Бишкектеги “Азур” басылмасы балдар үчүн мыкты чыгармага сынак жарыялады

«Азур» басылма үйү «Балдар китеби-2009» атындагы адабий премияны уюштуруп, балдар үчүн мыкты чыгармага сынак жарыялады. «Кыргызстандын жаңы адабияты» сайты билдиргендей, жеңүүчүгө 1000 евро тапшырылат, ошондой эле анын чыгармасы басылып чыгарылмакчы.

2009-жылкы сынакка жашаган жерине карабай кыргыз жана орус тилдеринде жазган авторлор катыша алат. Сынакка коюлучу чыгармалар — балдар үчүн повесттер, аңгемелер, жомоктор жана ырлар болушу мүмкүн.

Чыгармалар 2009-жылдын 1-октябрынан 28-декабрга чейин кадыл алынат.

Сынак тууралуу толугурак маалыматты бул жерден алса болот.

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.