Тил маданиятыбызда кайра жаралууну алып келген сөздүк жана айрым өкүнүчтүү штрихтер

Мына, күрүлдөгөн күз айларынын башында маданий турмушубузда бир жакшы окуя болду. Улуу кыргыз тилчиси, профессор Хусеин Карасаевдин мындан 26 жыл мурун жарыяланган “Орфографиялык сөздүгү” кайрадан басылып, калкыбызга тартуу кылынды. Китептин презентациясы, андан кийинки ага байланыштуу жыйналыш-пикир алмашуулар да болгондугун, ал гана эмес “Сөздүккө” карата алгачкы сындар чыга баштагандыгын да көрүп жатабыз.

Чындыгында, кийинки 15-20 жыл ичинде сүйлөө жана жазма тилибизде болуп көрбөгөндөй орун алган чар-жайыттыктан чыгууга жол таба албай турган кезде бул эмгектин элибизге кайра келиши, кандайдыр бир даражада, баарыбызга: “-Эсиңерге келгиле, зыяндуу жолго түшүп алдыңар, кеч боло электе этегибизди жыялы”, -дегендей чакырык-ураан салгандай таасир калтырды. Карасаевдин сөздүгүнө карата менин эч кандай коё турган дооматым жок. Ал ар бирибизге дайыма жардамга келген, столубузда дайыма турган кеңешчибиздей кызмат кылгандыгы анык. Мындан ары да бул миссиясын ийгиликтүү аткара берет деп ойлойм. Кептин баары ушул китепке киргизилген “жаңы” сөздөрдө-терминдерде жатат. Алардын бардыгы жөнүндө бул жерде сөз кыла албастырбыз. Бирок тилибизде көбүрөөк колдонулумуш болуп, эл кабыл албай нааразычылык пикирлерди туудурган, ара төрөлгөн, жасалма терминдер жөнүндө айтпай коё албайбыз. Алар мааниси, маңызы боюнча алмаштырып жаткан терминге эч бир альтернатива боло албаса да, ойлонулбай зордук менен элге алып чыгып, мажбурлап сүйлөтүп, алардын конституциялык укугун жокко чыгарып, адабий тилдин моралдык-этикалык нормасын тебелеп жатканыбызды сезишибиз керек эле.

Тилибизди келегей кылып бүткөн кайдагы бир түзүм-бүзүм, тизим-бизим, тутум-сутум, берене-серене, пайыз-майыз, санарип-манарип, жар кагаз-мар кагаз, бап-сап, катчы-матчы, каржы-маржы, агенттик-магенттик, жамаат-самаат, жарнак-марнак сыяктуу сөздөр сасык тумоодой каптап, элдин башын айлантып бүттү. Ушул жылдын 23-сентябрынде мамлекеттик тил жөнүндө закондун 20 жылдык салтанатында Президентибиздин сүйлөгөн сөзүндө: “Аталыштар, терминдер, түшүнүктөр ар бир гезитте башкача жазылып, көпчүлүктүн башы маң болуп бүттү. Радио менен теледе түшүнүксүз сөздөр менен сүйлөмдөрдөн баш адашат. Биздин адабий тилдин чен-эрежелерине ким көз салып, ким тескейт деген суроо туулат” – деп баса белгилегени эмнени билдирип жатат? Кана, ушул сынга кимибиз жооп беребиз? Ушуга окшогон чар-жайыттыкты, сабатсыздыкты, көпчүлүктүн башын маң кылып жаткан көрүнүштү ким оңдойт? Оңдой турганга кудурети жетчү мекеме же биз ишене турган бир адам барбы? Же ушинтип эле жүрө беребизби? Мына ушул суроолорду баарыбыздын алдыбызга коюп жатпайбы мамлекет башчысы. Жогоруда көрсөтүлгөн термин-сөздөрдүн айрымдарынын табиятына бир чекесинен кайрылып көрөлүчү. Түзүм деген сөз кийинки кезде структура термининин ордуна жазылып, дегеле баалуу табылгадан бетер айтылып жүрөт. Мындай сөз тилибизде, Карасаевдин, Юдахиндин сөздүктөрүндө жок. Ушуну таап, калкыбызга таңуулагандар кайсы окууну бүткөн немелер болду экен деген ойго келесиң. Же болбосо тизим дегенди алалы. Сөздүктөгү мектеп тизими деп берилгенин дароо эле түшүнбөйсүң. Эмнени айтып жатат деп ойлойсуң. Чынында эле мектеп түзүлүшүн же мектеп структурасын, же системасын айтып жатабы дейсиң. Мына ушуга окшогон адашкан кодура сөздөр эч зарылдык жок туруп система, структура, состав дегендердин ордуна жармаштырылып жатканы өкүнүчтүү.

Чоң жана бай тил деген орус тилинде статья деген терминди эки мааниде- “макала” дегенге жана конституциянын, юридикалык, соттук документтердеги статья дегенинде колдонулат. Бизде да ошондой болуп келген. Анан кайдан барып, берене деген чыга калып, статьяны алмаштырып калды. Ушуну киргизген киши, же ушул сунушка макул болгондордун бирөө эле бул эмне деген сөз экенин бизге түшүндүрүп бере алабы? Бере албайт. Анткени статья менен берененин ортосунда кымындай бир маанилик, альтернатива болчу байланыш, илинчек жок. Ушул жолго барышка эч зарылчылык да жок болчу. 90-жылдардын орто ченинде ушундай аракеттер болгондо, Кыргыз илимдер академиясынын Президиумунун алдындагы терминком аны четке кагып, жолотпой койгон, өз чечими менен бекемдеп, газеталарга жарыялаган. Кийин ошондогу терминкомдун чечимин тебелеп, моменттен пайдаланып, элдин пикирин сурабай туруп, киргизип алыштын кереги бар беле. Юдахин менен Карасаевде бир гана берене муз. лад. деп берилип турат. Башка мааниси жок. Статья өз ордуна келиши керек. Ушуга жакын дагы бир термин глава дегенге токтоло кетели. Глава – глава болуп, бир нече муунга кызмат кылып келди. Аны “бап” менен алмаштырууга ниеттенгендердин сунушу өткөндөгү легандардык парламентте Конституциянын текстин талкуулап жатканда макулдук тапкан эмес. Ошондогу сессиянын жүрүшү тартылган ленталар архивде сакталып турган болушу керек. Ошол кездеги өкмөт башчысынын буйругу менен бектилген терминкомдун заседаниесинде да каралып, четке кагылган болчу. Канча макалалар жарыяланып, пикирлер айтылган.

Пайыз деген сөздү кыргыздар эч убакта билген эмес, колдонгон да эмес. К. К. Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүн”, Х. Карасаевдин “Орфографиялык сөздүгүн”, “Өздөштүрүлгөн сөздөрүнөн” таппайбыз. Ал фоиз деген араб сөзү. Мааниси пайда, берене, молдук. Муну “Азаттыктагы”, “БИ-БИ-СИдегилер” айтып жатышат деп, аларды ээрчип, эчактан бери төл сөзүбүздөй болуп калган проценттин ордуна колдонуп жатканыбыз чоң жаңылыштык болуп эсептелет. Бул термин сөз тээ Касым Тыныстановдун учурунда эле тилибизге тонна, килограмм, километр, сантиметр, температура, градус, таблица ж. б. сөздөр менен бирге келген. Эми ушул улуу-кичүү муундун канына, жанына сиңип, эчен жылдар элибиздин кубанычына, жеңишине, ийгиликтерине ортоктош болуп келаткан “процентти” түрткүлөө – тилди өнүктүрүп жаткан иш катары кабыл алынбашы керек.

Жаңы басылган сөздүктө “жамаат, жамагат, жамият (эл журт) деп Карасаевдикиндей беребиз да, аны коллектив деген терминдин ордунда колдонууга жол беребиз. Жамаат эч убакта коллективди алмаштыра албайт. Жамаат, жамагат, жамият үчөө тең эле биригип келип, бир эле түшүнүктү белдирет. Булар араб тилинен келген сөздөр кыргыздыкы эмес. Мааниси- коом (общество, сообщество), бирикме, община, группа, масса сөздүктөгү жамаат валютасы, жамааттык көтөрмө дегендерди алып ташташ керек. Жамаат менен коллектив эки башка сөз катары ар бири өз ордунда колдонулушу керек. Мисалы, коллективдүү коргонуу, коллективдештирүү, коллективизм ж. б. Коллективди түрктөр да коллектив дейт. Америкадан бери, бүтүндөй Европа ушундай айтып жатат.

Дарек деген сөз иран тилинен келген. Мааниси – кабар, дайын. Аны адрестин ордуна колдонуу сабатсыздыктын, түшүнбөгөндүктүн эң жогорку көрсөткүчү. Дарек менен адрес бири-бирине альтернатива түзчү сөздөр эмес. Маанилери ар башка. “Адресттик колдоону”, “адресатты” даректик колдоо, дарексат деп айта албайбыз. Адрести бүткүл дүйнө колдонуп жатат. Түрктөрдө да, монголдордо да адрес. Бүгүн кайсы газетаны албайлы жайнаган ката. Өзгөчө кыргыз радиосу менен телевидениедеги кабарчылардын, дикторлордун ар бир сүйлөмүндө ката, түзгөн, айткан материалдары жанга жугумсуз, супсак, тили келегей. Үндөрү, дикциясы талапка жооп бербейт. Ошону үчүн аларды көргүң да келбейт. Бекеринен мамлекет башчысы: “…. – Менчик түрүнө карабастан, бардык жалпыга маалымдоо каражаттары эне тилдин тазалыгы үчүн моралдык жоопкерчилигин сезүүсү керек, башкача айтканда, журналисттер, кабарчылар, алып баруучулар эне тилибиздин тазалыгы үчүн абийири менен жооптуу”, – деген сөзү жөн эле айтылган жок го. Бул жерде Президентибиз эне тилдин тазалыгы дегенде бардык маалыматтар, информациялык материалдар жогоруда биз белгилеп жаткан сөздөргө окшогон “табылгалардан” арылып, жалпы элге түшүнүктүү адабий тилдин нормасында элге сунуш кылынышы керек деп талап кылып жатканын түшүнүү кыйын эмес. Таза эле кыргыз тилинде сүйлөп жатып алгыла деген жок. Дүйнөдө таза тил жок.Таза тил деген кыргыз тилинде миңдеген сырттан келген эл аралык сөз терминдер бар. Аларды кошпой сүйлөшүү мүмкүн эмес. Анткени, бүгүн техниканын, технологиянын, илимдин заманы. Алардагы болгон кыймыл-аракеттердин бардыгын өзүнчө аталыштары, аттары бар. Эгер биз кыйын болсок, тилибизге дүркүрөп кирип жаткан жаңы сөздөрдү кыргызча кылбайбызбы. Мисалы, бисмейкер, вейкборд, гастарбайтер, гамбургер, кетчуп, кока-кола, твикс, спрайт, скейтборд, сноуборд, сэндвич, промоутер, ноутбук, нанотехнология, сумо, хот-дог, шаурма дагы башка толуп жаткан сөздөрдүн, буюмдардын, дары-дармектердин, тамак-аш, таттуу нерселердин аттарын кыргызча кыла алабызбы? Кыла албайбыз, мүмкүн эмес. Анткени, алар бизде жок. Жасалган, чыккан жеринде берилген аты менен калышы керек.

Сөздүктө жар ( аялы, күйөөсү), жарнак (үлүш) эск. деп берилип жатканында чатак жок. Жар деген Иран тилинен келген йар – бизче жар (ашык жар, сүйгөн жар) деген мааниде. Ага алардын = ан (бизча=лар) мүчөсү уланып жаран болгон. Ага кыргызча.= лар мүчөсү дагы уланып, жарандар – жарлар, курбулар, теңтуштар, жердештер деген мааниде колдонулганы Молдо Кылычтын ырларында (“Чуй баяны”, “будайыктын тою” ж. б.) көп жолугат. Эми ошол “жаран” (кыргыздарда жарандар формасында гана айтылат) -сүйгөн жарлар, теңтуштар бүгүн граждан, гражданин болуп колднулушу керекпи? Сөздүктө жаран (гражданин), жарандар (достор) деп берилген (178-бет). Муну кандай түшүнсө болот? Мындан 10-15 жыл мурун ушул жаранды граждандын ордуна алуу идеясы көтөрүлгөн кезде (кимдер көтөргөнүн деле билебиз) мен макалаларымда бир нече жолу кайрылгам. Салижан Жигитов: – “Жаран” дегенди “граждан” дегенге эквивалент (аралжы) катары колдонулушу – өмүр бою сөздүктөргө кайрылып көрбөгөн, сөз кадырын билбеген, өзгө тилин да, өзүнүн тилин да сыйлабаган бир наадандын табылгасы…” – деп жазган. Ушуга окшогон пикирлерди угуш керек эле да термин жасап, тилибизди байытып жаткандар.

«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.