“Алмашымды” башкага алмаштырбасак

Ыр кызыры Рыспай Абдыкадыров менен өмүр бою дос, жолдош болуп, чыгармачылык байланышын үзбөй, азыркы мезгилде “Ыр кызыры Рыспай” деген китебин жазып бүтүп, ошол китепти чыгарууга сүрөөнчү издеп жүргөн, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын, 20дан ашык китептин автору Карымшак Ташбаев менен дил маек.

– Карымшак аке, убагында чагылгандай жарк этип, улуу, кичүү дебей ыр күйөрмандарынын жүрөгүнө сиңип, бүгүнкүгө чейин ырдын пири аталган Рыспай Абдыкадыровдун мыкты ырларынын бири болуп ырдалып келаткан “Сагынуу” аттуу ырдын сөзү сиздики эмеспи. Эл ичинде “Чагылган” деген аталыш менен таанылган бул ырдын жазылышы, деги эле Рыспай Абдыкадыров менен качан, кантип таанышканыңызды, кызматташтыгыңыздар качан башталганы тууралуу окурмандарга айтып берсеңиз?
– Мен Рыспайдын ысымы аренага жаңы чыгып, эл ичинде дүңгүрөп турганда тааныштым. Университеттин журналистика факультетин бүтүп келип, облустук “Ленин жолу” гезитинде иштеп жаткам. 1966-жылы гезиттин эмгек жамааты Рыспай Абдыкадыров менен жолугуштук. Буга чейин Рыспайдын ырларын радиодон угуп, анын талантына тамшанып жүргөнбүз. Ал студенттердин, элдин ичинде оозго алынып калган мезгил болчу. Ошол кезде Ош педагогикалык институтунун музыкалык факультетинин 1-курсунун студенти экен. Редактордун кабинетинде Рыспайды кол чаап тосуп алдык. Журналисттер суроолорду жаадырышты. Аккордеонун көтөрө келген экен, ырдап берди.

– Ошол мезгилде кайсы ырлары элге таанылып калды эле?
– Салиевдин сөзүнө жазылган “Койчунун ыры”, биз “Чойт эркечим” – деп койчубуз, жаңы ырдалып, дүңгүрөп турган мезгили болчу. Радиодон тынбай жаңырып, элдин баары ошол ырды ырдап жүрүшкөн. Өзү дагы ошол ырын абдан жакшы көрөт эле. Ошентип биринчи жолу редакцияда тааныштык.

Ошондон көп өтпөй эле Рыспай экөөбүздүн биринчи чыгармачылык жолугушуубуз болду. Келинчегим менен редакцияга жакын жерде квартирада турчубуз. Кеч кирип калган. Ноябрь айы болсо керек эле. Рыспай кирип келди. “Кел, кел отур”, – дедим. Ал келген себебин, шашып турганын айтты. “Бир обон жаздым эле, тексти анча жакпай жатат, карап бербейсиңби”, – деп калды. Экөөбүз ээрчишип, музыкалык факультеттин экинчи кабатына бардык. Бир кыз пианинодо ырды ырдап берди. Мен: “Бул кызды кетире бер, текстиң жарабайт, музыканын ыргагына келишпей жатат”, – дедим. Ал мага обонун аккордеондо бир канча ирет ырдап берди. “Мен эртең текстти жазып келейин, анан бирге карайлы”, – дедик. “Сагынуунун” бир куплети Фрунзе шаарында башта жазылган эле. Ошого үч куплет кошуп жазып, эртеси алпарып бердим.

Арадан эки жума өтүп-өтпөй Фрунзеден радиодон “Сагынуу” берилди. Адегенде Рыспай ушул ырым татыктуу баасын албай, жакшы ырдалбай жатат деп кыжалат болуп жүрдү. Андан кийин ыр чагылгандай тез тарады. Оркестрге салынды. Кийин ал ырдын тагдыры алыс кетти. Алтын фондго жазылды. Атактуу ырчылар ырдап жүрүштү. Рыспайдын көзү өткөндөн кийин америкалык волонтер Пааш ырды жактырып, Америкада жашаган скрипач агасы Винни Паашка алып барып берген экен, кийин ушул обондун негизинде симфония жаратты.

Рыспайды элге тааныткан ырларынын бири Жолон Мамытовдун ырына жазылган “Издейм сени” деген ыры болду. Бул ырдын тексти “Ленинчил жаш” гезитине жарыяланыптыр. Ырдын текстин Абдылда Капаров деген журналист досубуз таап келип, ушул ырды көрсөң деп Рыспайга берет. Рыспай анан бул ырга обон жазган. Ыр чыгаары менен бүтүндөй Кыргызстанга тарап кетти. Ага чейин Рыспай көптөгөн акындардын ырларына обон жазып, ырдап жүргөн.

