Уруу урааны улутту уютабы же курутабы?

Учурда кыргыз коомчулугунда уруулук түзүлүштөрдү калыбына келтирүү аракети күч алды. Кыргызды кырк уруу башкарган, башкаруу органы курултай болгон, башка жол менен өнүгө албайбыз дегендей ой-пикирлер айтылууда. Муну колдогондор да бар. Бир даары башкача айтышууда. Ушуга байланыштуу төмөнкү макалаларды жарыяладык.

Ата-бабалардын жолун улантпасак оңолбойбуз

Азыркы мезгилде Кыргызстанда эле эмес дүйнөдөгү башка элдер өткөн тарыхына жаңы көз караш менен карап, ата-жотосун тактап, канын изилдеп, качан, кайдан чыкканын, түбү кайсы эл менен бирге экенин изилдөөгө шымалана киришти. Орус телеканалдары ачык эле “Моя родословная” деген көрсөтүүлөрүн берип, жапон, түрктөр баш болуп башатын Алтай, Ала-Тоодон издеп жүрүшөт.

Ал эми кыргыз өзүнүн чала, бурмаланып жазылган тарыхы жөнүндө сөз кылса , же жети ата санжырасы жөнүндө кеп кылса кээ бир улутбезерлерге, тексиздерге жакпай калып жатат. Буудайдын уругун сепсең эч качан картөшкө чыкпайт, буудай гана чыгат. Анын сыңарындай, ар бир улут өзүнүн уңгу-башатына, каада-салтына, дүйнө таанымына, элдин тарбиясына, коомдук түзүлүшүнө таянып гана өнүгөт. Бүгүнкү сөздүн нугу кыргыздын коом түзүү, башкаруу тажрыйбасы жөнүндө баратат. Биз бир нерсени үзүп, жулуп алып жаман көрсөткөнгө маш болгонбуз. Ошондуктан окурманга түшүнүктүү болуш үчүн уруучулук жөнүндө сөз болгондо кыргыздын жандуу коом түзүү, башкаруу модели (үлгүсү) жөнүндө жалпылап кеп кылган оң. Алсак, бүгүн деле айылдарда эл өзү шайлап алган бийлер бар. Алар жамандык жакшылыкта эл менен бирге болуп, өзүнө жүктөлгөн маселе боюнча бардык иштерди чече алат. Кыргыз аксакалын бүгүн да сыйлайт. “Карынын кебин капка сал” деп урматтайт. Акыркы мезгилдерде кээ бир аксакалдардын күн карамалыгынан, адилет сөздү айтууга эрки жетпей бийликке жетеленип кеткендиктен “дежур чалдар” деген сөз чыкканы да чын. Бирок ошого карабай кыргыз аксакалдары нарктуулугун сактап келе жатышат. Кыргыз өзү жамаатташып жашаганга көнгөн эл. Көчмөн турмуш ошого үйрөткөн, жети ата, уруктун деңгээлинде карым-катыш азыр да сакталган. Баса, кыргыз жети атага чейин кыз алып, кыз беришпеген. Кан бузуларын (генефонд), элдин асылдуулугу начарлаарын жакшы түшүнгөн.

Андан кийинки соккуну көп жеп, талкаланган маселе бул уруучулук түзүлүш. “Уруучулук өткөндүн калдыгы, артта калгандык” деп жүрүп, чапанын тескери кийгизип салышкан экен, азыр да оңолбой жүрөт. Ар кандай калаймандуу жоокердик замандарда кыргыз мамлекеттүүлүгүн жоготуп алган учурларда элди ушул уруучулук түзүлүш сактап калды. Анткени уруунун башчысы, бий аксакалы, казысы бар болгондуктан, элди жетектеп, өзүнчө эле бир кичи мамлекет катары жашай берген. Анан кайра эле уруулардын башы кошулуп, улуу журт болуп кете берген. Манас атабыз да кыргызды бирден бириктирген эмес, кырк уруунун башын бириктирип, алты хандыкты кошуп, “Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйнап журт кылдым” деп жатпайбы. Демек уруучулук түзүлүш-бөлүнүү эмес, биригүүнүн жолу.

Эң маанилүүсү, элдик курултай маселеси. Бүгүнкү күндө бийлик тарабынан ынтымак курултайы көтөрүлүп жатканы жөн эмес. Бирок чыныгы элдик курултайды орнотобуз десек, үч бийлик бутагын элдин атынан көзөмөлдөп туруучу орган катары Конституцияга киргизишибиз керек. Президенттин буйругу менен түзүлүп, анын алдында өткөн курултай эч качан күткөн натыйжаны бербейт. Манас, Аттила, Чыңгызхан бийлиги аздыгынан элдик курултайларды түзгөн эмес. Коомдо адилеттик болушу үчүн элди бир максатка мобилизациялоо үчүн курултайдын чечимине өздөрү да баш ийип аткарышкан. Алар эл башкарууну элге кызмат кылуу деп түшүнүшкөн. Ошондуктан эл менен бийликтин ортосунда азыркыдай ажырым болгон эмес.

Кыскасы кыргыз ар кайсы элди туурай бербей, ата-бабалардын жолун заманга ылайыктап иштеп чыгып, татыктуу улантышыбыз керек.

Кадыр КОШАЛИЕВ, БАТА руханий-изилдөө борборунун директору

Уруу – улуттун бала чагы

Кыргыз кызык калк. Айрыкча советтик кыргыз. Сөздү советтик кыргыздан баштаганыбыз оң. Аларды жакшы билебиз. Могикандардын акыры сыяктанып, азыркы материалдык, рухий турмушубуздун башында ушулар турат. Ушулар башкарып атат. Жанагы уруу-уруу болуп бөлүнүп, курултай куруп, улуу турмушту уруучулук менен курабыз ураанын таштаган кыймыл негизинен ушулардын ою менен ойлонулуп, ушулардын колу менен жасалып атыр. А байыркы кыргызды билбейбиз. Бери дегенде, жакшы билбейбиз. Тарыхый шарт, тагдыр ушундай экен, өздөрүн кагазга эмес, оозеки жомокторго, мифтерге жазып калтырыптыр. Ошон үчүн жазылып калган тарыхтын бардыгынан “кыргыз” дегенге үндөш сөз чыкса эле талашып атабыз. Талаштын таасири менен бүт дүйнөнү “чапмай” болдук. Же “чаптык”. Ал эми мен чын дилимден урматтаган Дастан Сарыгулов бура сүйлөгөндө адам маймылдан жаралганбы же маймыл кыргыздан жаралганбы дегенге чейинки маселе көтөрүп атыр.

Илгери Олжас Сулейменовдун “АзиЯ” китебин академияда талкуулап атканда академик Д.Лихачев бир таамай салыштыруу айткан. Кээде мындай да бала кездешет, дейт ал. Короого чыкса, көп бала кызуу ойноп атат. Бардыгынын көкүрөккө таккан значогу бар. Өзүнүкүн караса, жок. Ызаланган бала ар кимдин значогун “меники эле меники” деп ызылдап талашып, жулуп алуу аракетине өтөт. Анын сыңары, О.Сулейменов да ошол баладай болуп жатат деген.

Өзүбүзгө да сын көз менен карап көнүшүбүз керек. Биз ушул тапта ошондой ыңгайда турабыз. Бери калганда, азырынча.

Бул – бир. Экинчиден, тарыхы, маданияты кагаз түгүл, ташка түшкөн калктар, улуттар таптакыр эле жок болуп кеткен учур көп. Алыс барбайлы, байыркы аморейлер, шумерлер. Ошондой эле андагы калк, улуттар менен мындагы алардын укум-тукумун салыштыруу акылга сыйбайт. Эсеби маселең, байыркы гректерди азыркы гректер деп ким айтат? Азыркыга чейин адамзат жашоосун жандап келаткан табият таануунун, илимдин концепциясын түзүп, Гомерден баштап классикалык трагедияларга чейинки көркөм адабият жараткан, ажайып скульптура, архитектуралык дөөлөттөрдү калтырган байыркы гректер менен азыркы гректерди салыштырып бак!

Анын сыңары, “Манастагы” кыргыздар менен азыркы кыргыздардын айырмасы асман менен жердей. Жөнөкөй мисал. Кечээ эркин сүйлөө укугуна ээ болгондон бери казак менен кыргыз көчмөн турмушту көкөлөтүп атат. Эпикалык арымы күчтүү элге айла жок экен. Бирок көкөлөтүп ыргыткан идеясы жерге түшпөй көктө асылган бойдон. Не дегенде, бири дагы көчмөн турмушта жашагысы келбейт. Атүгүл айыл түп көтөрө шаарга качып атыр. Бозүйдү ааламда жок абдан мыкты турак-жай сыпатында сүрөттөгөн мекенчилер, айталы, Дастан Исламович бозүйдө эмес, европа тибиндеги замоктордо жашаганды жактырат жана жашап атат. Албетте, аргымак минип, ак калпак кийип, ар кайсы кыр-кырдан колду бөйрөккө таяп сүрөткө түшсөң, айда-а жарашат. Бирок ага жетер каражат Дастан Исламовичте болбосо, азыркы кыргыздын токсон пайызында жок.

Кыргыз, казак, кыпчак гана көчмөн турмушта кылым аралап жашаган дегендер, жумшартып айтканда, жаңылат. Карт тарыхты кара. Көчмөн турмуш өтөбөгөн калк сейрек же жок. Албетте, алардын салт-сабыры, психология, философиясында айырма бардыр. Андай айырма көчпөгөн калктарда да бар. Бирок бир дагы калк салт-сабыр ж.б. дөөлөттөрүн тигилердикинен төмөн деп айтканын мен тургай карт тарых укпаса керек. Биздин көчмөндөр тигил жерге кол салган, бул элди караткан деп төш какмай адатка айланды. Тарыхта варварлар аталып, көчмөн турмуш өтөгөн тевтондор, б.а., герман уруулары бүтүндөй цивилизацияларды, Рим, Византия өңдүү эң улуу империяларды талкалаган, бирок төш какпайт, тескерисинче, ыңгайсыз абалда калышы мүмкүн. “Майда калктын дымагы чоң болот” деген көөнө сөздүн чындыгы ушундайда байкалат. Арийне, бир четинен чоң болгону жакшы, антпесе улуу көчтүн тепсендисинде калаарын тарых тастыктайт.

