Акын, журналист Бактыгүл Чотурова: “Алтын-күмүш тагынган колумдан келбей койду”

Эженин көзүнөн суу астында калган шаарды, андагы суу баскан балалыкты, жаштыкты көрүп, сөзүнөн айтылып айтылбаган дил кайрыктарын уктум. Мен уккан ошол дил кайрыктары сиздин назарыңызда окурман.

– Эже, балалыгыңыз кандай, каерде өттү? Ата-энеңиз ким эле?
– Мен кадимки эле жөнөкөй дыйкандын үй-бүлөсүндө чоңойдум. Менин балалыгым өткөн жер азыр суу астында калган Кызыл-Жазы айылы. Биздин айылды суу басканда Кара-Жыгачка бүтүндөй элди көчүргөн. Кара-Жыгач таштак жер болчу. Эсимде, Кызыл-Жазы айылын суу баса электе Кара-Жыгачта буудай аңыздары болоор эле. Талаанын кенендигинен, буудайдын коюулугунан көйкөлгөн буудай аңызынын аркы чети көрүнчү эмес. Анан да ошондогу чегирткелердин көптүгүн айтпа. Чыйыр жол менен чуркап баратсаң, бут алдыңан чегирткелер капыс үзүлүп кеткен шурудай чачылып турчу. Жыландар да абдан көп болоор эле. Канчалык корксом да тийчү эмесмин. Анткени атам “жыланга тийбегиле, ал касиеттүү жаныбар” деп көп айтаар эле. Менин атам ошол чегирткелүү керемет талаанын сугатчысы болчу. Анда биздин айыл Кызыл-Жазыда, а өзүбүз жайдан күзгө чейин Кара-Жыгачта жайлачубуз. Беш кыз, бир эркектин улуусу мен элем. Атам мени өзгөчө жакшы көрчү. Экөөбүз такай ээрчишип жүрчүбүз. Бутундагы резина өтүк менен шашпай буудай аңызды аралай, ийинине кетменин салып алган атам мени жетелеп талааны кыдырып жүргөнү али да көзүмдө турат. Кээде алыштын башына чөптөн алачык жасап, мени отургузуп коёр эле. Атам келгенче ойноп, анын аңыздан кайтып келишин күтүп отура берчүмүн. Кийин мен мектепке барганда Кызыл-Жазыга кайтып келдик. Атам мени атыман айтпай “окуучу” деп эркелетип, мектептен келсем “окуучу келди, окуучу кыздын курсагы ачты го, курсагын тойгузгула” деп бакылдап калчу. Кечинде баарыбыздын бут кийимдерибизди жылтыратып тазалап, майлап, анан тизип коёр эле. Эрте менен печкеде атам жаккан от дуулдап күйүп, чайнекте суу шарактап кайнап, ал тургай нанды да атайын печкенин четине коюп жылытып койчу. Кийин далай жолу адамдардын, турмуштун суугуна кайыкканда атамдын дуулдата жаккан оту, печке четине коюп жылыткан нандары сагындырып жүрдү. Ал киши дээринен көп сүйлөбөгөн, эч кимге жаман ойлоп катуу айтпаган момун, бир сырдуу адам эле. Бирөөгө катуу тийчү эмес, бирок, бирөө жөнү жок жерден көңүлүнө тийип койсо ал адамдын жүзүн карап сүйлөшчү эмес. Апам байкуш “ал деле байкабай катуу сүйлөп алды го. Кектей бербей кечиримдүү болсоңчу” десе макул деп койчу, бирок, капасы жазылчу эмес. Атамдын ошол кыялы менде да бар.