Белгилүү акын Сооронбай Жусуевдин “Кымбатым” деген ырына, Омор Султановдун бир канча махабат ырларына, Биримкул Алыбаевдин ырларына обон жазып, Рыспайдын ырлары бүтүндөй Кыргызстандын элинин сүйүктүү ырына айланган мезгил эле. Көп акындар менен иштешип, сөздүн гүлүн тандап, сөздүн маанисин талдап, обончу катары да, аткаруучу катары да бышып жетилип, чыгармачылыктын жетилүүсүнүн туу чокусуна келип калган мезгили болчу.

Кийин мен “Кыргызстан пионери” гезитинде иштеп жүргөм. Фрунзеде редакцияга барып, иштеримди бүткөрүп жүрүп Рыспайга жолугуп, экөөбүз Ошко чогуу жол тарттык. Самолёт токтогондо эле Рыспай шашып-бушуп чыгып кетти. Биз буюмдарды алып кечирээк чыксак, аэропорттон чыга бериште Давлет менен кучакташып турат. Ошентип, Ошко келип, Давлетке үйлөндү. Бир ай эки үй-бүлө чогуу жашадык. Анан алар квартирага бөлүнүп чыгып кетишти.

– “Алмашым” деген ырынын каарманы – Алмаш Байсалованы мындан бир канча жыл башта Кара-Кулжа районунан таап маектештим эле. Анан эле кийин Үсөн Сарыбаев “Алмаштын” каарманы Алмаш Чойбе-кова деп жазып чыкты. Ошол “Алмашымдын” чыныгы каарманы ким экенин билесизби?
– Бул ырдын тарыхын анчалык так билбейм го, бирок бул ырды Рыспай өзү Шакафтарда ооруканада дарыланып жүрүп жазган. Сөзү да өзүнүкү. 1966-жылы жазылганын билчүмүн. Бул жерде белгилеп кетүүчү бир жагдай, Рыспай өзү ыр жазбаганы менен тексттерди абдан терең анализдеп, анын маани, маңызы, ритмдери, ички уйкаштыгына, поэзиянын оюна абдан көп көңүл бурчу. Ошон үчүн акындардын ырларынын ичинен издеп, тандап жүрүп, өзүнүн дилине жаккан гана ырларды тандап алып, анан обон жазчу. Анын стилин билген акындар атайын ыр жазып, Рыспайга жөнөтүп турушчу.

Рыспай өзү ыр жазбаганы менен акындын дилин абдан терең түшүнгөн сезимтал адам болчу. “Алмашымдын” сөзүн өзү жазган. Мен “Ыр кызыры Рыспай” деген китебимди жазганда ушул ырдын жазылышын иликтегем. Рыспай ошол кездеги Совет (азыр Кара-Кулжа) районунун 1-Май колхозундагы мектеп-интернатта окуп жүргөн мезгилинде мектептин ийриминде ырдап жүргөн. Ырчы, комузчу, өнөрлүү окуучуларды чогултуп клуб уюштуруп, элге концерт беришкен. Рыспай жашынан эле ыр-күүгө шыктуу болгон. Ошондой күндөрдүн биринде ошол айылдык Алмакан деген кызды жакшы көрүп, үйлөнөм деген ою болгон. Кыздын жеңесине да айтып, окууну бүткөн мезгилде качырып алып кетем деп турганда кызды жеңелери бузуп коёт.

Кыз убадасын берип, бирок, болжошкон жерге келгенде эки анжы болуп айнып, маканын арасына бекинип алат дагы, көрүнбөй коёт. Рыспай күтүп-күтүп, анан мукураганда кызды айнытышыптыр да, деп достору менен кетип калат. Анын аты да Алмаш болгон. Анан экөөнүн ортосундагы мамиле кандай болгонун билбейм. Бирок Рыспайдын көзү өткөндөн кийин Кара-Кулжанын Ажике деген чоң жайлоосунда Рыспайды эскерүү кечеси болуп, ал кечеге обончу, ырчылар, Рыспайды билген, анын ырларын ырдаган обончулар барып сынак өткөргөнбүз. Бишкектен Сооронбай Жусуев баштаган белгилүү акындар, депутаттар келген.

Райондун жетекчилигинин демилгеси менен боз үй тигилип, чоң сынак өткөрүлгөн. Мен сынактын төрагасы болгом. Анан ошондо ошол Кара-Кулжадан Алмаш күйөөсү менен барган экен. “Рыспайдын Алмашы, Рыспайдын Алмашы”,-деп эл дүрбөп калды. Мектепте мугалим экен, орду менен чакылдап сүйлөгөн сулуучумак келин экен. Күйөөсүнүн көзүнчө эле “Рыспай мени сүйгөн, мени ата-энем Рыспайга бербей койгон, ошол ырды мага арнап чыгарганы туура, Рыспай бүгүн кыргыздын залкар ырчысы, жаткан жери жайлуу болсун”, – деп эскерип, Рыспайдын дарегине көптөгөн жылуу сөздөрүн айтып түшүп кетти.

Анда Рыспайдын жубайы Давлет бар. Давлеттин жини аябай келди. Биз Давлетти зорго токтотконбуз. Кийин художник Үсөн Сарыбаев: “Рыспай өзү айткан, “Алмашымдын” каарманы Алмаш Чойбекова болчу”, – деп жазганын окудум. Анын канчалык деңгээлде чындыгы бар билбейм. Кандай болгондо да бул ырды Рыспай 1966-жылы, жашында жазган. Алмаш Чойбекова поэзияда кийин, 1970-жылдардан кийин чыкты, бул Чойбекова болбосо керек деп ойлойм.

– Сиз андан ал кайсы Алмаш деп сураган эмессизби?
– Мен сурабапмын. Ошол “Кара-Кулжадагы Алмаш – “Алмашымдын” каарманы, азыр мугалим экен”, – деп эл оозунан көп уккам. Анан ошол Алмаш жанагы сынакта өзү да “Рыспай ала качып кетмекчи болгондо жүгөрүнүн арасына жашынып калгам, себеби ата-энем уруксат бербегендигинен алардан коркком”, – деп айтты.

Рыспай окууну бүтүп, районго келип иштеп жүрүп Тоту деген кызга үйлөнүп, Тотудан үч кыздуу болгон. Кийин ажырашты, Фрунзеде Оңолканга үйлөнүп, бир кыздуу болду. Бул никеси да түбөлүктүү болбоду. Анан Давлет менен таанышып, Давлетке үйлөндү. Давлет менен өмүр бою жашап, бир кыздуу болушту. Жакшы жашашты.

– Жаш баладай ыйлаак, эрке адам болгон дешет?
– Эркеси эрке эле, көбүнчө ичкенде жакшы көргөн адамын кучактап алып буркурап ыйлай берчү. Апасын эстечү, репрессия болуп кеткен атасын эстечү. Анан уулдуу болбогонуна да капа эле. Муну айтчу эмес эле го, бирок сезчүмүн. Ырды болсо эргип, ички энергиясынын баарын жумшап жазчу. Ошон үчүн ыр жазганда кичине ичип алып толкундап, ташкындап жазганын байкачумун.

– Рыспай кандай адам болгон?
– Рыспай тайманбаган бетке чабар, ак көңүл, митаамчылыкты, эки жүздүүлүктү жек көргөн, түз, сезимтал, таланты ташкындап турган, талантты сыйлаган, достукка, жолдоштукка бекем, чыныгы таланттуу адам эле. Колунда эмнеси болсо аянчу эмес. Жанында акчасы болсо түгөтмөйүнчө жаны жай албайт эле. Бир окуясын айтып берейин. Аксы районуна, мурдагы Жаңы-Жол районуна барып, достору концерт уюштурушат. Жанында кошо барган артисттер да бар. Концерт бүткөндөн кийин кассага түшкөн акчаны Рыспайга берип: “өзүңөр бөлүп алгыла”, – дешет. Рыспай жөнөгөнү жатканда машинанын үстүнө чыгып алып: “Мына, силердин акчаңар, капа болбой терип алгыла”, – деп акчаны элге чачып туруп баса берди”, – деп айтып келишкен.

– Сиздин канча ырыңызга обон жаратты?
– Көп ырларыма обон жазды. “Сагынуу”, “Кайдасың сен, жалбырагым дирилдек”, “Сүйүүдөн ыйык эмне бар?” “Өзүң деп жүрүп”, санай берсек көп эле.

– Анын өзүнө кайсыл ыры абдан жакчу эле, билесизби?
– Рыспайдын обончу катары, эң бийиктиги “Издейм сени” менен “Сагынуу”. Башка обончулардан өзгөчөлүгү – ырдалган ырын укканда эле Рыспайдын обону экенин билесиң. Рыспайдын артыкчылыгы ушунда! Анан эне улам жаңы төрөлгөн баласын жакшы көргөн сымал Рыспай да улам жаңы жазылган ырын жакшы көрчү.

– Рыспай акеге мамлекеттик сыйлык берилдиби?
– Өмүрүнүн акыркы жылдары “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” деген наам ыйгарылды. “Эл артисти” деген наам ала албады. Чындаса Рыспай абдан чоң сыйлыктарга татыктуу залкар талант эмес беле. Эми Рыспайдын өлбөс-өчпөс ырлары, аны ардактап, атын өчүрбөгөн эли бар. Элдин урматы бардык сыйлыктан улуу деп эсептейм.

«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.