“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет”

1-февралда Кыргыз улуттук китепканасында кыргыз элинин туңгуч тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулунун 135 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү ачылды. Анын “Кыргыз тарих-и Кыргызия”, “Тарих-и Кыргыз Шадманийа” китептери кыргыз элинин тарыхын изилдеген баалуу эмгектер болуп саналат.

Осмонаалы Сыдык уулу жаш кезинен эле кыргыз тарыхына, санжырасына кызыгып чоңойот. Билим алууга жашынан кызыгып, Токмоктон, Бухарадан, Уфадан билим алып, 1919-жылдан 1930-жылга чейин Пишпекте мугалим болуп иштейт.

Айрым тарыхый маалыматтарда Осмонаалы Сыдык уулу 1930-жылы “эл душманы” деген жалаа менен түрмөгө камалган деп жазылат.

Бирок белгилүү жазуучу, Осмонаалы Сыдык уулунун жакын тууганы Мелис Абакиров ага саясий айып тагылбаганын, камалышынын себеби башка экенин көргөзмөдө ортого салды:

Мен муну ачык айтышым керек. Ошол учурда Аалы Токомбаев да, Касым Тыныстанов да Молдо Кылыч менен Осмонаалы Сыдык уулунун эмгектери нагыз кыргыз тилинде жазылган эмес, чала чагатай тилинде жазышып, кыргыз тилин бурмалашкан деп, Осмонаалы Сыдык уулунун биринчи китеп чыгарышын элге көрсөткүлөрү келген эмес. Экинчиден, Осмонаалы бай-манаптын тукумунан болгон. Ошого шылтоолоп, “ур-токмокко” алышкан. бирок анын ыңкылапка чейин эле кыргыз тарыхында биринчи китеп жазып чыгарышын тааныгылары келбеген.

Осмонаалы Сыдык уулунун учурда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айлында жашап жаткан кызы Бүбүш Осмонаалы кызы атасын төмөнкүчө эскерди:

Атам көп жерде окуп, Уфадан мугалимдерди да алдырган экен. Туулуп өскөн жери Кочкорго медресе да салдырып, балдарды окуткан экен. Атам Бахарадан, Уфадан билим алып, атүгүл Арабияга чейин барыптыр.

Кыргыз АССРинин Жогорку соту Осмонаалы Сыдык уулун өлүм жазасына буйруганда – 1913-15-жылдары (айрым маалыматтарда 1913-1914-жылдары) Уфадан басылып чыккан “Кыргыз тарих-и Кыргызия”, “Тарих-и Кыргыз Шадманийа” китептерин балдарына калтырып, абакка алып кетип бараткан милиционерди мертинтип, Кытайга качып кетет. Муну Осмонаалы Сыдык уулунун кызы Шарипа Осмонаалы кызы мындайча айтып берди:

Ал учурдагы милиционерлерде бычак болчу экен. Атамды алып бараткан милиционер атам качууга аракеттенгенде бычак сайып жиберген. Жарадар болгон атам бычакты кайра милиционерге урганда, ага тийип, андан каза болуптур. Атам анан Кытайга качып кетип, ошол жакта кыргыз кызына үйлөнүптүр. Ал аялынан бала-чакалары Ысык-Көлдө турат.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мелис Абакиров Осмонаалы Сыдык уулунун “Кыргыз тарих-и Кыргызия” китебинен мисал тартып, тарыхчынын бир учурда жазгандары бүгүн чындыкка айланып отурганын белгиледи:

Мына китебинин аягында минтип жазыптыр: “Жер деген анабыз, атабыз. Биз болсок, жакшы жерлерибизди бошотуп берип, жаман жерлерге жашоого даярбыз. Жерибиз калктын көптүгүнөн аяк асты болуп кетет. Жондо малыбыз өлөт. Өзүбүз болсо жерибизди бошотуп берген ошол калктарга кызматкер болуп калабыз”.

Жыйын соңунда “Алыкул” фондунун төрагасы Памирбек Казыбаев Осмонаалы Сыдыковдун мурастарын тарыхчылар элге эмне үчүн бу кезге чейин кенен жайылтпай келгенин сурап, “бийлик өкүлдөрү 2010-жылды Мурастар жылы деп койсо эле эстеп калдыкпы” деген таризде сүйлөдү:

Бай-манаптардын эле эстеликтерин коюп жатабыз. Бүгүнкү бийлик деле ошолорго иштеп жаткандай. Эмнеге ушул кезге чейин Осмонаалы уулунун тарыхый эмгектерин, ал тууралуу жазылгандарды чогултуп, китеп кылып басып чыгарып койсок болбойт беле…

Осмонаалы Сыдык уулунун агартуучулугун, кыргыз тарыхындагы алгачкы тарыхый эмгектерин белгилүү тарых изилдөөчү Кыяс Молдокасымов Кокон хандыгы боюнча изилдөөлөрүндө жазып чыккан. Жогоруда аталган эки эмгек 1984-жылы Кытайдан басылып чыккан.

Негизи Осмонаалы Сыдык уулу “эл душманы” деген жалган жалаадан акталганы менен, анын эмгектерин басып чыгарууга тыюу салынып келди. Анын эмгектери тууралуу илимий макалалар гезит-журналдарга Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийин гана, ачык чыга баштады.

Фатима Абдалова, “Азаттык”, 02.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.