– Ким болгуңуз келчү?
– Бала кезден эле адабиятка жакын өстүм. Дил баян жазчу күндү зарыгып күтүп, жазганда жыргап жазчумун. Биринчи жылы окууга тапшырып өтпөй калдым. Ошондо мага жашоо бүткөндөй сезилип, абдан ызаланганым эсимде. Атам кейиген мени жооткотуп, “быйыл өтпөсөң кийинки жылы дагы тапшырасың” деп, кайраттандырып койду. Ошол жылы колхоздо иштемей болдум. Биздин колхоз “Шопоков” колхозу деп аталчу. Колхоздун башкармасы Үсөнкан Иманалиев деген жакшы киши болчу. Айылдын так ортосунда чоң клуб болоор эле. Ошол клубга иштей турган киши жок экен. Мени “клуб башчысы болосуң” деп иштетип коюшту. Ошондо бала экенбиз. Өзүмдү клуб башчысы деле сезген жокмун. Клубда китепкана бар, кино коюлат. Менин милдетим киного келген элдин билетин текшермей. Киночу Жалил деген бала бар эле, ал кино механик, анын милдети кино коймой. Кечинде кинодон чыкканда, эртең менен жумушка келе жатып ойку-кайкы жолдордон бутубуз суу болуп, колубуз күрмөөгө келбей калганча муз тебебиз. Жумушка келсек улуулар жумшайт, айтканын баш бурбай аткарабыз, кечки киного даярданабыз.

Анан дагы бир эң жоопкерчиликтүү милдетим, Жалилдин жактырган кызын чакырып, ал кызга жазган каттарын алып барып берем. Ошол кезде кат жазуу деген абдан аялуу сезим болчу. Каттын ичине жүрөгүңдү салып койгонсуп ушундай бир аяп атып берип, аны да ортодо бирөөлөр алып келип, аздектеп ээсине тапшырчу. Бир таң калганым, кыздар кеңеши кат жазган балдарды эмес, кат алган кыздарды “эмнеге сага кат келет?” деп күнөөлөп урушчу. Ошондон коркуп далай кыз кат алуудан баш тартчу. Анын ичинде албетте, мен да бар элем.

– Эже кыялдуу жылмая саамга ойго чөгүп, кайра сөзүн улады.
Буйрук экен, кийинки жылы азыркы Улуттук университетке окууга өттүм. Максат кылгандай эле адабият тармагына тапшырдым. Ошол кезде бир эле мен эмес, бардык жаштар максаттуу болчубуз. Бири математик, бири тарыхчы, бири тракторист болом дешчү, көпчүлүгү ошол максатына жетишти. Азыр айылыма барган сайын ошол издердин суу алдында жатканын көрүп дүйнөм бөксөрөт.

Көл алдында калган айыл армандыр…
Түшкө кирсе сагындырып бизди эми.
Балыктардын жолу болуп калгандыр,
Балалыктын жылаңайлак издери.
Сырын ачпай, өз мыйзамы түймөдө,
Суунун асты кеч кирбей да, күн чыкпай,
Кыйналгандай үн-сөзү жок дүйнөдө,
Биздин айыл кантип жатат тумчукпай?

Мен айылга барганда мелтиреген көлдү карап туруп чын эле биз өскөн айыл суу алдында тумчугуп, биз чуркап ойногон жолдор толкундардан кыйнала ийрелеңдеп жаткандай сезиле берет. Көлдөн көзүмдү ала качып, тоолорду тиктейм…

