Кыргыздын Гиннес китебинен

Айрым маалыматтарга караганда көзү тирүүсүндө эң көп небере- чөбөрөлүү болгон адам Курманжан датка (1811-1.02 1907). Датканын көзү өткөн учурда 96 жашында) анын 183 тукумунун 98и (2 уулу, 2 кызы, 31 небереси, 57 чөбөрөсү, 6 чебиреси) жашап жаткан.

Кийинки замандагы эң көп небере- чөбөрөлүү адам Өмүрзак уулу Муканбетсабыр болсо керек. Байбичеси Бүкөш экөөнүн 8 баласы, 57 небереси, 17 чөбүрөсү болгон. Ал Нарын областынын Солтон- Сары жайлоосунда жашаган. Атбашылык Сайра Атаеванын 43 небереси, 99 чөбөрөсү, 22 кыбырасы болгон.

Гезиттик маалыматтарга караганда жазуучулар менен артисттерден эң көп балалуу болгондор акын Салибай Шатманов 11, артист Орозбек Кутманалиев 10 балалуу болгон.

Кыргызстандагы интернационалдык үй-бүлө Нарын шаарынын тургуну Жаманов Окоштуку, анын 5 келини 5 улуттун өкүлүнөн экен.

Эң көп депутат болгондор: Турдакун Усубалиев СССРдин учурунда СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССР Жогорку Советине 28 жыл бою депутат болгон. Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп 1992-1995, 2000-жылдары да шайланган. Төрөбай Кулатов СССР Жогорку Советине удаасы менен 9 жолу депутат болуп шайланган. Андан кийинки орун Жамин Акималиевге таандык. Ал удаасы менен 7 чакырылыштын депутаты болгон.

Эмгек Кызыл Туу ордени менен эң көп жолу (4 ирет) сыйланган- Кадыркул Качкеев (1905- 2001) болсо керек. Ал Москвадагы СССР Министрлер Советинин алдындагы Кыргыз Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн милдетин 17 жыл үзгүлтүксүз аткарып, эң узак элчи болгон адамдардын бири.

Эң көп тил билген кыргыз “Цицерон” Улан Козубеков болсо керек. (акробат машыктыргыч Светлана Козубекованын уулу). Ал кыргыз, испан, француз, англис, немис, италия, орус тилдерин билет. Ал эми Дениза Балтабаева кыргыз, орус, англис, француз, япон, испан тилдерин билет. Эрте жетилген көп кырдуу талант дагы. 3 жашынан окуган. 5 жашында гитара, фонтепьяно ойногонду үйрөнгөн, ырдайт, вокалист, сүрөт тартат (комикс түзөт), бизнести башкаруу адистиги боюнча Токиодо окуган.

Эң көп аспапта ойногон таланттардын бири- Курмангазы Азыкбаев. Ал 22 аспапта ойной билет (комуз, сыбызгы, чоор, флейта, саксофон ж.б.) Ал тил билүү боюнча да рекордсмен. ( 14 тил билет экен). Ал эми кызы Нурайым 12, уулу 7-8 аспапта ойнойт.

Эң көп окумуштуу чыккан айыл -Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айыл өкмөтүнөн (Сары- Камыш, Тору-Айгыр, Чырпыкты) чыгыптыр. Мында Сагымбай Орзбаков, Муратаалы Күрөңкеев, Карамолдо, Чалагыз Иманкулов, Молдогазы Токобаев, Касым Тыныстанов, Иса Ахунбаев, Чабалдай Жаныбеков, Абдылда Миңжылкиев, Совет Урмамбетов, Кыялбек Урмамбетов, Жеңишкүл Өзүбекова, Асылбек Өзүбеков, Орозбек Айтымбетов жана башкалардын киндик каны тамган жер.

Ысмайыл Кадыров, “Назар” («Кыргыз гезиттеринин айылы»), 09.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.