Бишкектеги “Азур” басылмасы балдар үчүн мыкты чыгармага сынак жарыялады
“Азур” басылма үйү “Балдар китеби-2009” атындагы адабий премияны уюштуруп, балдар үчүн мыкты чыгармага сынак жарыялады. “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайты билдиргендей, жеңүүчүгө 1000 евро тапшырылат, ошондой эле анын чыгармасы басылып чыгарылмакчы.
2009-жылкы сынакка жашаган жерине карабай кыргыз жана орус тилдеринде жазган авторлор катыша алат. Сынакка коюлучу чыгармалар – балдар үчүн повесттер, аңгемелер, жомоктор жана ырлар болушу мүмкүн.
Чыгармалар 2009-жылдын 1-октябрынан 28-декабрга чейин кадыл алынат.
Сынак тууралуу толугурак маалыматты бул жерден алса болот.
Соц тармактар: