ТЕБЕТЕЙЛЕРГЕ КӨРК КОШКОН ГҮЛЗАТ

12-004Ырчы Гүлзат Байзакова чыгармачылыгынан сырткары дагы бир өнөрдү аркалайт. Артисттер сахнага кийип чыкчу тебетейлердин үкүлөрүн өз колу менен көркүнө чыгарат.

– Гүлзат эже, тебетейге үкү жасоо өнөрүн кантип өздөштүрүп алгансыз?
– Силер билбей калдыңар го, биз бала кезде апам кадимки эле чийден куурчак жасап, ага кыргыз көйнөк тигип берчү. Анан топоздун же аттын кылынан чач жасачу. Даяр болгон куурчакка тебетей кийгизип туруп, кичинекей үкү тагып койчу. Ошондо эле апамдан кошо талашып үйрөнүп алгам.

– Бала кезиңизде куурчактарга үкү топу жасаптырсыз, ал эми чоң адамдардыкын качан баштадыңыз?
– Мектептен кийин искусство институтун аяктап, “Камбаркан” тобунда иштеп калдым. Аталган топ менен гастролдо жүргөндө тебетейлерибиздин үкүлөрү сөзсүз сынат же үзүлөт. Кечинде концерт болсо, күндүзү бошпуз. Анан отуруп алып өзүмдүн үкүлөрүмдү, жанымдагы ырчы, бийчи кыздардын баарыныкын оңдоп берем. Алгач кичинемде апам жасаган чий куурчактардын үкүлөрүн элес­тетип алып жасап баштадым. Дал ошол маал Союздун ураган мезгили эле. Көпчүлүк будуң-чаң болуп, керек болсо академиктер базарда отуруп калышпадыбы. Кичи мекеним Көлдө улар, кекилик көп. Ошолорду сатып алып, жүндөрүн жууп, тебетейге тагылчу үкү кылып, базарга алып чыгып сата баштадым.

– Кантип жасайсыз?
– Бир ала куштун же үкүнүн жүнүн 1000 сомго сатып алам. Андан эки тебетейге үкү чыгат. Мага дайыма сатып келчү кардарларым бар. Үкүнүн жүнүн тооктун жүнүндөй ысык сууга салып жулбай, кургак жулат. Антпесе сынып калат. Анан үлбүрөгөн назик жүндөрүн наф­талин менен жууйм. Таза жуубасаң, жүндө үкүнүн эти же майы калып калышы мүмкүн. Анда тебетейге күбө түшүп, кээде сасып да кетет. Жүн кургагандан кийин ар бир талын зымга бирден кошуп, жип менен оройм. Тырмак аябай сынат. Ошон үчүн өстүрбөйм.

– Бир үкүнү 1000 сомго сатып алгандан кийин кайра канчага сатасыз?
– Негизи, ала куштукуна караганда үкүнүн жүндөрү морт болот. Ошондуктан үкүнүкү бир аз арзаныраак. 1000 сомго алынган жүндү кайра 5000 сомдон 8000 сомго чейин сатам.

– Тебетейди да өзүңүз тигесизби?
– Азырынча тебетей тиккенди билбейм. Гуля деген эже тебетей тигет, мен болсо үкүсүн жасайм. Ошентип тебетейди даярдап алгандан кийин ырчыларга сатабыз.
Баса, тебетей кирдегенде кадимки эле жогорку сорттогу ун, айна же шампунь менен жууса болот. Ал эми тебетейди сактоодо атыр самындын сыртын аарчып туруп салып коюу керек.

12-005-1

– Гүлзат эже, өнөрүңүз чынында өзгөчө экен. Өзүңүздөн кийинки жаштарга да үйрөтүүнү унутпаңыз.

Сүйүн Кулматова, star@super.kg, “Супер-инфо”, №383 05-11.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.