Тевтон уруулары эмне кылды? Бир жарым миң жыл ойго-тоого урунуп, чаап-талап, көчүп-конуп, өлүп-тирилип жүрүп, бир улут түздү, мамлекет курду. Мамлекет куралбаган, улут түзалбаган кыпчактар эмне болду? Канатташ да, канатташ эмес да калктарга сиңип кетти. Эки миң түндүктөн түйүлө секиргенибиз менен мүмкүн, кыргыз-казак деле анын кейпин киймек, бирок бизди албетте элдин духу, анан Өктөбүр революциясы сактап калды.

Бул узун сабак сөз эмнеден улам эске түшүп атат? Мамлекет, айрыкча улуттук мамлекет куруу үчүн географиялык, климаттык ж.б. шарттар аздык кылат. Анүчүн элдин мамлекеттик инстинкти ойгонуш керек, улут болуп түзүлүү зарыл. Эсеби маселең, мекенчилдикти изилдеген адабияттарда көп эле айтылып жүрөт: Аппенин жарым аралына мурда римдиктер жайгашып, Рим империясын курган, кийин Рим империясын курбаган италияндар орун-очок алып, Италия мамлекети аталып калды. Көрдүңүзбү, тарых мамлекетти эмес, улутту тандайт экен.

Мен бул кичинекей макаламдын атын Достоевскийдин байкоосунан буруп алдым. Ал киши күндөлүгүнө жазып коюптур: “Улут – элдин личность болушу. Улут болгон калк балалыктан чыгат”.

Биз улут болалбай, личность болалбай, балалыктан чыгалбай атабыз. Чыгалы десек, Салижан Жигитов устаттын ташка чеккендей айткан “көзү желкедеги” патриоттор мен жогоруда санап өткөндөй орто кылымдан нары сүйрөп атыр. Канткенде бүт кыргыз муштумдай биригип, улутка айланат маселеси мезгилдин көкөй темирине айланып атса, кайдан-жайдандыр көсөмдөр пайда болуп, улутубузду эмес, уругубузду табалы, тааныйлы деп чыкты. Жайкалган жайлоолордо, эң кымбат ресторандарда уруулардын улуу курултайын өткөрүп атышат.

Мен пейилдин тазалыгы менен ниеттин актыгынан шек санабайм. Бирок кыргыз тарыхын канчалык идеалдаштырганыбыз менен биздин трагедия дал ушул уруучулукта, трайбализмде экендигин кантип танабыз? Кийинки тарыхта кыргызга анчалык жоо тийбесе деле баатырлар эмне үчүн мынчалык көп? Анткени ар колот, ар уруу өздөрүнөн баатыр чыгара берип, батпай кетти. Эмне баатырлык кылды десең, тигини чапкан, муну чапкан дейт. Терең териштире келсең, кыргыздын бир уруусу башка бир уруусун чапкан болуп чыгат. Санжыраларды карайлы, тарыхый көркөм чыгармаларды карайлы, ар кимиси өзүнөн чыккан “баатырларды” көкөлөтөт. Бир уруунун санжырасы экинчи урууга каршы ж.б. Ошон үчүн улуттук масштабдагы баатырга, акылманга чукакпыз. Кыргыздын канына сиңип, мээсине баткан уруучулуктан арылтууга совет бийлиги кекиртекке канжар такап аракет жасады. Анда деле, аң-сезим өсүп, илим-билимге жетип калган Усубалиевдин учурунда деле кызмат орун уруусуна, жердешчилигине карап бөлүштүрүлүп келди. Азыр андан бешбетер. Мамлекетти уруу-уруу болуп уюштуруп атат. Ошол адат ашынып кеткенин бетке кармап, кыргыз оппозициясы кырданып, элди көтөрүүгө аракет жасоодо. “Мекенчилер” болсо уруучулукту мыйзамдаштырып бергиле аракетинде.

Советтик кыргызга кайра бир кайрылуу менен сөзүмдү кыскартайын. Советтик кыргызга форма таап берсең болду, маани-маңызын кийин табат. Формасын өзгөртсөң маани-маңызы да өзгөрөт. Эсеби маселең, идеология кыргызга атеисттик форма ылайыктуу деди эле жапырт молдолорду ашатып, кудайды сөгүп чыгышкан. Диний форма жакшы экен десе, ошол ашынган атеисттер, алардын колбашчы, жолбашчы коммунист, марксисттеринен өйдө жапырт молдо болуп кетти. Лениндин эстелиги турган аянтта намаз окуп атышат. Коммунисттик, социалисттик, мекенчилдик ж.б. формаларга деле ошону айтсак болот. Салижан устат айтчу эле, мейли, кыргыз эмнеге болбосун оозунан чыкканча тойсун, анан кусат, андан кийин мунуң пок турбайбы деп сөгөт деп. Уруучулукка деле кокодон тойгондой болду эле…

Алым ТОКТОМУШЕВ, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 05.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.