– Биринчи арзуу ырын качан жаздыңыз, деги эле арзуу ырын арнаган адамга жеттиңизби?
– Арзуу ырын студент кезде жаздым. Арзуу ыры демекчи, адам жан дүйнөсүн эмне үчүн ички дүйнө деп коёт. Адамдын ички дүйнөсү орой салыштырганда баарын айтууга, көрсөүүгө мүмкүн болгон телевизор эмес. Ар бир адамдын аздектеген, сөөгү менен кошо кетчү сыры болот. Адам башка тирүү жандыктардан ошонусу менен айырмаланат. Анан ошондой кез-кезде шуу үшкүртүп ичтен сыздырган сырыңды арзуу ырына катып жазып бугуңду чыгарасың. Менимче, акындын бактысы ушул болуу керек. Арзуу деген адамдын бир аялуу нерсеси. Бир курбум “арзыган адамыңа жеткен күнү анын баркы кетип, көптүн бирине же менчигиңе айланып, мурдагы толгондурган, сан ойго салган касиеттери жоголот экен. Жетпеген эле дурус” деп, оюн чындап айтты эле. Чындап эле жандан, кандан бүткөн арзууңа жетпей, бирок, жүрөгүңдөн да өчпөй жүрө берсе ал ошончолук кымбат, ошончолук аялуу болуп, дил тереңин көрктөп да, өрттөп да жүрө берет тура, атаңдын көрү. Андай арзууга жетчү жол абдан татаал болуп, ал жолдо жан кейиткен кайгы коштолот экен. Ал эми жеткен күндө да сенин арзып күткөн тилектериңди, аруу кыялдарыңды тиги адам актай алабы, жокпу кеп ошондо. Актай албай ыза болсоң ошол жаман. Эгер эки адамдын арзуусу бирдей болсо, анда ошол өмүр чыныгы өмүр, армансыз өмүр.

– Эже, бактылуусузбу?
– Бул турмушта өзүмдү бактылуу эле сезем, чырактай кыздарым, неберелерим, досторум, туугандарым бар. Бирок жеке жашоомдо аял катары бактылуу болдум деп айта албайм. Кыздарымдын атасы катаал, чырт этме мүнөздүү, ачуусу чукул болгон менен бирөөгө жалган айтып, жамандык кылбаган жакшы киши болчу. Кесиби экономист болсо да спортко кызыгып, жеңил атлетика боюнча спорт чебери болгон. Биз бактыга тунуп укмуш жашадык деп айта албайм, албетте түшүнбөстүктөр көп болду, убагында менден да, андан да кетти. Бир кезде менин жеке турмушумду бузуп, жамандык кылгысы келген кишилер тилегине деле жетип кеткен жок, орто жолдо калышты. Ошон үчүн кудай бар экенине ишенем. Мына азыр балдарымды чоңойтуп, эл арасында, достор арасында кудайга шүгүр ордум бар. Эч жерде ордуң жок, ашыкча болгондон кудай сактасын. Учурунда баркына жетпеген нерселерди жолдошумдун көзү өткөндөн кийин таразалап, жаштыкты бири-бирибизди баалай албай өткөрүп жибердик деп өкүндүм. Кыргызда жамандык жакшылыкта жардын орду абдан билинет. Биз канчалык урушсак да той топурга, жакшылык жамандыкка сыр алдырбай жаркылдап ээрчишип барчубуз. Азыр жалгыз барам, кеч калсаң кошо келген жан жок. Ошондо жаман болом. Маңдайга ушуну жазса кайда качып кутуласың.

– Ар баланын ар башка кыялы болот дегендей, беш кызыңыздын кыял-мүнөзү ар түрдүү чыгаар?
– Эң улуу кызым Чынар айылда, бала-чакалуу болуп калды. Анын мүнөзү жумшак, мээримдүү, жай жүрөт. Экинчи кызым Зареманын мүнөзү атасына окшоп катаалыраак, өктөм, бала кезинде эле такылдап оюндагысын айткан, көп сүйлөгөн кыз болчу. Өзү да дене-тарбия институтун бүтүп, спорт жаатына кызыгып жүрөт. Спецназда эки жыл иштеди. Азыр эки баласы бар. Зареманы кичинекейинде “ким болосуң?” десек “Майраш эже болом” десе аябай күлгөнбүз. Майраш эже деген Токтогулдагы райондук ооруканада тамак-аш алып, эшик тоскон аял болчу. Мүнөзү абдан катаал, эч кимди киргизбей кыйкырып урушкан жан эле, жарыктык. Ошол аялды ооруканага бирөөгө барып көргөн го. Кыйкырып эле баарын башкарып урушуп, элдер болсо “киргизип койчу” деп жалдырап жатса, кызым “абдан кыйын аял экен” деп ойлосо керек балалык кыялында. Андан бери отуз жылдан ашык убакыт өттү. Азыр таң калганым, жаштын тилегин берет деген чын экен. Зарема спорт менен кетти, андан бир топ ийгилик жаратты, капитан болду, азыр эл аралык аэропортко бажыканага ишке кирген. Ал жердин бажыканасындагы текшерүү абдан катуу да. Кызым ошол жерде бирин да мыйзамсыз өткөрбөй, документти такылдатып текшерип зырылдатат экен. Азыр “ай, сен чын эле Майраш эже болдуң” деп күлүп калабыз. Андан кийинки кызым Кыял сүрөт академиясында окуйт. Роза Аманованын концертине дизайнды ошол кызым жасаган. Төртүнчү кызым Эркин компьютерге жакын. Кенжем Жаңыл музыка жаатына кызыгып жүрдү, келечекте ким болот билбейм, бактылуу болушса болду.

