Комузду видео-курс аркылуу үйрөнүү мүмкүнчүлүгү жаралды

Кыргызстанда “Тандалма күүлөр” аттуу комузда кол ойнотуу боюнча окуу пособиесинин DVD версиясы чыкты. Аталган эмгектин бет ачары үстүбүздөгү жылдын 4-февралында Бишкекте боло тургандыгын, Кыргызстандагы кызматташтык боюнча Швейцария бюросунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Турсунай Чодурова билдирди.

“Тандалма күүлөр” комузда кол ойнотууну видео аркылуу үйрөнүү жаатындагы Кыргызстандагы биринчи жолку жана жападан-жалгыз видео курс болуп саналат. Анын жардамы менен өз алдыча комузду үйрөнүүдөн тартып, бул улуттук аспаптын татаал сырларын да билүүгө болот. DVD-окуу куралы кыргыздардын мурастарын жайылтуу, аспаптар искусствосун колдоо, комузда ойноону жандандыруу максатында чыгарылган.

Маалыматка ылайык, “Тандалма күүлөрдү” жарыкка чыгарууну Швейцария бюросунун Искусство жана маданиятты колдоо боюнча программасы менен “АУБ-Кайрымдуулук” коомдук фонду каржылаган. Ал эми анын бет ачары Маданият мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен “Мурас ансамблы” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.

Аталган пособие жалпы билим берүүчү мектептерге, интернаттар, балдар үйлөрү, ЖОЖдор менен музыкалык мектептер менен окуу жайларда акысыз таратылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги маалымдады.

«Zpress.kg» МА, 28.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.