Балдарды жомоктор дүйнөсүнө жетелеп…

Кыргыз балдары үчүн эне тилиндеги китептер, анын ичинде жомоктор чыкпай калды деп кайгырып отурганыбызда педагогика илимдеринин кандидаты, жазуучу-педагог Абдыкерим Муратов “Дүйнө элдеринин жомоктору – кыргыз балдарга” деген серияны негиздеп, бир катар улуттардын элдик жомокторун балдарга ылайыктап иштеп чыгып, которууга жана аларды китеп кылып чыгарууга киришкен болчу. Ал китептердин эң алгачкысы түркиялык түрктөрдүн жомоктору “Чоң энемдин алтын сандыгы” деген ат менен чыгып, 2009-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча сыйлыгына татыктуу болду.

Жакында “Турар” басмасынан дагы эки жомок китеп бурят эл жомоктору “Ай жана кыз”, алтай эл жомоктору “Ат, уй жана жылдыздар” деген аттар менен басылып чыкты. Бул эки китеп менен таанышып чыккан окурмандар кыргыз эли менен алтай, бурят элдери кандай жакын болгондугун, жомокторубуздун окшоштуктарын байкашат.

Жомок китептери балдардын тилин такшалдырууга, ой-кыялын өстүрүүгө, тартиптүү тарбия алууга аябай жакшы көмөк көрсөтмөкчү.

Э.Момунов, “Кабар” МА, 28.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.