Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын урматтагандарга

“Бийиктик” басмаканасы Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын 8 томдугун кыргыз тилинде жарыкка чыгарды. Бул томдордо улуу жазуучубуздун бардык чыгармалары, анын ичинде публицистикасы жана акыркы жазылган «Тоолор кулаганда» аттуу романы, камтылган. Китептер калың мукабада, ак баракта, окуганга ынгайлуу шрифтте сапаттуу басылып чыгарылган.

Ч.Айтматовдун чыгармалары толугу менен өздүк китеп текчеде туруусун каалагандар аларды өз баасында басылманын өзүнөн сатып ала алышат. “Бийиктик” сураган баа – 1600 сом. Ушул эле томдордун баасы китеп дукөндөрүндө 2500 сомдон кем эмес. Ч.Айтматовдун 8 томдугун сатып алууну каалагандар 0(312) 43-32-81, 0543 882-644, 0772 930-585 телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот.

“Бийиктик” басмаканасы билдиргендей, жаңы жылга жакын Ч.Айтматовдун орус тилиндеги 8 томдугу да даяр болмокчу.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.