Бири-бири менен эмес, идея үчүн тирешкен кыргыз алптары

Бийик тоолор алыстан даана көрүнгөндөй кыргыз адабиятында да башка чокулардан өзгөчөлөнүп, өзүнүн бийиктиги, улуулугу менен көзгө дааналанып көрүнгөн бийик чокулар бар. Аалы Токомбаев дагы кыргыз адабиятындагы ошондой алп аска-зоолордун бири, улуу акын жана прозаик. Бул жолу Аалы Токомбаевдин үй музейинин илимий кызматкери, кинорежиссёр жана акынга туугандык жагы да бар, аны жакындан билген инсан Асанкожо Айтикеев менен акын жашаган үйдө /азыр үй-музей/ Аалыкемдин адамдык бейнеси тууралуу маек курдук.

– Асанкожо агай, Аалы Токомбаевдин жанында жүргөн, аны жакындан билген адам катары айтсаңыз, акындын өмүрүнүн акыркы жылдарында ага карата катуу куугунтук башталып, атүгүл Аалыкени бульварда отурган жеринен сабап да кетишкен деген имиштер айтылып келет?

– Асанкожо Айтикеев, кинорежиссёр, музейдин илимий кызматкери: Мен ал кишинин тайкесинин баласы болом жана ал кишинин колунда өскөм. Андай факты болсо мен билет элем, баласы билет эле. «Тепкилешти» дегенди кыйыр мааниде айтып жаткан болуш керек. Аалыкемди «Манаска» каршы чыккан деп да айтышты.  А бирок Аалыкем: «Манас» деген биздин сыймыгыбыз, биз аны конфетке чаптап, коньякка атын бердик, бул туура эмес» деп жазганын өзүм окудум. «Манас» боюнча алгачкы конференцияны биринчи уюштурган Аалы Токомбаев болгон. Андай кыргызга белгилүү, атактуу адамды кантип тепкилеп кетишмек эле. Өткөндө Осмонакун Ибраимов деген чиновник Аалыкемди Тыныстановго каршы чыккан, дагы тиги-бу деп «Азаттыкка» маек бергенин уктум. Эми ушундай окумуштуу, академик  кишилердин мындай дегени уят нерсе. Самсак Станалиевдин «Кыргыз Туусуна» «Тыныстанов кыргыз маданиятынын күнү» деген макаласы чыккан, анда жазуучу Аалыкени Тыныстановго каршы чыгып, каматып салган деп жазыптыр,  мен ошого каршы пикир жаздым. Мен бул кишилер бири-бири менен эмес,  идея үчүн бири-бирине каршы чыгып, идея үчүн күрөшкөндүгүн жаздым. Алар көчөгө чыкканда чогуу жүрүшүп, жакшы тааныш, теңтуш, замандаш боюнча калышкан. Аалыкем 37-жылы эки жыл камакта жатканда эч кимди сатпагандыгы үчүн акталып чыккан. Тарыхта Тыныстанов, Айтматов, Токомбаевдин өз орду бар. Аларды көзү өткөн соң бири-бирине каршы коюунун эмне зарылчылыгы бар? Кызы Тамаранын айтуусу боюнча Токомбаевдин бактылуу жана бактысыз жылдары болгон.

 

Аалы Токомбаевдин бактылуу жылдары

7-ноябрь, 1924-жыл – «Эркин Тоо» гезитинин алгачкы санына Аалынын «Октябрдын келген кези» деген ыры жарыяланган.

1934-жыл – Жазуучулар союзунун түзүүчүсү.

1954-жыл – Илимдер академиясынын академиги.

1964-жыл – Орден алган.

1974-жыл – Социалисттик Эмгектин Баатыры.

1984-жыл – Октябрь революциясынын орденин алган.

 

Бактысыз жылдары

1928  – жыл, «Ленин жөнүндө кошок» ыры үчүн куугунтукка алынат.

1937-жыл – Эки жылга түрмөгө камалат.

1987-жыл – Катуу куугунтукка алынып, «ультра улутчул» атка конот. Мунун жыйынтыгында 83 жаштагы акындын жүрөгү буга чыдабай, 1988-жылы каза болот.

– Чыңгыз Айтматов менен да тирешкен деп айтып калышат?

– Чыңгыз да кыргыздын маңдайына бүткөн асыл адамы, алп жазуучусу. Ал экөөнүн мамилеси тууралуу аралашып жүргөн адам катары бир эпизод эсимде калыптыр. Аалыкем Чыңгыз менен бир дасторкон үстүндө чай ичип олтурушканда Аалыкем Чыкеме карап: «Ээ, уулум, сенин атаң менен үзөңгүлөш жакшы теңтуш элек. Анын уулу сенин ушундай даражаңа жеткениңе жетине албай кубанам. Сенин атаң менен менин ортомдо андай-мындай иштер болгон деген бузукулардын кептерине кулак салбашыңды суранам, билбеген адамдар эмне дебейт» деп улук башын кичик кылып, Чыкеме карады. Менин ушул күнгө чейин эсимден чыкпай сарсанаага салганы, аттиң ай деп өкүнткөнү – ошондо Чыңгыз Аалыкемдин жүзүнө карабай туруп, дасторкондогу айвадан бирди алып, аны шуу жыттап: «Жыты аңкыганын карачы, ушул айвадан Москвага ала кетишим керек экен» деп алп акын, атасынын замандашынын сөзүн укмаксанга салганы болду! Ошондо Аалыкемдин башы шылк дей түшкөнүн байкадым… Чыкем анын баласынан да кичүү да, анан атасындай кишинин сөзүн колдоп-кубаттап койбогонун өмүр бою эстеп калдым…

– Жашы 84тү таяп калганда куугунтукка кабылуу Аалыкеме абдан оор тийсе керек?

– Жашы өтүп калганда албетте, оор тийет. Кыргызга жасаган эмгеги Ала-Тоодой болуп кашкайып көрүнүп турса дагы, аны көрмөксөнгө салып, каралап, адамдыгына, чыгармаларына асылган биздин кыргыздарга гана мүнөздүү көрүнүш болсо керек… Бу кишилер не деген замандарды баштан өткөрбөдү дейсиң!… Улуу Үркүндө Кытайга качышып, бир жылда беш бир тууганынан, кайткан жолдо атасы Токомбайдан, апасы Уулбаладан ажырап, жетимдиктин күнүн көргөн он үч жашар Аалы бешенесине совет бийлиги орнобосо мындай даражага эч качан жетпестигин эң жакшы түшүнгөн. Ал кишинин колуна чай куюп берип жүрүп эс тарткан адам катары айтарым, Аалыкем бир киши жөнүндө да жаман сүйлөгөнүн эч укпадым. Кандайдыр бир ушак кеп айтылып калса, «ээ, уулум, бул кеп эртең эле башкача айтылып калат» деп койчу… Ал өмүр бою адамдыгынан, алптыгынан, бийик тоолордой сүрүнөн жазбады. Кыргыздын буга чейин жашап келген улуу адамдарынын улуулугу дал ушул Аалыкемде да бар эле. «Токтолбойт толкун түбөлүк» деген китебиндеги ырларынан бир сап айрыкча таасирлентет:

Чыкса дагы, батса дагы балбылдап,
К
үн билгизет өмүрүнүн акканын.
Каалар элем келсе дагы, кетсе да,
Адамдардын к
үн сыяктуу батканын…

Назгүл Осмонова, «Де-факто», 14.08.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.