ЧОКТАЛДЫК АБДЫРАЙЫМ МОЛДОКЕ

Оо, ал мезгилдин айбандыгын айтпа! Ооба, мезгилиңдин кай бир учурунда айбан болуш бар экен! Бу жерде жанагы 1937-39-жылдардагы репрессия учурун айтам. Анын чыгыш себептерин, ким күнөөлүү экендигин ж.б. жиликтеп талдоо менин ишим эмес. А балким ашынган шовинист орустар менен калптан орусташкан еврейлер, айтмакчы, баарына күнөөлүү Сталиндир…

Ошентип ал жылдары миллиондогон адамдар репрессияга туш болуп атылганы атылып, атылбаганы зыяндуу шахталарда иштеп, көбүнөсү Сибирдин, Түндүктүн, Ыраакы Чыгыштын, Камчатканын суугуна тоңуп өлгөн эмеспи.

Кыргыз журтуна ошол тозоктуу, коркунучтуу жылдар болуп көрбөгөндөй кайгыны алып келди. Эч бир күнөөсү жок нечен бир эр азаматтар атылып кетти. Алардын бири Ысык-Көл районундагы Чоктал айылынын тургуну Чүңкүлдөков Абдырайым эле. Кеп ошол адам жөнүндө.

Абдырайым Чүнкүлдөков 1874-жылы туулган. Атасы Чүңкүлдөк колунда малы кенен бай адам болгон экен. Ал кездеги колунда бар адамдарды бай, эзүүчү тап деп, кийин Совет доорунда бизди мээден каалагандай камыр жасап окуткан эмеспи. Болбосо ошол бай адамдардын көбү кедейлерге колунан келген жардамын берип, боорукер болуп жашаган адамдар тура. Чүңкүлдөк да тууган-туушканынан, тегерегиндеги кедей-кембагалдардан эч нерсесин аябаган адам болот. Анан да акылы ашкан, динди жакшы тутуп ажыга барган, аны менен кошо ак жол менен гана баскан, жаман ишке барбаган таза жан экен. Анан анын уулу Абдырайым да атасын тартат да. Кийин социалисттик революция ишке ашып, ал кыргыз жергесине келгенде Абдырайым молдоке аны кубаныч менен тосуп алат. Өз далалаты менен Верныйга барып окуп кайтат да, алгачкылардан болуп айылындагы гана эмес, тегерек четтеги башка айылдардын балдарын да Чокталдын Чоңачык деген жерине боз үй тиктирип кат тааныта баштайт.

А кезде балдарды окуткандардын баарын бир кылка молдоке деп коюшчу да, ошондон улам Абдырайым – “Абдырайым молдоке” аталат. Ал балдарга кат таанытып гана тим болбостон, аларды актыкка, адамдыкка, элин-жерин сүйгөн адам болуп тарбия алууга күчүн жумшайт. Өзү адам катары эл оозуна алынган инсан болгон экен. Ушул күнгө жеткен сыпаттамасы боюнча ал адам боорукер, көп соз сүйлөбөгөн, бир мүнөз жан экен, анан эң негизгиси балдарды окутам дегенде ичкен ашын жерге койгон адам экен да. Молдокени көрүп калган Чоктал айылында эки адам менен сүйлөштүм. Ошолорго сөз береличи:
Оторчиева Мария, 94 жашта, Абдырайым молдокенин өкүл кызы экен: -Атам (Абдырайым молдокени айтып жатат – Б.А.) мыкты адам эле. Ушундай боорукер, кайрымдуу, ашык сөз сүйлөбөгөн, бир калыпта жүрчү, окуткан балдарын өз балдарындай жакшы көрчү.

Анан күзгө жуук эки милийса келди да айдап кетти. Бүт айлыбыз менен боздогон бойдон узатып калдык. Биздин колдон эмне келет. Молдокемдин байбичеси ага көрпөчөсү менен жаздыгын кошо берип жатпайбы. Ошону көтөргөн боюнча айдалып кетти. Боздогонумду айтпа. Анын айдалып кеткени көралбастыктан эле болуп калды окшойт. Мен ал кезде жыйырма жаштагы жаш келин элем. Кийин билдим ушактын, көралбастыктын айынан айдалып кеткенин.

