караңыз: “Ү-хромосомные гаплогруппы в этнических группах” (Википедия Интернет сөздүгү-авт.) өзгөчө басым R1a жана R1b гаплогруппаларына коюлган. Себеби, R1a арийлердин гаплогруппасы болсо, R1b Батыш Европанын улуттарына такалат. Бул эки гаплогруппа бир тууган болуп эсептелет. Биздин улутта арийлердин каны бар экендигин далилдеген фактылар бөтөн улуттардын улутчулдары тарабынан деги эле жокко чыгарылбайт. Болгону билмексенге салынып келет.

Эми биздин гендеги калган гаплогруппаларга токтоло кетейин. J гаплогруппасы “еврейлердин” гаплогруппасы деп аталат. Бул эми бизге сырттан, кан аралашканда пайда болсо керек. Бир гана мисал, еврей окумуштуулары да R1a гаплогруппасына киргенге аракет кылышып (аларда болгону 10 пайыздын тегерегинде гана табылган) келет. Аргасыз жылмаясың. N гаплогруппасы якуттардын гени болуп эсептелүүдө (аларда бул гаплогруппа 80 пайыздан ашат), бизде бул гаплогруппанын болушу да мыйзам ченемдүү көрүнүш. I гаплогруппасынын бизде кезигиши да мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейм, анткени мындай гаплогруппа түрктөрдө, Казань татарларында кездешет. Ал эми илимпоздорду таң калтырганы, бизде R1b гаплогруппасы да бар болуп жатпайбы! R1b Батыш Европанын улуттарына таандык болуп эсептелет. Менин оюмча, бул гаплогруппанын биздин канда болушу R1а менен R1b гаплогруппаларынын бир туугандык байланышын далилдеп жатат. Калган майда айырмачылыктарга, илимий далилдерге токтолуп олтурбайын.

Урматтуу Дастан агай! Мүмкүн бул далилдер Сизге белгилүү чыгаар, ошентсе да Сиздин позицияңыз илимий түрдө далилденип жаткандыгына абдан кубанычтамын! Өзгөчө кыргыз улуту үчүн күйгөн уул-кыздарга аталган илимий далилдер улуттук аң-сезимди ойготууга тирек болуучу фактылардын бири катары кызмат кылаарына шегим жок. Кыргыз улутунун тарыхынын тереңдиги, маданиятынын кайталангыс керемети, улуулугу дагы да мезгил өткөн сайын, кыргыз уул-кыздарынын жан дүйнөсү өскөн сайын ачыла берээрине абдан терең ишенем.

Сизди терең урматтаган, Кален Субанов

РЕДАКЦИЯДАН: Урматтуу окурмандар! Дастан Сарыгулов буга чейин кыргыз улуу, байыркы эл экендигин тарыхый, археологиялык, этнографиялык мисалдар менен кыргыз эмес окумуштуулардын эмгектери аркылуу кан какшап далилдеп келди эле, эми мына, дагы деле кыргыз эмес окумуштуулардын бу сапар физиологиялык, гендик инженериянын изилдөөлөрүндө бул чындык дагы бир жолу тастыкталып жатат.
Маселе боюнча ириде Дастан Сарыгуловдон, кыргыз деп күйгөн окумуштуубу, тарыхчыбы, бийликте жүргөнбү, бийликке жетсем дегенби-саясатчыдан, катардагы мекенчил жаранбы- бардыгыңардан ой-пикир күтөбүз.

“Назар” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 02.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.