Улуттун жүрөгүнө “Манасты” түнөткөн Саякбай ата

1924-жылы Көл өрөөнүнөн чыккан улуу инсан Кыдыр аке өзүнүн үйүндө олтуруп: “Эми Чоюке балам, Саякбай иниңди жаныңан чыгарбай, болгон өнөр ыкмаларынды, акыл-насаатыңды үйрөткүн”, – деген экен. Андан соң Саякбайга карап: “Балам, Манастын арбагы колдосун, дастандын туу чокусуна чыгууга насип буюрсун, жолуң ачылсын, оомийин аллооху акбар”, – деп батасын бергенде олтурган эл-журт чуркурап батасын беришкен экен.

1935-жылдан баштап, “Манас” эпосунун С.Каралаевдин варианты боюнча жазуу колго алынат. 1937-жылы трилогиянын биринчи бөлүгү (84513 сап ыр) жазылып бүтөт. Андан соң “Семетей” (316157 сап ыр), “Сейтек” (84697 сап ыр), Кенендин балдары Алымсарык, Кулансарык жөнүндө (15186 сап ыр) жазылып алынат. “Манас” эпосунун бул вариантынын көлөмү 500533 ыр сабынан түзүлгөн.

1936-жылы Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз мамлекеттик филармониясына манасчы болуп кабыл алынат. Бул жерде кыргыз маданияты менен искусствосунун залкарлары Калык, Карамолдо, Ыбырай, Молдобасан, Осмонкул, Алымкул, Токтоналы, Атай, Муса, Мыскал ж. б. менен чогуу иштешет. Алардын зор талантын урматтап, сыйлап, жогору баалаган. Өзгөчө Карамолдонун күүлөрүн жактырып, ал жөнүндө поэма да жазыптыр. Ал эми Атайды “ырчылардын сырттаны” деп оозунан түшүрбөй мактап, “. . . андай сырттандар жалындап жүрүп эле күйүп кетет турбайбы. . . “, – деп залкар комузчу, обончу, дасыккан аткаруучу Атайдын бул дүйнөдөн жаш өтүп кеткенине катуу кайгырчу экен. Кыргызстандын булуң-бурчтарын кыдырып, “Манасын” калайык-калкка тартуулайт. Артисттик шыгы артып, таланты ташкындап, ой чабыты кеңейет. Натыйжада 1939-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти деген наамга татыктуу болот. Таланты, эмгеги өз убагында бааланып, үч жолу “Эмгек Кызыл Туу”, “Даңк белгиси” ордени жана “1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы күжүрмөн эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.

Саякбай Каралаев “Манас” эпосунан сырткары элдик жомокторду, уламыштарды жакшы билген, ырларды чыгарган, башынан өткөндөрүн китеп кылып жазган. 1929-жылы “Эрик таңында” деген биринчи китеби жарык көргөн. “Төштүк” эпосу жазылып алынып, 1938-жылы кыргыз тилинде, 1958-жылы орус тилинде китеп болуп чыккан, кийинчерээк Парижде француз тилинде жарык көргөн. Ата Мекендик согуш жылдарында “Манас” сериялары деген ат менен “Каныкейдин жомогу”, “Каныкейдин Тайторуну чапканы” аттуу китептери басмадан чыккан. 1955-жылы “Канаттуу куштар”, “Унутулгус күндөр”, 1957-жылы “Делдеш баатыр”, “Томор мерген”, “Эстен кетпейт” деген китептери чыккан. Андан кийинки жылдарда да ондогон китептери жарык көргөн. Баш-аягы отуздай китептин автору болгон, 1938-жылы СССР жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Бирок Саякбай Каралаев дүйнө элдерине 500 миң сап ырды башына сактап, жатка айткан, өзгөчө касиетке ээ болгон залкар Манасчы катары белгилүү.

Калевала жергесинде Тайторуну чапканы
Зыяш Бектенов 1949-жылы Саякбай Каралаев менен “Калеваланын” басмадан чыкканына 100 жыл толгон мааракесине катышуу үчүн Карело-Фин республикасынын борбору Петрозаводскиге барышкандыгы жөнүндө “Саякбай Калевала жергесинде” деген көлөмдүү макала жазган экен.

“Сакемдин Манас айтканын мен ошого чейин көп эле уккамын, бирок бул жолку аткарганындай айтканын эч качан көргөн эмесмин. Айта баштаганына 20 мүнөтчө болгон кезде Сакемдин айкырыгы таш жарып, муруттары бириндеп, эки этеги дирилдеп, кадим Тайторуну жылоолоп алып, өзү сүрөп келе жаткансып:
Арстан Манас өлбөй кал,
Азапты бейбак көрбөй кал.
Кандай мүшкүл болот деп,
Кайгырып бөлдүм санаамды,
Кардымдан чыккан баламдан,
Капыстан өлүп каламбы?! – деп, Каныкейге кошулуп, Сакем ыйлап кирди шолоктоп. Залда тырс эткен дабыш жок, эл Сакеме айрандай уюду. Айтканына жарым саат болгон кезде, токто деп белги берсем, көрбөйт, токтолоор түрү жок. Кирген буурадай буркулдап, оозунан көбүк чачып, буркан-шаркан түшүп, Сакем угуучуларды башка бир дүйнөгө жетелеп кетти.

Бир кезде көз жашын жоолугу менен сүртүп жатып, менин берген белгимди көрүп токтоп калды.

– Окумуштуулардан академик Козин чыгып: “Мен көп элдин жомокчу, ырчылары, артисттеринин эпос аткарганын, ырдаганын көргөмүн, бирок С.Каралаев сыяктуу укмуштай таланттуу аткаруучуну көргөн эмесмин. С.Каралаевдин аткаруусу ушунчалык таланттуу, мунун азыркы аткарган “Манасына” тил билбесек да түшүнүп, катуу таасирлендик”, – деди.

Ошол барышында Саякбай атабыз москвалык чоң жазуучу Леонид Леоновдун сыйына татып, сексен ириктин кунундагы ичи кундуз, сырты күрөң замшы, киш жакалуу ичигин кийип, академик Виктор Максимович Жирмунскийдин үйүндө конокто болуп, Ленинграддын Эрмитажын, байыркы эстеликтерин, ажайып кооз жайларын көрүп кайтышкан экен.

Бактыбек МАКСҮТОВ, “Айкөл Манас баяны” фондунун төрагасы,
Коомдук Манас академиясынын академиги, Кыргыз туусу
«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.