Шайыков Айтыш карыя, Абдырайым молдоке айдалып кеткенде он бир жаштагы бала экен, азыр 84 жашта: – Молдокемди жакшы билип калдым. Бирок, ал кишиден окуганым жок. Молдокемдин атасы менен менин төртүнчү чоң атам Байтерек бир тууган. Молдокем орто бойлуу, чапжаак, акжуумал адам эле. Бизге -балдарга мээрими төгүлүп турар эле. Кийин бой тартканда ал киши жөнүндө көп уктум, жан-дилин балдарды окутууга берип салган адам экен да. Көралбастыктын айынан атылып кетпедиби. ошол эле өз айлындагы кээ бир ичи тар адамдар жасашыптыр го ал наадандыкты.

Ал эми Кыргыз республикасынын коопсуздук кызматынын архивинен алынган документте момундай жазылган: “1937-жылдын 29-августунда революцияга каршы ишмердүүлүгү үчүн, СССРга каршы көтөрүлүшкө чыгууга үндөгөнү үчүн, Коммунистик партиянын мүчөлөрүн жана бийликтин өкүлдөрүн өлтүрүүгө үндөгөнү үчүн Чункулдеков Абдраим (аты-жөнү ушундай жазылган – Б.А.) камакка алынган” деп жазылат. Мындай жалаа жабууну кантип ойлоп табышкан десең?! Документте андан ары минтип айтылат: “1937-жылы 19-сентябрда Чункулдеков А. Кыргыз ССРинин НКВД сынын үчтүк (тройка) чечими менен атууга өкүм кылынды. 1937-жылдын 10-октябрында атылды. А.Чункулдековдун кай жерге коюлганы белгисиз”.

Алдыга чаап айта кетели: Абдырайым молдоке 1958-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун чечими менен күнөөсүз деп табылып акталган экен.

Эми кайрадан каргашалуу 1937-жылга келели. Ошентип эки милийса Абдырайым молдокени байбичеси Калипа берген көрпөчө менен жаздыгын колтуктатып айдап кеткенде, анын артында төрт уул, үч кызы калат: Кадыр 29 жашта, Кыдыр 24 жашта, Самет 17 жашта, Жаңылкан 16 жашта, Орозо 14 жашта, Урум 11 жашта, Чепче 7 жашта.

Абдырайым молдоке айдалып кеткенде пайгамбар жашындагы адам экен. Ушундан улам логикалык ой жүгүртүп көрөлүчү: өзү пайгамбар жашындагы адам экен, анча-мынча маалыматы бар экен, а кезде СССР деген дүйнөдөгү кубаттуу державага айланып бараткан, анан баарын түшүнүп турган адам, ак дил адам килейген мамлекетти кантип кулатам дейт. Бул бир, экинчиден, жети баласы бар, алды 29 жашта болсо, көкүрөк күчүк уулу Чепче 7 жашта, мына ошолордун тагдырын ойлоп, контрреволюциялык иш жүргүзмөкпү. Үчүнчүдөн, мамлекетти кулатабыз деген бир тобу болуш керек го, эми-эми тамга таанытып, коммунисттик идеяны ар-ар кимдин дилине сиңдирип жаткан убакта кайдагы контрреволюция. Капиталисттик өлкөлөр: Англия, Америка ,Франция, Германия, Япония сыяктуу кубаттуу капиталисттик мамлекеттер биригип жогото албаган СССРди кенедей Кыргызстандын, анын кенедей бир айылынын, дилинде актыктан башка ою жок жараны кантип кулатат?! Колунда мылтык эмес, рагеткеси жок адам дүйнөдөгү эң зор мамлекетти сыйкыр менен кулатат беле?! Ушуларды айтып жатып, соо адам күйүп атып жинди болуп кетчүдөй, ошол кездеги чыңырган чындык менен кошо, тебелендиде калган, кордолгон тагдырлар менен кошо!