– Батирлеп жашап көрдүңүзбү?
– Бишкекке алгач келгенде абдан эле батирдин азабын тарттык го. Айылдан жаңы эле көчүп келгенбиз. 1996-жылы Кыргыз-Туусуна ишке кирип иштеп калдым. Биз менен Эрнис Турсунов иштечү. Бекбай Алымкулов үчөөбүз бир кабинетте отурабыз. Мени тамаша-чынга салып: “Сенин жазган ырың го жакшы, а жашооң кандай, Бактыгүл?” деп сурап калат. Мен “жашоом жомоктогудай, агай” деп коём. Анда агай “Жомоктогудай болгондо кандай?” дейт. “Жомокто бир кемпир-чал болуптур. Алар бир бөлмө үйдө төрдөн босогого чейин тизилип балдары менен кысылып жатат экен дейт го” десем эле, “болду, болду түшүндүм, үйүңөр жокпу?” деди. Кайдагы үй, барак сыяктуу үйдө беш кызыбыз менен ижарада жашайбыз. Бир күнү баягы жерден да көчкөнгө туура келип калды. Жумушка келгенде көчтүк десем, Эрнис агай, “эми кандай жашап жатасың?” деди. Мен “эми кинодогудай жашап жатам” десем, “кинодогудай болгондо кандай?” деп калды. “Агай, басмачылар тууралуу кинону көргөнсүзбү? Илгери басмачылар жөнүндөгү кинодо дубалдары бузулган, бир бөлмөсүнүн үстү жок, биринин жарымы кулап калган. Ортосундагы эки бөлмө гана жашоого ылайыктуу” десем эле “түшүндүм, ушу сен кыйналдың. Эч нерсе эмес, буйруса баары болот” деди баш чайкап. Чындап эле Горький көчөсүндө бир орустун ошондой жарымы бузулган үйүндө жашаганбыз. Кийин эптеп үй алып жашап калдык. Ошондо Эрнис агай үй алганыбызды угуп, “азыр кандай жашап жатасың?” деди. “Эми киши катары жашап жатабыз, агай” десем, “Азаматсың, ушуну кут кылсын” деди кубанып.

– Эмне колуңуздан келбей койду?
– Боёнуп, алтын-күмүш тагынган, чач жасатып, кооз көйнөк кийген колуман келбей койду. Шакек тагынсам колум батпай кармалай берип шаштым кетет. Кайда барсам жөнөкөй, ашыкча көзгө түшпөй жүргөндү жактырам. Кыздарым, досторум алтын белек кылса көңүл үчүн тагынам да, чечкенче шашам. Бир досум “сени аял дейт. Аял деген боёнуш керек, кулагында сөйкө, колунда шакек, мойнунда мончок-шурусу жок аял аялбы? Аял сулуулукка жаралган” деп урушту. Макул деген болдум, бирок, ал айткан аял боло албадым.

“Леди.kg” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 23.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.