Дагы бир кызык факт: 1928-жылы Чокталга өкмөт чалыш кийинген бир-эки кыргыз, эки-үч орус келет да жолго жакын жердеги бир боз үйгө токтошот. Анткени, күүгүм кирип калган кез болчу. Үй ээси байбичеси экөө кыргызчылыктан тайбай, кайдан келдиңер деп сурабай, алдыларына дасторконун кенен жайып, болгон тамагын жайнатат, бир коюн бата сурап мууздап, меймандарын бешбармакка жакшы тойгузат. Меймандар тамак үстүндө өз ара сүйлөшүп, кези менен талаша да кетип жатышат. Үй ээси Абдырайым молдоке эле. Орусча кептин кээ бир жерлерин түшүнгөн болот, булар жөн келбегенин баамдайт. Өздөрүнүнн чоо-жайын кыргыздын бири түшүндүрөт, көрсө булар Чокталдык жети-сегиз адамды “эл душманы” катары айдап кеткени келген немелер тура. Тизменин башында Абдырайым молдоке өзү экен. Ошентип эртең менен топтун чоңу айтат экен: “Сыйыңа ыракмат, сени айдап кетпейбиз, меймандостугуң үчүн калтырабыз” деп. Ошондо Абдырайым молдоке айтат, “мен тигилерден бөлүнүп калбайм, мени да чогуу айдап кеткиле, болбосо баарыбызды калтыргыла” деп. Келгендер бу меймандос, аны менен кошо тайманбас адамга баа берип, эч кимисин айдабай эле кайра кетишиптир. Көрдүңүзбү, бу улуу адамдын кылган иши, бу адамдыктын, ыйыктыктын жыйынтыгы. Башка бирөө болсо ичинен кыпылдап, башы аман калганына сүйүнүп түлөө өткөзүп, кудайына сыйынып жатып калбайт беле. Абдырайым молдоке жөн адам эмес экен го! Кыдыр даарыган деп коюшат эмеспи мындай адамдарды.

Ошол Абдырайы молдоке бала окутуп жүргөн жылдары Чокталга Ували деген бир татар баш пааналап, үй, короо жай куруп отурукташып калат. Анан бир топ жыл өткөндөн кийин кайсы бир себептер менен кетем деп чоң, кичине тамдардан турган турак жайын талкаламай болот, себеби, сатып алган кардары жок, ач көз татар кыргызга бекер таштамакпы. Ошондо Абдырайым молдоке тигинин жолуна тамак-ашын камдап, дагы да башка каражат берип там-ташты сактап калган экен. Ал тамдар көп жыл бою колхоздун сарайы, устаканасы, кампасы болуп кызмат кылат.

Жакшылардан жакшы тукум уланат деген жалган бекен, эмне Абдырайым молдокенин атасы Чүңкүлдөктүн бир туугандары Байтерек, Алакен, Амандык, Атантай, Буурабай, Каптагайдан тукум уланып олтуруп бүгүнкү күнү алардан мыкты азаматтар чыккан.

Тээ 1968-жылы политехникалык институттун студенттерине математика сабагын кыргызча окутам деп бүтүндөй Союзга чуу чыгарып жиберген элинин мыкты уулу, математик окумуштуу Усубакунов, азыркы оппозициянын лидерлеринин бири, кыргызы үчүн баарына кайыл Эмил Каптагаев да ушул бир туугандардын тукумдарынан экен.

Чон атасынын таржымалы менен мени тааныштырган, анын чыныгы турпатын кийинки муун билип калса экен деп чапкылап жүргөн Асан деген небереси болду, анын келинчеги Кымбат болду. Асан Абдырайым молдокенин экинчи уулу Кыдырдан. Өзү шоопурдун, анан ашпозчунун окуусун бүтүптүр. Ал эми билими, бу турмушка реалдуу көз карашы, анализи беш жогорку окууну бүткөндөй бар экен. Азыркы бийликтин кутуруп атканын, оппозиция кыймылынын кемчиликтерин, кыргыздын орус менен, кытай менен, өзбек, казак менен болгон мамилесинин оң-терс жактарын мен-мен деген саясатчыдан кем түшүнбөйбү деп калдым. Кыргыз элим десе түптүз эле жанын берчүдөй, анан ак көңүлдүгүн айт. Атаганат де, ушундай жигиттерибиз аз болуп, кешигибизди кедейлетип жатпайбы, бөтөнчө көл жергесинде, эл-жерин коргой албаган.

Молдокенин Асандан башка да неберелери Урмат, Рахат, Келдибек жана чөбөрөсү – Асандын уулу Мурат менен да маектештим, чоң атасы жөнүндө айткандан тажабай турушту. Ата-бабаларын ыйык тутуп сыйлаган мындай небере-чөбөрөлөр көп болсо деп дагы бир ирет аттиң айтат экенсин, анткени андайлар азайгандан азайып баратпайбы.
Абдырайым молдокедей ыйык адамдарды, албетте, эскерип турушубуз керек. Андай адамдардын ысымын көчөгөбү, же башкасынабы берип койсо, кийинки балдарга үлгү болуп жарашып турары да бар. Эки жыл ферма болуп, эки жүз кой союп, эки бочке арак ичкендердин аттары деле көчөлөргө берилип жатпайбы… Макаланын соңу ушул ой менен аяктады… азырынча.

Баратбай АРАКЕЕВ, Ысык-Көл областы, Чоктал айылы,
“Форум” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 05.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.